Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

"Уулу жетим калды". Зомбулуктан ажал тапкан Айжан


Маркум Айжан Алыкулова жана Коллаж.
Маркум Айжан Алыкулова жана Коллаж.

Бишкекте 39 жаштагы Айжан Алыкулованын өлүмүн териштирген сот отуруму өтүүдө. Ал быйыл 24-февралга караган түнү баш калаадагы батиринде киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы жаран кармалып, учурда тергөө абагында отурат.

“Акыркы жылдары Германияда, Белгияда котормочу болуп иштеп жүрдү. Өз алдынча жашап, бутуна туруп, батир сатып алган. Ошол батирге киргенине эки жыл толуп-толбой, үйүндө мыкаачынын колунан каза болуп отурат”.

Роза Жекшенова мындан дээрлик төрт ай мурда өз үйүндө киши колдуу болгон кызынын өлүмүн териштирген соттон адилет чечим күтөт. Анын кызы Айжан Алыкулова быйыл 24-февралга караган түнү Бишкектин Ахунбаев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдө каза болгон.

Айжандын өлүмүнө аны менен жарандык никеде турган 34 жаштагы Кирилл Дамиров шек саналууда.

“Аны менен жакындашканына эки айдай болуптур. Байкап көрөйүн деген максатта үйүнө киргизип алган экен. Кийин ортосунда кандай чыр болгонун деле байкабай калдык. Дамиров деген кызымдын үйүнө кирип алып, керек болсо кийимдеринен бери кызыма саттырып алган. "Мага автоунаа да сатып бересиң" деп опуза кылыптыр. Кызымдын банкта, кредиттик картасында акчасы бар болчу. Алтындарын, оокат-жайын саттырам деген арам оюн ишке ашырыптыр”, - дейт Айжандын апасы Роза Жекшенова.

Айжан 1984-жылы туулган, 13 жаштагы уулу жетим калды. Апасынын айтымында, ал жакында уулун алып, Европага кетүүнү көздөп жүргөн.

Айжанды өлтүрүүгө шек саналган Дамиров окуя болгондон эртеси күнү эле кармалып, учурда №1 тергөө абагында камакта жатат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунун ("Адамды мыкаачылык менен өлтүрүү") негизинде айып коюлууда.

Жабырлануучунун адвокаты Такен Молдокулов бул иште аныктала элек жагдайлар барын айтты:

“Азырынча сот башталбай жатып бир нерсе деш кыйын. Бул жерде тергөөдө аныктала элек жагдайлар бар экени ачык эле көрүнүп турат, муну сотто айтып далилдегенге аракет кылабыз. Себеби үйүнөн алтын буюмдар жоголгон, батирдеги эмеректер талкаланган. Ошондуктан кылмыш ишине дагы жок дегенде үч берене кошулушу керек эле, ал кошулбай калыптыр”.

Сотто прокуратуранын өкүлү тергөөнүн версиясы менен тааныштырды:

"23-февралда күн бою батирде болуп, спирт ичимдиктерин ичишкен жана марихуана (маңзат) колдонушкан. Кирилл Дамиров кайым айтыштан кийин кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу үчүн Алыкулованын абалынан пайдаланып, аны сабай баштаган. Ал жабырлануучунун башына оор залал келтирген, жүзүнө бир канча жолу муштаган. Кийин дубалга такап, муунтууга өткөн. Андан соң жабырлануучуну чачынан сүйрөгөн. Ал каршылык көрсөткөндө, сол кабыргасына катуу урган. Алыкулованы тепкенде, ал чалкасынан кулап түшкөн. Мындан кийин ага эч кандай жардам көрсөтпөй, эртеси күнү 24-февралдын таңында жабырлануучуну ваннага жаткырып коюп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен”.

39 жаштагы келиндин сөөгүн анын батирине келген “Тез жардамдын” кызматкери көргөн. Прокуратура тергөө маалында жүргүзүлгөн экспертизанын маалыматына таянып, жабырлануучунун өлүмүнө башынан алган оор жараат себеп болгонун билдирди.

Сот отурумунун жүрүшүндө шектүү Дамиров коюлган айыпты жарым-жартылай мойнуна аларын билдирип, “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.

Кылмышка шектүүнүн жактоочусу суроолорубузга кийин жооп берерин айтты. Кийинки сот отуруму 3-июлга белгиленди.

Аягы өлүм жана оор жараат менен аяктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары Кыргызстанда утур-утур катталып турат. Быйыл 4-апрелге караган түнү Бишкекте Рахима Айкынбаева күйөөсүнүн колунан каза болгон. 34 жаштагы келиндин артында үч баласы жетим калды. Анын өлүмүнө шек саналып кармалган күйөөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал тергөө абагында жатат.

Рахиманын өлүмүнүн жагдайларын териштирген соттук отурум 20-июнда уланды. Анда айыпталуучунун адвокаты аны үй камагына чыгарууну өтүнүп, сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Кийинки отурум 29-июнга белгиленип, жараянда жарыш сөз башталары маалым болду.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн кескин сындап, коңгуроо кагууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, өлкөдө жыл башынан бери эки айда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2523 фактысы катталган. Мунун ичинен 70 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Анын ичинде эки иш Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен, төрт иш аталган кодекстин 130-беренеси ("Саламаттыгына оор залал келтирүү"), экөө 131-беренеси ("Саламаттыгына анча оор эмес залал келтирүү"), 12 иш 154-берене ("Зордуктоо") жана башка беренелер менен козголгон. Булардын ичинен 32 иш сотко жөнөтүлүп, 25 иш өндүрүштөн кыскартылган, учурда өндүрүштө 13 кылмыш иши бар.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча эки айда 2247 адамга, анын ичинен 2086 аялга, 112 эркекке жана 49 балага коргоо ордери берилген. Бузуулар кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен 764 протокол түзүлүп, 727 протокол сотко жиберилген. Айыпталган 204 адам сот чечими менен административдик иштерге тартылса, 396 адам камакка алынган. Бузуулар кодексинин 71-беренеси (Ордердин шарттарын аткарбоо) боюнча алты протокол түзүлгөнү кабарланды.

Былтыр 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп экени айтылган. 2021-2022-жылдары өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон.

2017-жылы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 177-беренесине ылайык, кылмыш кылган адам эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок депутаттар бул чаралар жетишсиз экенин белгилеп, мыйзамдарды толуктоону сунуштап жатышат.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун 2023-жыл үчүн даярдаган отчётунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG