Чүй облустук соту 15-июлда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирге карата Аламүдүн райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Райондук сот буга чейин аны беш жылга эркинен ажыраткан. Олжобай Шакир өкүмдү “адилетсиз чечим” деп атады.
Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча акталгандардын өкүмүн жокко чыгарууну суранды. Акталгандар айыптоочу тараптын арызын "бийликтин буйругу" катары сыпаттады.
Кыргызстанда 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча талкууларды кайрадан күн тартибине чыгарды. Маркумдун жакындары бул окуя үчүн анын күйөөсүн айыптап жатышат. Милиция окуя иликтенип жатканын билдирсе, укук коргоочулар зомбулук маселесине көңүл бурууга чакырууда.
Орус бийлиги чет элдик мигранттарды өлкөдөн чыгаруунун шартын жеңилдеткен мыйзам сунуштап жатат. Ага ылайык, административдик кодекстин дагы 20 беренеси боюнча мигранттарды Орусиядан чыгарууга жол ачылат.
Бишкекте милиция акча талап кылган өспүрүм инсульт алып, ооруканада жатат. Шектүү катары Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкери камакка алынды.
Бишкектеги №1 тергөө абагындагы журналисттердин камералары тинтилген фактыдан улам Башкы прокуратурага арыз жолдонду.
Акыркы жумаларда Кыргызстандын фемидасы социалдык тармакка жазган пикири үчүн кармалган эки аялды абакта калтырды. Сот алардын жалгыз бой эне экенин эске алган жок. Коомчулукта мындай чечимди сындагандар менен катар эле жоопкерчиликти эске салгандар да болууда.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев "массалык башаламандык" беренеси менен айыпталып, 19-августка чейин камалды. Ал 2-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылган.
Интеллигенция өкүлдөрү кыргыз элинин каада-салтында, түшүнүгүндө жок жосунсуз жоруктар, зомбулуктун түрлөрү жайылып жатканына көңүл буруп, өкмөткө бир катар сунуштарды беришти.
Олжобай Шакир эгемен Кыргызстандын тарыхында абакка кесилген биринчи жазуучулардын бири болуп калды. Ал темир тор артында дагы чыгармачылыгын таштабай, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип, агартуучулук аракетин улантууда.
“Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери менен шек саналып камалган акын жана активист Аскат Жетигенди сот үч жылга абакка кести. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келген. Жарандык коом Аскат Жетигенди актап, камактан бошотууга чакырып келишкен.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп, ал жакта укуктары бузулуп жатканын айтууда. Расмий маалыматка караганда учурда бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат.
Дагы жүктөңүз