Зордук-зомбулук көрсөткөн киши чыр чечилгенге чейин үйдөн кетиши керек болот. Дал ушундай демилге камтылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депуттары жактырбай, артка жөнөтүштү. Демилгеге каршы чыккан депутаттар мындай чаралар кыргыздардын салт-санаасына туура эмес келерин айтыштууда. Ошол эле маалда Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча бир жылдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка 13 миңден ашуун кыз-келин кабылган. Ичинен 180ни өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок Кыргызстандын эл өкүлдөрү салтты жүйө келтирип, чараларды катаалдатууга каршы чыгууда. Эже-сиңдилер берүүсүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча киргизилип жаткан жаңы мыйзам долбоору парламентарийлерге эмнеси менен жакпай калганы, анын ичинде кандай жазалар камтылганы, ошондой эле салтты бекем карманган коомдо эмнеге зомбулук күч алып жатканы талкууланат.
Үй-бүлөдөгү зомбулук: салт, мыйзам жана укук
Чыгарылыштар
-
Май 18, 2024
Мыкты спортчуларды тарбиялаган апалар
-
Май 11, 2024
Маркетплейс: базардан интернетке көчкөн соодагерлер
Facebook шеринеси