“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып камалган акын жана активист Аскат Жетигенди сот үч жылга абакка кести. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Жарандык коом Аскат Жетигенди актап, камактан бошотууга чакырып келишкен.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп, ал жакта укуктары бузулуп жатканын айтууда. Расмий маалыматка караганда учурда бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат.
Тажикстанда хижабга тыюу салуу тууралуу президент сунуштаган, коомчулукта түрдүү пикир жана каршы маанай жараткан мыйзам колдоо тапты. Эми бийлик "маданиятка жат" деп эсептеген кийимге тыюу салат. Баш ийбегендерди жазалайт.
Кыргызстан социал демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка айыпталган Алга Кылычов 10 жылга абакка кесилди. Чечимди 21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту чыгарды.
Бишкекте 39 жаштагы Айжан Алыкулованын өлүмүн териштирген сот отуруму өтүүдө. Ал быйыл 24-февралга караган түнү баш калаадагы батиринде киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы жаран кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Оштун тургуну 14 жаштагы уулун белгисиз бирөөлөр барымтага алганын, бул боюнча милиция иш козгобой жатканын айтып чыкты.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча 20дан ашуун айыпталуучуну актады. Акталгандар өкүмдү "сот адилеттигинин белгиси" катары сыпатташты. Талаш-талкуу жараткан иш боюнча соттун чечими коомдук саясий абалга кандай таасирин тийгизет?
23 жашында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан Айкыз Калмурза кызынын иши боюнча Кадамжай райондук сотунун өкүмүнө жакындары нааразы. Райондук сот майдын соңунда маркумдун жолдошун 13 жылга эркинен ажыраткан.
Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.
Зордук-зомбулук көрсөткөн киши жаңжал чечилгенге үйдөн кетиши керек. Мындай демилге камтылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары жактырбай, артка жөнөтүштү. Демилгеге каршы чыккан эл өкүлдөрү мындай чаралар кыргыздын салт-санаасына туура келбей турганын жүйө келтирүүдө.
Мындан үч жыл мурда ушул маалда Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды белгисиз жагдайда жоголуп, дайыны табылбай жаткан эле.
Орусиянын Мамлекеттик Думасында диний кийимдерге тыюу салуу боюнча талаш-тартыш уланууда. Бул жолу депутаттар арасында мектептердеги диний кийимдер тууралуу маселе жаралды. Майдын соңунда Орусия өкмөтү никабга тыюу салуу сунушун колдогон эмес.
Дагы жүктөңүз