Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

"80 миң сом талап кылды". Баласы барымтага алынган эненин ыйы


Нурхан Сулайманова
Нурхан Сулайманова

Оштун тургуну 14 жаштагы уулун белгисиз бирөөлөр барымтага алганын, бул боюнча милиция иш козгобой жатканын айтып чыкты.

Нурхан Сулайманованын 14 жаштагы окуучу уулун 14-июнда экзамен тапшыргандан кийин белгисиз аял эки адам менен келип, алып кеткен. Эненин айтымында, алар баланы бошотуу үчүн 80 миң сом талап кылган.

Сулайманова уулу төрт сааттан ашык алардын колунда болгонун, өспүрүм бала окуядан кийин коркуп калганын айтты.

"Мага саат ондордон өтүп кабар келди. Баламдын сүрөтүн жиберди. "Акчаны таап кел, анан баланы аласың" дешти. Алар "жолдошуң мага 80 миң сом карыз" деди. Менин жолдошум каза тапкан, үч баланы өзүм тарбиялап жатам. Алар мага "акчаны онлайн котор" деди. Мен кыжаалат болуп мектебине бардым. Агайына чалсам, "экзамен тапшырып кеткен" деди. Анан милицияга кабар бердим. Дарегин айтпай жатып араң айтты. Саат 4:30дарда бала колубузга тийди. Уулум коркуп калган экен", - деди Сулайманова.

Нурхан Сулайманова окуя болгондон бери беш күн өтсө да милиция чара көрбөй жатат деди. Мындан сырткары шаардык прокуратурага ишти жакшы көзөмөлдөбөй жатканына нааразы болду.

Сулайманова каза тапкан жолдошу эмес, кайсы бир тууганы карыз экенин, бирок ал ишке тиешеси жоктугун айтты:

"Мен аларды тааныбайм. Кайсыл бир тууганым карыз имиш, анын да чын-жалганын билбейм. Мен бирөөдөн карыз алган эмесмин. Ош шаарынын прокурорунун орун басарына кирдим. "Балаңызды экспертизадан өткөрөбүз, таза болсо кандай кылмыш ишин козгойбуз?" дейт. Азыркы учурда кылмыш ишин да козгой элек экен".

Ош шаардык милициясында учурда бул иш адам уурдоо катары катталып, бирок кылмыш иши козголо элек. Анын себептерин шаардык милиция тиешелүү экспертизалар дайындалганы менен түшүндүрүүдө.

Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу көп жагдайлар ачык айтылбай турганын белгиледи.

Замир Сыдыков Ош ШИИБнын маалымат катчысы
Замир Сыдыков Ош ШИИБнын маалымат катчысы

"Учурда бул иш боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгында ар тараптуу текшерүү иштери жүрүп жатат. Ошол окуяга катышы барлар жана баланын апасы көрсөтмө берди. Ошол учурдагы сүрөт, видео материалдар дагы тергөөгө алынды. Бул иш боюнча учурда териштирүү жүрүп жатат, жыйынтык чыга элек", - деди Замир Сыдыков.

Окуяга байланыштуу кылмышка шек саналып жаткан тараптын жакындары же жактоочусу маалымат бере элек. Милициянын маалыматында окуяга шектүүлөр бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылууда.

"Азаттыктын" кабарчысы жабырлануучу "акча талап кылды" деп айыптаган экинчи тарапка байланышууга аракет кылып, телефон чалганда өчүк болуп чыкты. Алардын сөзүн угуу үчүн микрофон сунууга даяр экенибизди эскертебиз.

Юрист Нурлан Капаров жашы жете элек балдарды барымтага алуу же уурдоо аракети оор кылмыштардын катарына кире турганын айтып, жашы жете элек баланы чоңдордун ортосундагы аласа-бересеге аралаштырууну жапайычылык катары баалап жатат:

"Бул аракетти жапайы көрүнүш деп айтса болот. Айрыкча жаш балдарды барымтага алганы такыр туура эмес. Атасы баласы үчүн, баласы атасы үчүн жооп бербейт да. Баланы кармап анан карыз акчасын өндүрөт деген болбойт. Бул мыйзамга каршы аракет. Бул аракеттер үчүн катуу чара көрүп, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Кээ бирөөлөр үчүн сабак боло тургандай чара көрүлүшү керек. Балдардын укугу корголууга тийиш".

Өспүрүм балдарга карата жасалган кылмыштар бул убакка чейин да бир канча жолу орун алган. Анын себептери катары өлкөдөгү экономикалык, социалдык абал, миграция маселеси айтылып келет.

Башкы прокуратура январь айында жыл жыйынтыгы туралуу маалымат берип, 2023-жылы балдарга карата 1 832 кылмыш катталганын билдирген. Бул көрсөткүч 2022-жылга карата 123 көп экени белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG