Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:27

"Мектепте хижаб кийбесин". Мамдумадагы кайым айтыш


Орусиянын Мамлекеттик Думасында диний кийимдерге тыюу салуу боюнча талаш-тартыш уланууда. Бул жолу депутаттар арасында мектептердеги диний кийимдер тууралуу маселе жаралды. Майдын соңунда Орусия өкмөтү никабга тыюу салуу сунушун колдогон эмес.

"Элдин суук мамилесин сеземин"

Айжаркын Орусияга иштегени мындан бир ай мурда келген. Ал азыр кафеде ашпозчу.

"Кесиптештерим адеп таанышканда эле "тажиксиңби?" деп сурашты. Башымдагы жоолугуман улам ушундай тыянакка келишкен окшойт. Бир ай ичинде хижаб кийип жүргөнүм үчүн ар кандай мамилеге кабылып жатам. Жердештерим Москвада болгон теракттан кийин ушундай болуп калды деп түшүндүрүштү. Бирок буйрутма жеткирип барганда кардарлардын, кээде ашканада деле кесиптештеримдин көз караштарынан байкайм. Чынын айтсам аябай кыйналып кеттим".

Айжаркын соңку учурда Орусияда талкууланып жаткан диний кийимдерди кийүүгө тыюу салуу демилгеси менен анча жакшы тааныш эмес. Ал интернетте гана айрым пикирлерди окуганын айтуула. Бирок бул мыйзам боюнча өз чечимин эбак чыгарып койгон.

"Эгер менин жоолугумду чечтиришсе, Кыргызстанга дароо кайтам. Анткени мусулманчылыкта хижаб кийүү менин парзым. Бул менин укугум. Кудайдын айтканына, анын алдында милдетиме баш ийишим керек. Орусияга баарыбыз эле иштегени келдик. Бирок, мигранттарга болгон ушундай мамилени кабыл алыш оор экен".

Орусиянын Мамлекеттик Думасында диний кийимдерге тыюу салуу тууралуу талаш-тартыш бир аптадан бери уланууда. Бул жолу депутаттар арасында мектептердеги диний кийимдерге байланыштуу талаш жаралды.

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун "оң колу" аталып келген Думанын депутаты Адам Делимханов орус мектептеринде диний кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сынга алды.

Ал өзүнүн Telegram каналында Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владислав Даванковго жооп катары салттуу диний баалуулуктар тууралуу айткан. Эл өкүлү мусулман аялдар гана эмес, православ аялдары да баштарын жабуу керектигин эске салды.

"Мындай демилгеси менен Даванков аялуу темалардын бирин эч кандай соттук териштирүүсүз көтөрүп, коомубузду бөлүп-жарууда. Мен Даванковго никаб менен хижабдын айырмасын тактап бергим келет. Никаб - бул аялдын жүзүн толук жапкан кийим. Ал эми хижаб жүздү жаппайт. Никабды биз өзүбүз жактырбайбыз, бирок хижабга келсек, бул мусулман аялдын диний талабы. Эгерде Даванков кимдир-бирөөнүн талаптарын аткарууга тыюу салгысы келсе, бул Орусиянын дин тутуу эркиндигин кепилдеген Конституциясына түздөн-түз каршы келет".

Майдын аягында Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владислав Даванков мектептерде жана коомдук жайларда аялдардын бети жарым-жартылай же толугу менен жабылган никаб, хижаб жана башка диний кийимдерди кийүүгө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун киргизди. Бирок орус өкмөтү бул сунушту колдогон эмес.

Владислав Даванков да Телеграмдагы баракчасында чечен депутатынын сынына жооп берди.

Владислав Даванков.
Владислав Даванков.

"Мен бардык динди сыйлайм. Бирок ата-энелер балдары окуган мектептерде кайсы бир чектөөлөр болушу керек деп эсептесе, ал аткарылышы керек. Бул тууралуу мен эмес, Жогорку сот өзү айтууда. Жогорку сот 2015-жылы эле Адам Делимханов жазган диний кийимдерди, анын ичинде хижабды кийүүгө мектеп администрациясынын тыюу салганы биздин мыйзамдарга туура келет деп чечим чыгарган. Дагы бир жолу баса белгилей кетейин, бул Жогорку соттун позициясы".

Деген менен орус өкмөтү аялдардын никабчан жүрүүсүнө жана кийимдеги башка да диний белгилерге тыюу салуунун зарылдыгы жок деп эсептейт.

"Мыйзамда динге болгон мамилесине байланыштуу адамга артыкчылык берүү, чектөө же басмырлоонун башка да формаларын көрсөтүүгө жол берилбейт. Андыктан диний кийим кийүүгө чектөө киргизилсе адам укугу жана жарандын абийир, дин тутуу эркиндиги бузулушу мүмкүн", - деп айтылды өкмөттүн Мамдуманын депутаттарынын суроосуна 27-майда жолдогон расмий жообунда.

Буга чейин хижабга байланышкан маселелер орусиялык басылмаларда утур-утур чагылдырылып келген. Айрыкча жоолукчан студенттер менен окуучу кыздардын окуу жайларына кирүүгө тыюу салган жаңылыктар чыккан. Ал тургай чектөөлөр мусулмандар жыш жашаган Түштүк жана Түндүк Кавказда да байкалган. Орусиянын ири шаарларында да жоолукчан кыз-келиндерге ксенофобиялык мүнөздөгү сын байма-бай айтылып келет.

Ошол эле кезде мындай чектөө жана талкуулар борборазиялык мигранттарга кандай таасирин тийгизет деген суроо жаралды. "Азаттык" Москвада диний кийим, хижаб саткан кыргызстандык аял менен байланышты.

"Мен ушул дүкөндү ачканда гана мигранттар арасында хижаб кийгендер канчалык көп экенин билдим. Бирок биз мигранттарга эле эмес, башкаларга да сатабыз. Биздин кардарлардын улуту ар кандай. Азыркы талкуулардын жыйынтыгы кандай болот, билбейм".

Ал эми "Умма" журналынын жетекчиси Элиана Сатарова диний кийимдерге байланыштуу талкууга мындай көз карашта.

Элиана Сатарова.
Элиана Сатарова.

"Бул жерде маселе хижаб же никаб тууралуубу тактап алыш керек. Мен Орусиянын көп эле аймактары, ошол эле Чеченстанда да болгом. Орусияда хижаб кийген кыз-келиндер абдан көп. Соңку жылдары аларга болгон мамиле да кыйла жумшарган. Ошондон улам бул талкуулар биздин кыздарга кандай таасирин тийгизери түшүнүксүз. Бирок мындай чектөө адам укугун туздөн түз бузат".

Буга чейин 20-майда, өлкөдөгү Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштаган.

Ал "Парламент гезити" басылмасына курган маегинде, бул маселени Орусиядагы мусулман дин башкармалыгы жана аймак губернаторлору менен талкуулоону көздөп жатканын кошумчалаган.

Фадеев никабга Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде тыюу салынганын айтып, бирок ал кайсы өлкө экенин тактаган эмес.

Былтыр күзүндө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.

Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.

Өткөн аптада Тажикстандын парламенти мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салды. Мыйзамдын жаңы редакциясында эрежени бузгандарга 65 миң сомониге чейин айыппул салынары жазылган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG