Кечки радио эфир | 01.04.2025 | Акыйкатчы: 2024-жылы 353 өспүрүм кыз көз жарган
Акыйкатчы институту курагы 18ге чыга элек кыздардын турмушка чыккан же ошого мажбурлаган учурлары көп кездешип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстанда 2024-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 353 өспүрүм кыз көз жарган. Өлкө мыйзамдарына ылайык, эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш деп эсептелет. Башкы прокуратура өткөн жылы 29 кылмыш ишин козгогон. Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер Кыргызстан өспүрүм курактагы кыздардын төрөт учурундагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турарын айтууда.
Шерине