Бишкектеги Улуттук филармонияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли тартууланып жатат. Бул долбоор жаш муунга улуттук өнөрдү, баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулган.
Кыргызстан соңку жылдары улуттук көк бөрү оюнун эл аралык аренага алып чыгуу аракетин көрүп келүүдө.
86 жашында акка моюн сунган эл акыны Нурпаис Жаркынбаев кыргыз улуттук драма театрынын алдында акыркы сапарга узатылды. Калемгер жакын арада гана 85 жылдык маарекесин өткөрүп, китебин чыгарган болчу. Замандаштары аны өмүр бою окуп-изденген, мээнеткеч, өз доорунун мекенчил акыны катары сыпатташат.
Дүйшеев аталган чыгармада өзүнүн басып өткөн жолун баяндаган. Бирок адабиятчылар ар бир кыргыз “Агындылардан” өзүн табарын айтышат.
Кыргызстанда бир катар кадрдык чечимдер кабыл алынып, анын арасында Алтынбек Максүтов маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен алынды. Ордуна Мирбек Мамбеталиев көрсөтүлдү. Мунун алдында анын бийликтеги айрым таасирдүү адамдар менен пикир келишпестиги болгону тууралуу сөздөр чыккан.
Журналист жана публицист, "Азаттыкта" көп жыл эмгектенген Амирбек Азам уулу "Тобокел Мамыровдун бийиктиги" деп аталган эмгегин жарыкка чыгарды. Китепте XX кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымында бийиктикке секирүүдөн Азиянын рекордчусу болгон Тобокел Мамыровдун өмүр жолу баяндалат.
Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Эл жазуучусу Мар Байжиевдин калемине таандык, Эл артисти Бакыт Жумалиевдин режиссёрлугу менен коюлган "Он экинчи күн" комедиясы тартууланды. Театр быйыл көрөрмандарга жаңы репертуарын сунуштап жатат.
Бүгүнкү коногубуз - Кыргыз эл акыны, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, коомдук ишмер Акбар Рыскулов. Калемгер бул маекте чыгармачылыктын түйшүгү, жоопкерчилиги, отуз жыл жазган тарыхый романынын таржымалы, көркөм чыгармага коомчулуктун мамилеси тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Төкмө акын кыз Нурайым Бактияр кызы “Азаттыкка” маек куруп, жеке чыгармачылыгы, максаттары, төкмөлүк өнөрдөгү сөз эркиндиги, акын кыздарга карата коомчулуктун мамилеси тууралуу айтып берди.
Кыргызстанда 20-февралдан тарта көрсөтүлөрү жарыяланган, казакстандык киночулар тарткан "Рэкетир 3" тасмасы кинотеатрлардан алынды. Буга эмне себеп болгону так айтыла элек.
Кыргызстандын кинотеатрларында казакстандык чыгармачыл топтун “Рэкетир” тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Буга кинонун башкы каарманынын ролун аткарган актер Саят Исенбаевди "кылмыш дүйнөсүнүн анабашы" аттыккан, маркум Камчы Көлбаевдин уулу жандап жүргөнү себеп болгону айтылууда.
Жакында эле Бишкектеги бир катар тарыхый архитектуралык имараттардын макамын алуу тууралуу сөз болуп жатканы социалдык тармактарда талкууга түштү.Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, жыйын курган. Тарыхчы, архитекторлор, маданият ишмерлери буга каршылык билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылууда.
Дагы жүктөңүз