Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:23

"Башаламандыкка чакырган эмес, жергиликтүү бийликти сындаган". Талапкердин камалышы суроо жаратты


Болот Дүйшөналиев жана Айтилек Орозбеков. "Азаттыктын" коллажы
Болот Дүйшөналиев жана Айтилек Орозбеков. "Азаттыктын" коллажы

Токтогул шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан талапкер Болот Дүйшөналиев "массалык башаламандыкка чакырган" деп айыпталып кармалды. Буга чейин активист Айтилек Орозбеков камалган. Милиция талапкерге иш козгоого негиз бар деп билдирди.

Болот Дүйшөналиевдин кармалышы

Жалал-Абад облустук милициясы Токтогул шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан “Эркин эл” партиясынын жергиликтүү лидери Болот Дүйшөналиевди 2-ноябрга оогон түнү камакка алганы белгилүү болду.

Дүйшөналиевдин адвокаты Мунарбек Түрковдун билдиришинче, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 31-октябрда Болот Дүйшөналиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-пункту (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция аны Токтогулдан Жалал-Абад шаарына суракка чакырып, “эч жакка чыкпоо” шарты менен коё берип, 2-ноябрга кайрадан суракка чакырган. Ага жетпей 1-ноябрдан 2-ноябрга караган түнү кармаган.

Жалал-Абад шаардык тергөө соту ошол эле күнү анын баш коргоо чарасын карап, 22-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Адвокаттын маалыматына караганда, милиция 9-сентябрда Болот Дүйшөналиевдин социалдык тармактарга тараган алты видеосу боюнча рапорт жазып, 31-октябрда кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөналиевдин камакка алынып жаткан видеосу анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Жалал-Абад облустук милициясы талапкердин кармалышы тууралуу 4-ноябрда маалымат берди. Анда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-пункту (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) боюнча кылмыш иши козголгонун ырастады:

"2024-жылы 11-октябрда Д.Б. социалдык тармактар аркылуу видео кайрылууларында митинг форматындагы массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктар бар экендиги боюнча маалымат алынган. Аталган факты боюнча соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде 2024-жылы 2-ноябрда Д. Б. шектүү катары кармалган".

36 жаштагы Болот Дүйшөналиев буга чейин социалдык тармактарда Токтогул районунун акимин, анын орун басарын жана шаар мэрин сындап чыккан. Нааразылык иретинде онлайн-митинг өткөрүү тууралуу пикирин билдирген.

Мындан тышкары райондогу бала бакча, мектеп, жолго байланышкан бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп жүргөн.

"Башаламандыкка чакыруу деле жок ал видеосунда. Болгону акимди, анын орун басарларына сын-пикирлер айтылган экен. Алты видеону экспертизадан өткөрүп жатат. Анын жыйынтыгы деле сентябрдын аягында, октябрдын башында чыккан. Кылмыш ишин болсо 31-октябрда козгоп жатат", - деди анын адвокаты Мунарбек Түрков.

Болот Дүйшөналиев 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "Эркин Эл" партиясынын тизмеси менен талапкерлигин койгон. Аталган партиянын негиздөөчүсү Мавлян Аскарбеков талапкердин кармалышын саясат менен байланыштырды:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Шайлоого катышып жаткан талапкердин иммунитети бар. Кылмыш ишинин үстүнөн кармалганда гана кармоого болот деп мыйзамда так жазылган. Бирок ошого карабай мыйзамды одоно бузган тырмакчанын ичиндеги журналисттин чыгарган видеосунун негизинде талапкер Болот мырзаны түрмөдө кармап отурушат. Бул, балким, бир адамдын саясий буйрутмасы, жергиликтүү кеңеште шайлоого катышып жаткан оппоненттин аракети деп айткыбыз келет”.

Депутаттыкка талапкердин макамы жазылган “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамда расмий катталган талапкер эгерде кылмыш жасап жаткан жеринен кармалбаса, добуш берүүнүн жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланганга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы, кармалбашы, камакка алынбашы же соттук тартипте чара көрүлбөшү керектиги белгиленген.

Болот Дүйшөналиевдин адвокаты менен тарапташтары укук коргоо кызматкерлери ушул мыйзамды сактабаганын билдиришүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул иш боюнча кабары жок экенин, аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты жок талапкерди кармоо мыйзамга каршы келерин белгиледи:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

"Эгерде кылмыш ишинин үстүнөн сырткары кармалбаса, аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты жок кармай албайт. Талапкер болгондон кийин кол тийбестиги сакталышы керек. Ал боюнча менин кабарым жок экен, жетекчилерден сурап көргүлө", - деди БШКнын мүчөсү.

  • “Азаттык” Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматына кайрылганда, жергиликтүү милиция Дүйшөналиевди кармоо учурунда аймактык шайлоо комиссиясынан уруксат албаганын тактады.

Талапкер Дүйшөналиев камалар алдында Фейсбуктагы баракчасына билдирүү таратып, мунун артында Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов турат деп айыптаган.

"Азаттык" видедо ысымы аталган депутат менен байланышканда, ал Дүйшөналиевдин айткандарын четке какты:

Кундузбек Сулайманов
Кундузбек Сулайманов

“Ким кармап кеткенин, качан кармап кеткенин билбейм дагы. Кечээ балдар айтышты. Мага тескерисинче "жардам берип коюңузчу" деп кайрылып жатышат. Мен аны каматкан жокмун. Экинчиден, мыйзам деген бар да. Үч жылдан бери мен жөнүндө айтып, жазып эле келатат. Жок маалыматтын баарын айтып жүрөт. Мен ага теңелген жокмун. Убактым да жок”.

Жалал-Абад облустук милициясы, Ички иштер министрлиги талапкерди кармоодогу мыйзам бузуу тууралуу маалымат бере элек.

4-ноябрда "Эркин эл" саясий партиясынын Токтогул аймагы боюнча координатору Эрлан Тургунов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, партиянын мүчөлөрү куугунтукка кабылып жатканын билдирди.

Кайрылуу Болот Дүйшөналиевдин Фейсбуктагы баракчасына да жарыяланды. Кайрылуу ээси милиция Болот Дүйшөналиевди кармоо үчүн аймактык шайлоо комиссиясынан уруксат албаганын, партиянын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү чектелип жатканын жазып, президенттен мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотууну суранган.

Соцтармактагы пикири үчүн кармалган Айтилек

Бул акыркы бир апта ичинде социалдык тармактардагы билдирүү үчүн жаран камалган экинчи учур.

Улуттук коопсуздук комитети 1-ноябрда 27 жаштагы активист Айтилек Орозбековду “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренесинин негизинде шек санап кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2025-жылдын 1-январына чейин камакка алганы 4-ноябрда белгилүү болду.

"Буга "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси менен айып коюлуптур. Ал азыркы бийликти жамандап жазган окшойт. Ал күнөөнү мойнуна алган жок, "эч кандай чакырык кылган эмесмин" дейт. Жакынкы күндөрү экспертизага жөнөтүшөт экен, чакырык бар же жокпу аныкталат дешти", - деген маалыматты активисттин адвокаты Исмаил Каримжанов берди.

Өзүн Айтилек Орозбековдун досумун деп тааныштырып, атын ачык айтпоону суранган адам Айтилек TikTok социалдык түйүнүнө жарыялаган видеого байланыштуу кармалганын билдирди.

"Тик Токтогу "Убакыт көрсөтөт" деген каналындагы видеолор үчүн кармалыптыр. Бирок ал каналда азыр видеолор жок экен. Ошол видео жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгону үчүн деп расмий айтышыптыр. Мага ошентип жазып жибериптир адвокат келгенче", - деди ал.

Атайын кызмат Айтилек Орозбековго коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.

Айтилек Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы, кийин “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясынын мүчөсү болгон. Ал Бишкектеги Кыргыз-түрк Анадолу кыздар лицейинде мугалим болуп иштеп жүрүп, ал жактан да кеткенине аз эле болгон. Акыркы кезде жумуш издеп жүргөн.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруу багыты” деп аталган китебинде "бир нече ката бар" деп айтып чыккан.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып келет.

“Азаттык” былтыр декабрда 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган 30га чукул адамдын тизмесин жарыялаган.

Деген менен кыргыз бийлиги кайсы гана саясатчы активист кармалып-камалбасын, анда эч кандай саясий куугунтук жок экенин билдирип келет жана ар бир ишти андагы коюлган айыптар боюнча гана талдоого чакырат.

Президент өзү да интервьюларында Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап турат.

XS
SM
MD
LG