Адистер кыргызстандык өндүрүшчүлөр чөлкөмдө атаандаштык жагынан алдырып баратканын айтышууда. Эксперттер болсо өкмөттүн ишинде экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү аракеттери начар болуп жатканын белгилеп жатышат.
Тигүү тармагынын активдүү өкүлү Нурзат Алимырзаева Орусиядан кийим-кечеге буйрутма солгундап кеткенин айтат. Ал буга чейин күркүрөп иштеп келген дүң сатыкчылардын соодасы дээрлик токтоп, алар менен иштеген тигүү цехтери четинен жабылып жатканын билдирди:
“Орусиядан буйрутма жок. Биздин аттуу-баштуу “Дордойдо” төрт-беш линиябыз бар эле. Ал жерде дүң сатыкчылар арабасын сүйрөп, кечки саат бешке чейин тынбайт эле. Жок азыр ошолор. Мынаке, мен да цехимди жаптым. Бүгүн жумуш жок, мен үйдө болгону жекече лекала чыгарып отурам. Азыр сиздин алдыңызда эле үч цех иштеткен кыз “менин цехимди группаңызга киргизип, сатыкка коюп бериңиз” деп кайрылды. Группадан сатыкка койдук”.
Ишкер орусиялык буйрутманын көбү Өзбекстанга ооп кеткенин, буга негизги себептердин бири катары кыргыз товарларынын сапаты соңку кездери начарлап калганын белгилейт.
“Сапатты камсыздай албай калдык. Сапатка биз жооп бере албай калдык. Эмне үчүн? Бизде үй тикмечи көбөйүп кетти. Мен ошону ыйлактап чыкканмын “үй тикмечилерди жумушка чыгаргыла, жекече тиккен үй тикмечи деген эч жакта жок, бир гана Кыргызстанда бар” деп. Жекече тиккен менен, эч качан сапатты камсыздай бере албайт, сан жагынан да жеткире албайт. Цех ишкерлерине өтө чоң тартип керек. Булардын бытырандылык менен ачылып кеткен, пайда бербеген цехтерди жабыш керек”.
Экспорт Кыргызстандын тышкы соодасынын 20% жетпеген бөлүгүн түзөт. Калганы импорттон турат. 2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын Орусия, Казакстан, Германия, Түштүк Корея, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери өңдүү бир катар өлкөлөргө экспорту азайып баратканы байкалат. Анын ичинен тышкы соодадагы башкы өнөктөш болгон Орусияга жөнөтүлгөн экспорттун дээрлик 1/4 кыскарган.
Орусияга экспорт эмне үчүн азайды?
Кыргыз экспортунда Орусия эң көп үлүштү ээлегендиктен, анын азайышынын себептери көңүлдү бурат.
2022-жылдан тарта Кыргызстандын Орусияга жеңил өнөр жай, электрондук товарлары, жабдык жана унаа экспорту кескин өскөн болчу. Алардын дээрлик баары башка өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын реэкспорту эле. Эл аралык рыноктон обочолонгон Кремл каатчылыктын башында өзүнө көз каранды өлкөлөрдү "жарыш импортто" кеңири колдонууга өтө кызыкдар болуп жатты.
Батыш өкмөттөрү расмий Бишкекке санкциялык эрежелердин талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөрдү берип келсе, эл аралык эксперттер баскынчы Орусияга көмөктөшүп жатканы үчүн Кыргызстанга кыйыр санкция салууга чакырып жатышты.
2023-жылдын соңунан тарта орус өкмөтүнүн өз базарын коргоого багытталган чечимдери менен Кыргызстандан агылган унаа реэкспорту кескин буулду. Мындан тышкары, Орусия менен тыгыз иштешкен кыргыз банктары эл аралык санкциялардын коркунучу күчөгөндөн улам акча которууларды солгундатты.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы январь-июль айларында Орусияга жөнөтүлгөн товарларынын айрымдары нөлдүк көрсөткүчкө чейин түшүп кеткен. Кескин азайып кеткен товарлардын 30 түрүн талдап көрсөк, анын жарымы жеңил өнөр жай товарлары болуп чыкты. Калганы ар кандай жабдыктар, техникалар жана электрондук товарлар болуп эсептелет.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Орусияга экспорттун азайышындагы эки жагдайды белгилейт. Ал бир жагынан Өзбекстандын атаандаштыгы күчтүү болсо, экинчи жагынан кыргыз өкмөтүнүн саясаты жергиликтүү өндүрүшчүлөргө кыйынчылык жаратып, продукциянын өздүк наркынын өсүшүнө алып барып жатканын айтат:
"Бир жагынан Өзбекстан тараптан атаандаштык катуу болуп атат. Кайсы бир буйрутмалардын баасы Өзбекстанда төмөнүрөөк чыкса, ошол жакка кетип калып атат. Экинчи себеп - ЭТТН, маркировка, ошол эле Орусия тараптан төлөмдөрдүн татаалдашы, мигранттарга карата саясаттын катаалдашы - ошонун баары чогулуп, мурункудай жеңил иштеген шарттарды оорлотуп койду. Мага кайрылгандар көптөн бери ЭТТН маселесин көтөрүп келишет. Анткени "ЭТТН алыш кыйын, эсепчи керек, кичи тигүү цехтери өзүнө эсепчи ала алышпайт. Себеби эсепчинин айлыгы чоң. Экинчиден, соцфонд боюнча көптөгөн көйгөйлөрдү көтөрүп келатышат. Мына азыр орто эсеп менен алганда, Бишкекте орто айлык 35 миң сом деп Экономика министрлиги чыгарып берип атат. Ошондон соцфондду эсептегенде, чоң суммалар чыгып калууда. Кийим тигүү цехтери "бизде реалдуу түрдө анча айлык чыкпайт, соцфонд анча сумманы төлөө биз үчүн оор келип калат" дешет".
Кыргыз өкмөтү Экономика министрлигинин алдында “Кыргыз Экспорт” борборун түзгөн. Ал экспорттук компанияларга эл аралык базарларга продукция алып чыгуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүп, көмөктөшүү милдетин аткарат.
ЖИА ассоциациясынын жетекчиси Аззамбек Жээнбай уулу Орусияга санкция салган өлкөлөрдүн Бишкекке тынымсыз эскертүүлөрү өз таасирин кылып жатканын белгилейт:
“Биздин буга чейинки реэкспорт ошол эле Европанын жана айрым Чыгыш өлкөлөрүнүн Орусияга карата санкцияларына байланыштуу болчу. Армения, Кыргызстан, Казакстан сыяктуу бир топ өлкөлөр Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн реэкспорттоо функциясын аткара баштаган эле. Акыркы учурларда санкция Кыргызстанда да күчүнө кирип атпайбы. Кыргызстан дагы мурдагыга салыштырмалуу санкциянын талаптарын аткара баштады. Ошол эле банктан акча которуу жагын айтса болот. Менин оюмча, ушунун эле таасири болду. Буга чейин жасалып аткан реэкспорт санцияга байланыштуу токтотулду же болбосо кыскарды. Ошонун айынан жалпы көрсөткүч төмөндөдү окшойт. Экономика министрлигинин алдында түзүлгөн "Кыргыз Экспорт" борбору экспорттук мүмкүнчүлүгү бар ишкерлерге араб өлкөлөрүнө, Орусияга, Европа өлкөлөрүнө чыгууга багыттарды жана координациялык жардамдарды бере баштады”.
"Экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү иши начар"
Бул арада көз карандысыз эксперттер Кыргызстандын экспортунун өнүкпөй жатышын өлкөнүн логистикалык саясаты системдүү жолго салынбаган, өтө чаржайыт иш-аракеттерден да көрүшөт. Логистикалык чынжырчанын туруктуу экосистемасы өнүкпөгөн шартта экспортчулар улам бир жагдайга ыңгайлашып, колго тийген товарды гана сунуштоого мажбур болушарын айтышат.
Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев кыргыз экспортунун эки чоң көйгөйү бар экенин айтат. Анын бирөө – айыл-чарба азыктарын ири көлөмдө жана уюшкандыкта экспорттоого түрткү берүүдө турат дейт:
“Фермердик чарбалардын үлүш жерлери аз, бир гектарга жетпейт. Ошондуктан алардын алган түшүмү бытыранды болот. Мисалы, бирөө 20 тонна өндүрөт, бирөө 15 тонна, бүттү. А орустар, кытайлар сыяктуу керектөөчүлөрү чоң көлөмдү сурап атпайбы. Ошол чоң көлөмдү уюштуруш керек. Бизде бар. Бирок аны уюштуруп, топтоп, сорттоп, капташтырып, этикетка чаптаганга уюм жок. Анын баары кошумча нарк. Кошумча баадан аябай көп акча тапса болот. Картошка өзү 10 сом турса, биз 35 сомдон сатабыз, ортосундагынын баары кошумча баалар да. Ошол жерден дыйкандар да байып, турмушу оңолот. Анүчүн эмне кылыш керек? Жерди чоңойтуш керек же фермерлерди кызыктырып, башын бириктириш керек. Жок дегенде бир кызыкчылык – сатуу кызыкчылыгы боюнча биригүү зарыл”.
Муну менен катар, Кыргызстандан экспорттолгон товарларды жеткирүүнү уюштуруу иши бар. Расмий статистикага таянсак, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жүк ташуунун жарымынан көбү автотранспорт менен ишке ашырылат.
Темирбек Шабданалиев Кыргызстандын географиялык шартынан улам жүк ташуудагы автотранспорттун өзгөчө ордуна карабай, өкмөт бул тармакты эл аралык стандарттарга жана рыноктун шарттарына ыңгайлаштырууга аракет жасабай келет деп сындады:
“Бизде автотранспорт - эң негизги унаа. Темир жол да, авиа ташуу да өнүккөн эмес. Бирок ошол автотранспорт жеке тармактын колунда. Эскиче айтканда, бир "камаз", бир шоопур, ошол шоопур өзү директор, өзү кароолчу, өзү сатуу менеджери жана маркетинг саясатын өзү жүргүзөт. Бул акылга сыйбаган көрүнүш. Ошон үчүн биздин шоопурлар бурулушта туруп, буйрутманы албай, банкрот болуп, жумушсуз калып атат. Ушул эле Казакстанда же Өзбекстанда бүтүндөй автобазалар, бүтүндөй автотранспорттук компаниялар бар. Ал жерде механик, техникалык тейлөө, оңдоочулар бар, графиги менен майын алмаштырат. Эң башкысы – ал жерде маркетинг кызматы бар. Алар кызматын аябай сабаттуу, билимдүү деңгээлде сатышат”.
Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, 2022-жылдан тарта Кыргызстандын экспорту кескин өскөн. Бул мезгилде Орусия Украинага кол салып, анын айынан эл аралык санкцияларга кабылган болчу. Бул арада Кыргызстандын Кытайдан жана Европа өлкөлөрүнөн импорту өсүп, аларды Орусияга реэкспорттоо көбөйгөн.
Мындан улам Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Бишкекке байма-бай келип, санкциялык эрежелерди карманууга үндөп кетип жатышат. Эл аралык банк системасы да кыргыз банктарын Орусия менен акча которушууда кылдат болууну эскертип, санкциялык чараларды улам эске салып турат.
2023-жылдан бери АКШ менен Европа өлкөлөрү Кыргызстандык он чакты компанияны санкциялык тизмеге киргизди. Алар Москванын эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүсүнө жардам берип, согуштук максатка да жарай турган товарларды башка базарлардан алып келип, Орусияга реэкспорттоп жаткандыгы негиз болгон.