АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясында Украинадагы согушту токтотууну талкуулайт. АКШ Азиядан барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялады. Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Нарын облусундагы Соң-Көлдө кышкысын бир метрден ашык муз тоңуп, ага барчу ашуулар жабылат. Бирок соңку жылдары кышкы Соң-Көлдү көргүсү келген туристтердин саны көбөйүп, алар ат менен эки-үч күн жол жүрүүгө даяр. “Азаттык” алар менен чогуу Соң-Көлгө чейин барып келди.
Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каниметова - сахнада Курманжан датка, Толгонай, Жамийла, Каракөз баштаган 80ден ашык кейипкердин ролун аткарып, театр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү актрисалардын бири.
73 жашында акка моюн сунган белгилүү журналист Нарын Айып 15-февралда акыркы сапарга узатылды. Айтылуу публицист, журналист бир топ жыл "Азаттык" радиосунда иштеп, кыргыз кызматынын редактору болгон. Кийин өлкөдөгү башка бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген.
Кыргызстандык көзү азиз үч параспортчу бийликтен ипотекага үй алууга жардам сурап кайрылууда. Алар өкмөт өкүлдөрүнө, Мамлекеттик ипотекалык компанияга да барганын айтып беришти.
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону кабарланган окуучунун өлүмүн шаардык милиция териштире баштады. Ал арада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташ чыгып, 9-класттын окуучусу ооруканада көз жумду. Окуя катталган эки мектепте тең жетекчилери кызматтан алынганы белгилүү болду.
Сымбат Максутованын «Армандуу махабат» үчилтигинде ар кыл тагдырлар, бири экинчисине окшобогон, кайгы менен кубанычы аралаш окуялар сүрөттөлгөн. Булардын баарын бириктирип турган башкы идея адам ууз сезимине чыккынчылык кылбай, махабатын кирсиз таза сакташы керектиги ырасталган.
Котормочу, адабий сынчы, акын, публицист, коомдук ишмер Аман Токтогулов - аз өмүр сүрүп, бирок, кыргыз адабиятына омоктуу кызмат өтөп кеткен көп кырдуу талант. Ал кыргыз адабиятынын астанасын 22 жашында аттап, 47 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн. Көзү тирүү болгондо быйыл жайда 80 жашка чыкмак.
Быйылтан тартып Кыргызстанда бардык мектептерде окуучулар кийинки класска көчкөндө кыргыз тилинен экзамен тапшырууга милдеттүү болот. Экзамен лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу боюнча өтөт. Класстан класска көчүрүү экзамени кандай өтөт, шарттары кандай болот?
Акын жана публицист Жыргалбек Касаболоттун “Сын китеп” аталышындагы жаңы эмгеги жарыкка чыкты. Бул жыйнакта анын кыргыз адабиятындагы жана публицистикасындагы бир катар авторлордун эмгеги тууралуу адабий талдоосу, ой толгоолору камтылган.
Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травманын салдары жана кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.
Дагы жүктөңүз