Кечки радио эфир | 23.03.2025 | Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалды
Түркияда сот Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алууга санкция берди. Түрк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Экрем Имамоглуну ишемби күнү беш сааттай суракка алышкан. Жума күнү ушундай эле сурак төрт саатка созулган. Мэр тыюу салынган Күрд жумушчу партиясын колдогонун жана коррупцияга байланыштуу айыптын баарын четке каккан. Мындан кийин сот болуп, прокуратура аны жана ондогон шектүүнү камакка алууну суранган.
Шерине