Сымбат Максутованын «Армандуу махабат» үчилтигинде ар кыл тагдырлар, бири экинчисине окшобогон, кайгы менен кубанычы аралаш окуялар сүрөттөлгөн. Булардын баарын бириктирип турган башкы идея адам ууз сезимине чыккынчылык кылбай, махабатын кирсиз таза сакташы керектиги ырасталган.
Котормочу, адабий сынчы, акын, публицист, коомдук ишмер Аман Токтогулов - аз өмүр сүрүп, бирок, кыргыз адабиятына омоктуу кызмат өтөп кеткен көп кырдуу талант. Ал кыргыз адабиятынын астанасын 22 жашында аттап, 47 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн. Көзү тирүү болгондо быйыл жайда 80 жашка чыкмак.
Быйылтан тартып Кыргызстанда бардык мектептерде окуучулар кийинки класска көчкөндө кыргыз тилинен экзамен тапшырууга милдеттүү болот. Экзамен лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу боюнча өтөт. Класстан класска көчүрүү экзамени кандай өтөт, шарттары кандай болот?
Акын жана публицист Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеп” аталышындагы жаңы эмгеги жарыкка чыкты. Бул жыйнакта анын кыргыз адабиятындагы жана публицистикасындагы бир катар авторлордун эмгеги тууралуу адабий талдоосу, ой толгоолору камтылган.
Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травманын салдары жана кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.
Президент Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Соңку айда Орусия Покровскиге дрон чабуулдарын күчөттү. Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан алынып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат.
Бишкектеги цирктин жамаатынын бир бөлүгү Светлана Ашированын кайрадан директор болуп дайындалышына каршы болууда. Маданият министрлиги Ашированы өткөн жумада жумуштан алып, беш күн өтпөй бул чечимин жокко чыгарды. Аширова өзүнүн айланасындагы окуяларды "каралоо" деп баалайт.
Туура бир жыл мурун белгилүү жазуучу Мирзохалим Каримов менен коштоштук эле. Өмүрүнүн соӊку мезгилинде оор кеселге чалдыкканын укканда, “Азаттыктын” балдары жашаган жерине барып, темир кепедеги турмушун чагылдырган эле, жазуучунун акыркы сөздөрүн элге жеткирген болчу.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында фолк-хистори тууралуу сөз кылабыз. Соңку мезгилде интернет булактарында тарых боюнча ар кандай талаш жараткан макалалар чыгып келатат. Тарыхты бурмалоонун артында кимдер турат? Фолк-хистори кимге керек? Эмнеге тарых бурмаланат?
Дагы жүктөңүз