Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Жазуучу Олжобай Шакир абактан чыкты


Олжобай Шакир эркиндикке чыккандан кийин. 8-октябрь, 2024-жыл.
Олжобай Шакир эркиндикке чыккандан кийин. 8-октябрь, 2024-жыл.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 8-октябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан бошотулду. Мунун алдында Жогорку сот жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.

Бир жыл бир айдан ашык убакыт тергөө абагында отурган Олжобай Шакир бошоп чыккандан кийин журналисттерге комментарий берди:

“Баарына ыраазымын. Мен “Азаттыкка” жазган блогумда да бирөөдөн сөз айттырып жиберген тилектештиктин кереги жок, сот отурумуна келип катышкыла дегем. Менин каршылаштарым кээде сотко келип колумда кишен турса да колумду кысып кетип жатышты. Менин көздөгөнүм ушул болчу. Коомдо тилектештик деген ушинтип артат”, - деди эркиндикке чыккан Олжобай Шакир.

Жогорку сот бул күнү жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.

Анын адвокаттары сот чечимине ылайык жазуучу он күн ичинде абактан чыгышы керектигин билдиришкен.

Адвокат Акмат Алагушев Олжобай Шакир үч жыл боюнча пробациялык көзөмөлдө болорун түшүндүрдү:

“Ал үч жыл бою Пробация департаментине барып турушу керек. Бул убакыт ичинде мыйзам бузбаса, эч кандай чара колдонулбайт”, - деди Алагушев.

Жогорку соттогу отурумда Олжобай Шакирдин туугандары, кесиптештери жана маданият өкүлдөрү катышты. Олжобай Шакирдин агасы Жакшылык Эгембердиев инисинин абактан бошотулушун “акыйкат чечим” катары баалады:

“Биз ушул күндү күткөнбүз, ушундай болоруна ишенгенбиз. Акыйкаттык бар экен. Демек, баары жакшы болот. Силерге, элге рахмат”.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган.

Жазуучу чечимге “адилетсиздик” деп баа берген. Анын адвокаттары эки инстанциянын чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.

Укук коргоочу, жарандык активист Бурул Усманалы Олжобай Шакир толук акталышы керек деп эсептейт.

“Пробация менен чыгаруу - кыйтырлык механизм. Түрмөдөн чыгарып, бирок эркиндигин кайырмакка илип коёт. Абактан чыкканына аябай сүйүнүп жатабыз, анткени үй-бүлөсү дагы жүдөдү. Кыргызстанда мыйзамдар толук иштесе, акталат болчу”, - деди укук коргоочу.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Учурда №1 тергөө абагында кармалып турат.

Прокурор сотто Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт баш аламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган.

2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир камалганда аны бошотуу өтүнүчү менен коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү бийликке кайрылышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-жылы 6-декабрдагы брифингде бул окуя боюнча комментарий берип, “Олжобай Шакир тарбиялык максатында камакка алынганын" айткан.

“Тарбиялык эле болуп жатат. Эч ким Олжобай Шакир менен касташып же артынан түшүп, үй-бүлөсүнөн ажыратып, кылмышкер кылып түрмөгө каматкан жок. Кээ бир учурларда мамлекеттин функциясы болот, коомчулукту өзүнө келтиришибиз керек”, - деген Байсалов.

Олжобай Шакир ким?

Олжобай Шакир деген ат менен таанылган 53 жаштагы Олжобай Эгембердиев камалганга чейин журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да тыгыз кызматташып жүргөн. Бул топто төкмө акын Болот Назаров да иштеп жүрүп, камакка алынган чакта да социалдык тармактардан бийликке карата ачуу сын-пикир жазганы менен белгилүү.

Жазуучу, акын, публицист катары таанымал Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы жеке сайтын негиздеген. Сайт "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктарын уюштуруп, коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.

"Үшкүрүк", "Өзүм менен өзүм" аттуу поэтикалык жыйнактардын; повесть, аңгемелерден турган "Эски тегирмендин орду" жыйнагынын жана тарыхый темада жазылган "Куюн доор" романынын автору. 2021-жылы ЛГБТ чөйрөсүнүн өкүлдөрү кабылган оор тагдырды чагылдырган “Адам+” аттуу повестин чыгарган.

Мындан сырткары калемгер борбордо китеп жарманкелерин да уюштуруп жүрөт. Былтыр февраль айында борбордогу Novotel мейманканасында “Сөздөн ишке” аталышында китеп форум өткөрүп, “Адам укугу – учурдагы кыргыз адабияты”, “Адабий сындын сапатка таасири”, “Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?”, “Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү”, “Адабияттын креативдүү экономикадагы орду” деп аталган талкууларды уюштурган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG