Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

"21 күнгө чейин визасыз жүрө алышат". Кытайлык туристтер үчүн жеңилдик Кыргызстанга эмне берет?


Коллаж
Коллаж

Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизди. Эми так туристтик программасы болгон бештен 25ке чейин кишиден турган топ Кыргызстанга 21 күнгө чейин визасыз келе алат. Өкмөт муну туризмди өнүктүрүү аракети деп түшүндүрдү. Туристтерди ыңгайсыз кылган көйгөйлөр бардыгын айткандар да бар.

Кытайлык туристтерге жеңилдик берүүнүн максаты кандай?

Министрлер кабинети 28-октябрда чыгарган токтомго ылайык, визасыз шартта Кыргызстанга келе турган туристтик топ кеминде беш, 25тен ашпаган кишиден турушу керек.

Алардын туристтик программасы алдын ала бекитилип, кайтуучу авиабилети бар болуусу шарт.

“Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин, туристтерге 21 күн өткөн соң кайра визасыз кирүүгө укук берилет. Кытайдан келген туристтик топтор үчүн визасыз режимдин киргизилиши Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана өз ара пайдалуу негизде экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында.

Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз өкмөтүнүн мындай чечими тууралуу “Кытай – Борбордук Азия” кызматташтык форумунда айткан. Бишкектин мындай кадамы өлкөнүн туризмине оң жыйынтык берерин белгилеген.

  • Бул чечим Кытайдан Кыргызстанга келе турган туристтерге бир топ жеңилдиктерди берет. Анткени азыркы талап боюнча кытайлык жаран АКШнын, Британиянын жана Түндүк Ирландиянын, узак мөөнөттүү Шенген визасы болгон шартта гана жети күнгө чейин визасыз шартта жүрө алат. Бир апта жүрүп чыгып кеткенден 21 күндөн соң кайра эле ушундай шартта Кыргызстанга келүүгө уруксат бар.
  • Ал эми Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат.

"Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мындай чечимдерди кабыл алып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно берүү керек деген пикирде.

“Бишкекпи же башка аймак болобу, бир убакта канча конокту кабыл ала алат? Ошого маани беришибиз керек. Жалпысынан алганда жакшы эле чечим. Мындай өзгөрүүлөрдү пилоттук түрдө иштетип көргөндө абал даана билинет. Бизде туризмге байланышкан негизги маселе инфратүзүмдөрдө – аэропорт, жол, логистика, коопсуздук жана көрсөтүлгөн кызматтар. Бул маселелер чечилбей, жасалып жаткан жарнамалар антирекламага айланып кетпеши керек”, - деди Абакиров.

Кыргызстан менен Кытай кызматташкан туризмден тышкары бир катар экономикалык долбоорлор, алардын башында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу турат. Мындан тышкары Чүй облусундагы 700 гектар жерге Кытай менен биргелешкен соода-логистикалык борбору курулганы жатат.

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов визасыз режимди эки өлкөнүн чоң экономикалык кызматташтыгынын бир бөлүгү катары карап, бул сыяктуу багыттарда алаканы бекемдөө керектигин айтууда.

“Көп аспектинин бири катары визасыз режим боюнча да кошуна өлкө менен алаканы бекемдешибиз керек. Мында соода-экономикалык кызыкчылыктар эске алынышы керек. Казакстан Кытай менен кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып алды. Өзбекстан да чоң долбоорлорду ишке ашырып жатат. Ушундай процесстер жүрүп жатканда биз артта калып кетпешибиз керек”.

Жумагулов Кыргызстанда кытайлык компаниялардын ишине жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгы, айрым долбоорлордун ишке ашуусуна терс маанайы тууралуу сөз кылып, бийлик мындайда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

"Кыргызстанда калып калышат деп чочулагандар бар"

Саясат таануучу Чынара Эсенгул бийлик мындай чечимге удаа эле коомчулуктагы түшүнүктөрдү эске алышы керек деген ойдо.

“Буга чейин кытайлык инвесторлордун катышуусундагы долбоорлор да жергиликтүүлөрдүн нааразылыгын пайда кылган учурлар болгон. Жеңилдиктин арты менен бизге кирип келип, бул жакта калып калышат деп чочулаган жарандар да бар. Бул маселени да унутта калтырбаш керек”.

Чынара Эсенгул айткандай коомдо кытайлык жарандар кайра кетпей коюшу мүмкүн деп кооптонгондор арбын. Мындай пикирлерди социалдык тармактардын колдонуучулары да жазып жатышат.

Өкмөт Кыргызстанга келе турган туристтердин кайра кайта турган авиабилети да болот деп ишендирүүдө. Аны көзөмөлдөө тартиби тууралуу маалымат берген жок.

Кытайдын Кыргызстандагы долбоорлору

2019-жылы Ат-Башы районундагы “Нарын” эркин экономикалык аймагынын жерине кытайлык компаниянын инвестициясы менен логистикалык борбор салына турган болгон. Кийин жергиликтүү жашоочулардын акцияларынан кийин долбоор ишке ашпай калган.

Кыргызстанга 2023-жылы Кыргызстанга 8,5 миллиондой турист келгенин Экономика жана коммерция министрлиги Статистика комитетине таянып билдирген.

Статкомдун башка билдирүүсүнө ылайык, былтыр келген туристтердин 61,4% Өзбекстандан, 27,3% Казакстандан жана 7,3% Орусиядан келгендер. Ал эми Кытайдан келген туристтер 0,8% жеткен.

Кыргызстанга келген туристтерди кабыл алып иштеген ишкер Абдулвахид Мухидинов келген туристтерди нааразы кылган бир катар көйгөйлөрдү санады.

“Туристтик компаниялар кооз жерлерди тартып, жарнамалаганыбыз үчүн алар өлкөгө келгенде ошол жерлерге барышат. Ал жерлерге баруучу жолдун каралбай калганы жана интернеттин жоктугу соңку учурда көп айтылган сындар болуп калды. Мындан тышкары тейлөөчү жайларда тил билген, туристке өзгөчө мамиле кылган адистердин жетишсиздиги да бир көйгөй”, - деди Мухидин уулу.

Кытай Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, 1992-жылдын 5-январында эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. 1992-жылдын май айында Бээжин Бишкекте өзүнүн элчилигин ачкан. 1993-жылдын августунда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжинде негизделип, иштей баштаган.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт.

XS
SM
MD
LG