Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:27

Араб жигиттин армандуу махабаты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Сымбат Максутованын «Армандуу махабат» үчилтигинде ар кыл тагдырлар, бири экинчисине окшобогон, кайгы менен кубанычы аралаш окуялар сүрөттөлгөн.   Булардын баарын бириктирип турган башкы идея адам ууз сезимине чыккынчылык кылбай, махабатын кирсиз таза сакташы керектиги ырасталган.

Сымбат Максутова
Сымбат Максутова

Автор үч түрдүү тагдыр аркылуу алоо сезим жалыны адамдыгын сактап калгандардын улуулугун даңктаган. Сүйүүсүн чоочун жерден кандай тапса ошондой жоготуп алган арабдын арманы, махабатын таза сактай албай, арзып алган жарын майып кылып койгон жигиттин бул жалганды таштап кетиши, ортодо мезгил, жашоо деген опол тоо тоскоолдук туруп калса да баарына кайыл болуп балалык ууз сезимин кайтарып алган эки дарыгердин батылдыгы кызыктуу баяндалган.

Турмуш татаал, тагдырлар чиеш, адам ыйык сезимин дайым эле сактай албайт, андайга мыктынын мыктысы гана жарайт.

Ак мөңгү тоолор, араб жигиттин баяны

Алыскы Катардан Кыргызстанга келген ишкер жигитти бул жердин таза абасы, жеринин кооздугу, анан да адамдарынын ачыктыгы жакты. Алыс жолго чыгарда бир топ кабатыр болгон, билбеген жер, белгисиз өлкө. Катардагыдай ысык эмес, жайы салкын, кышы жылуу, баарынан да кышы-жайы башынан ак мөңгү кетпеген тоолору, шаркырап аккан суулары, жээкке толкуну шарпылдап уруп турган туптунук көлдөрү – баары жакты. Көк кашка тунук суулардын ээн-жайкын агып жатышы, көк майсаң чөптү, гүл каптаган адырларды көрүп таң кала берчү, капырай ушундай да кооз жер болобу?!

Жолго чыгарда кандай жер болду экен деп кыйла камтама болду эле, анысы учактан түшөр замат жок болду. Мээ кайнаткан ысыгы жок, коңур салкын жер. Ысыктан тажаган жаны мэлүүндүктү сагынып калган окшойт, шаар четиндеги тоого барганда жаны жыргап, бийик чокуларга, капчыгайды тең жарып шаркырап аккан сууга кадалып, төөнүн чуудасындай аппак булуттары каалгыган туптунук көк асманды карап, сулуулукка деле тойбой койду.

Ишине байланыштуу Кыргызстандын бир топ жерин кыдырды, Талас менен Ысык-Көлдү көрдү, Оштогу Сулайман тоодо болду, бийик тоолуу Нарынга суктанды, Соң-Көлдө суу жээктей басып, Таш-Рабатка барып келди. Жер көрүү, эл менен иштөө аны дагы шыктантып, ажайып дүйнөгө сугу артып жүргөндө ашыктык ооруга жолугуп Катарына армандуу кетери агезде оюна келбептир. Тагдыр деген ошондой омаалуу-төкмөлүү тура.

Буга чейин ак жоолукчанга көңүл буруп кадалып карабаптыр, капырай. Мунун жеринде антиш маданиятсыздыктын белгиси. Бети-башы чүмкөлгөн ак жоолукчандар журтунун тагдырын ата-энеси, жакындары чечип, өз жолун өзү чаап алгандар жокко эсе болчу. Ашыктык дегенин айтпай-дебей капыс келет экен.

«Эртең менен үйүнөн чыгып баратып, машинасын ачып жаткан кыз менен көзү капыстан чагылышып кетти. Бир көз ирмем, бир эле секундалык көз караш анын бутун тушап, жүрөгүн өрөпкүтүп жиберди. Кыз антип жигиттин жүрөгүнө чок ыргытып жибергенин байкабай, текебердене рулга отурду да, машинасын зуулдата айдап кетип калды. Мухаммед жолдун чекесине бир аз токтой калды да кыздын жүзүн эстегенге аракет кылды. Бою узун, бийик така кийген, чачы да узун, көзү бакырайган, жүзү аппак, көйнөгү кыска, гүлдүү. Бир жылдан ашык ушул үйгө кирип-чыкканы менен эки жагын карап, токтоп койгон эмес экен эми ойлосо. Нараакта бирөө ит, бирөө бала жетелеп жүрөт. Өзү турган жер сонун, бактардын көлөкөлүү жери экен. Ошол жер дароо ага ыйык сезилип кетти. Эки жагын, машинанын жүрүп кеткен жолун, үйлөрдү карап жатып, балкондон бир аялдын турганын көрө уялып кетти да жолуна түштү.

Эми ал кызды кайра көрөмбү, көрбөймүнбү деген сарсанаага батты. Эртеси кыз көрүнгөн жок. «Биротоло жоготтумбу?» деген ой күн сайын кайгыга сала баштады. Жумушундагылар муну байкабай коё алган жок. Дайыма шайыр, калың кашын көтөрүп сүйлөгөн, кара чачтуу, кара муруттуу, көзү жалжылдаган сулуу жигиттин ичинде эмне болуп атканы сыртына бажырайып чыгып турчу».

Бирге иштегендер катарлыктын өзгөрө түшкөнүн байкашты, аларга бейтааныш кызды сүйүп калдым деп айтмак беле. Анын үстүнө арабдын жүрөгүнө чок салган бейтааныш кыздын аты-жөнүн билбейт. Сыртынан эле ашык болуп, ойлоно берип санаакор болуп кетти. Эшик алдында туруп же балконго чыгып бейтаанышты издечү болгон, бейтааныш жерде бейтааныш бирөөнү акмалап жүрүп, акыры бир күнү бийкечти көрүп калды. Сүйүнгөнүн айтпа, кантип «сулуу кыз» деп ак уруп артынан ээрчип алганын өзү да сезбей, уят-сыйытты жыйыштырып таңданган кыздын атын сурап, таанышып алгысы келгенин билдирди. Кыздын аты Айдана экен, бул жерге таежесиникине келгенин айтып жалдыраган бейтаанышка көңүл бурбай кетүүгө кам урду. Ошол эле жетти, Айдана, Айдана кыз, кандай ачык, жаракөр, сулуу жансың!

«Мухаммед бул жолугушууга кубанып, чексиз бакытка жуурулуп турду. Анын жумушу алыс эмес болчу. Жолду катар кыз баскан жер, ал жуткан аба, ал ичкен суу, ал жашаган шаар ыйыктын ыйыгындай сезилип, кыз кучагына баткан дүйнөнүн баары ага махабатындай көрүндү. Ал тургай бул жердин чаңы да жыттуу, кымбат сезилди.

Араб өлкөлөрү абдан ысык. Кышты, карды да Кыргызстандан биринчи жолу көрдү. Кышты адегенде кышында эмес, жай мезгилинде Соң-Көлдөн көргөн. Жапжашыл чөптүн үстүнө мөндүр аралашкан кар жааган. Таң калганын айтпа ошондо. Кайсы мезгил болсо да Кыргызстандан кышты көрүүгө болот. Жай күнү күн катуу ысып жатканда алыскы мөңгү баскан тоону карасаң кышты көрөсүң.

Кардай аппак, кыштай таза жан дүйнөсү табиятка жуурулуш адамдарда болот турбайбы деди бир ою. Бул жерде кыздар ачык-айрым, кысынып-тартынбай жүрүшөт. Мусулман өлкөсү болгону менен европалыктарга абдан окшош. Мухаммед кыздын тартынбаган мүнөзүн, сүйкүмдүү күлгөнүн эстеп келатып ушуларды ойлоду.

Жумушуна баратып да, келатып да таежеси кайсы батирде жашайт болду экен, кыз алдынан чыга калабы деп акмалап, күтө берчү болду. Ошондон кийин чын эле бир жума өтүп кайра кезигишти. Кыз аны эң жакын таанышындай, аны да күтүп сагынып жүргөн адамдай күтүп туруптур. Мухаммед жумуштан келаткан».

Мухаммеддин сүйлөшүп отуруу сунушун четке какпай сулуу кыз тартынбай эле үйүнө кирди, чай үстүндө жакында күйөөгө чыгарын, тою болорун айтты. Анысы бир айдан кийин өтүп, андан соң күйөөсү экөө жер кыдырып кетишет экен. Мухаммеддин ичи өрт-жалынга чулганып, биринчи ирет сүйүүсүн арнаган сулуунун күйөөгө чыгарын уккандан кийин өзүнчө калганда ыйлады. Айдана деген кыз айдан түшүп келип байкушту үмүткөр кылып кайра айга чыгып кеткендей ичи коңултуктап, өзүн жалгыз сезип, үшкүрүп отуруп калды.

Мындан ары бул жерде калууга болбойт эле. Мухаммед кесиптештеринин айтканына көнбөй, бир аптадан кийин келишимин токтотуп Катарга учуп кетти. Ичин эзген бугу учакка батпай, алоолонгон ысыкка армандуу сезими кошул-ташыл болуп, кыйлага өзүнө келе албай буулугуп жүрдү. Айданага таарындыбы же кеч кездештирген тагдырына нааразы болдубу – аны өзү да түшүнбөдү, мунусу арман болуп эстеген сайын ичин эзилтчү санаа болуп кала берет окшоду.

Сууган көңүл

Махабат, арзуу турмуш жолуна түшкөндө дайым эле оңунан чыга бербестигин Батманын тагдыр жолу ырастады. Арзып тапкан жарынын кызыл муштумдугунан тажап башка жерге келе берсе артынан издеп таап келиптир. Аялынын биротоло ажырашууга бел байлап алганына көзү жеткенден кийин тигиниси өз жанын өзү кыйып алып отурбайбы.

«Ошол маалда Батманын муздай каткан жүрөгү титиреп, нес болуп каткан боюнча калды. Аңгыча тырс эткен дабыштан «балдар ойгонуп кетсе эмне болот, атасынын ушул асылып турган кебетеси түбөлүк эсинде калып кыйналышат го» деген ой башына орной калды да, күйөөсүнүн эчак муздап калган сөөгүн түшүрүүгө далбас уруп кирди. Мойнундагы жипти кантип чече алмак, анан ал чоң кара бычакты алып келип шарт кесип жиберди. Асылып турган өлүк «талп» деп жерге кулап түшүп, бир буту да сынып кетти окшойт, тескери кайрылып калды. Батма ошондо мойну, бети көгөрүп жерде жаткан күйөөсүнүн жанына отуруп бир катуу бакырып алды. Андан аркысын билбейт, кулактары чуулдап, дене-боюн калтырак басып, көздөрүнөн салаалаган жаштар куюла берди».

Эчен ирет таягын жеп, суук тилин уккан келиндин оюна ошол кыска мүнөттөрдө күйөөсү экөөнүн өткөн окуялары тизилип өттү, эки баланын мындан кийинки түйшүгү өзүнө жүктөлөрүн, буга чейинки көргөн кордуктарына эми үй-бүлө түйшүгү кошуларын ойлоп, колуна тийген эркиндигине ишенип-ишенбей турду. Анда арзыган жарына деген аёо сезим, азаптан кутулганына сүйүнүч деле жок болчу.

Кайрылып келген махабат

Адыл менен Аруукенин арзуусун айылдаштары жакшы билчү, көпчүлүктүн кеп кылганы арзышкан жаштардын күп-күндүз ачык сүйлөшүп турганы, кыналышып бирге басканы, түгөнбөгөн сөздөрү болчу. Бирөөлөр суктанып, экинчилери жактырбай, көпчүлүктүн айың сөзүнө эрмек болгон экөө мектепти бүтүп мединститутка чогуу тапшырышты. Студенттик күндөр өтүп жатты. Жатаканада чогуу жашаган экөөнүн арзуусу күчөп, жуп окууну бүтөргө жакын Аруукени ата-энеси болбогон оюна койбой кызын досунун уулуна берип коюшту. Кыздын каршылыгы, ашыгынын атын айтып суранганы улууларга ныпым таасир этпей, ээленген ата-эне эңсегенине жетишти.

Сүйгөнүнөн айрылган Адыл да жүрүп-жүрүп башка бирөөгө үйлөнүп алган. Убакыт болсо өтө берди. Тагдырдын тамашасы Адыл алты балалуу болуп, шаардагы ишин таштап туулуп өскөн районундагы ооруканага башкы дарыгер болуп келгенден кийин башталды. Арууке да райондук ооруканада иштечү. Ошол жерде ооруканадагы кечтердин биринде кыйла жыл катылып келген сезимдер атып чыгып, жаш кездеги ышкы дүрт жанып, экөө өздөрүн токтото албай калышты. Кудум мектептегидей бирин-бири көрө албаса сагына түшчү аяр сезим деле турмуш тарткынында биротоло жок болуп кетпептир.

Айылда айтылган сөз, болгон окуя баам сыртында калбайт. Экөөнүн мектептеги арзуусу кайра жалындап чыкканын эл айтып, аны Аруукенин күйөөсү менен Адылдын аялы да угуп, ачуу менен келип катуу чатакты башташты. Бирок кеч болуп калган болчу, тигилер эч нерсени жашырбай, бала кездеги махабатына кайрылганына кайгырбай турганын айтып, өздөрүн күнөөлүү деп сезбестигин билдиришти. Эмнеге уялышмак эле?! Адыл алкынган аялына мындан ары бала кездеги махабаты Арууке экөө чогуу жашарын айтып, үстүндөгү кийимдери менен үйүнөн чыгып кетти. Албууттанып келген Аруукенин күйөөсүнө да баарын жашырбады, анысы түшүнүктүү жигит экен, айылды таштап шаарга көчүп кетти. Адыл эски үйдү сатып алып, Арууке экөө турмуш жолун башташты. Анан эски үйдү оңдоп, жакындарын чакырып той өткөрүштү, мунусун экөөнү билгендер бала кездеги махабатты даңктоо катары баалашты.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG