Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

Аскар Салымбековдун ишмердиги жана “Дордой” базары: Кыргызстандагы эркин базар мамилелерине жол чабуу


Ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков
Ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков

Кыргызстандын борборундагы “Дордой” базарын жергиликтүү тургундар гана эмес, чет элдик коноктор дагы дурус билишет. Бул базарды негиздеген жана демөөрчүлүк аркылуу өлкөнүн маданият, илим жана спорт тармактарын өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан мекенчил жарандын дүйнө таанымын айрымдар толук аңдабашы деле мүмкүн. Бүгүнкү блог – ишкер Аскар Салымбеков тууралуу болмокчу.

“Дордой” – Кыргызстандагы эркин базар мамилелеринин күзгүсү

Бишкектеги айтылуу “Дордой” базары тууралуу чет өлкөлүк карапайым кишилердин алкоо сөздөрүнүн бирин эскертүү ашыкча эмес.

Бир орусиялык коноктун айтканы бар:

– Мен жакындарым менен Кыргызстандын борборуна өтө арзан жана жупуну кийим менен келүүнү салт кылып алдым. Ал эми кайра кайтаарыбызда “Дордой” базарына барабыз да, бардык жыл мезгилдерине ылайыктуу жаңы кийим-кечек сатып алабыз. Ал кийимдердин наркы Шибердегиден алда канча арзан. Шибердеги кымбат жана сапаттуу товар сатчу дүкөндөрдүн товарларынын орточо наркын көңүлгө алганда, биздин учак белетибиз менен Кыргызстандагы кыска эс алуубуз “Дордойдун” товарларынын көмөгү менен текейден да арзанга чыгат.

Бул го – өзү жана өз бүлөсү үчүн гана кийим-кечек алган шибердик коноктун сөзү. Ал эми Борбордук Азиянын ар кыл өлкөлөрүнөн келип, товарларды дүңүнөн сатып алып оокат өткөрүп жаткан орточо соодагерлерчи?

Алар бакыбат жашоо үчүн базардык ачкычты дал ушул “Дордойдон” табышкан.

Албетте, Кыргызстан 1990-жылдары эркин базар мамилелерине жаңыдан өтүп жаткан маалда өлкө оор каатчылыкка кептелген. Турмуш түйшүгүнүн зардабын тарткан мурдагы көп сандаган советтик жарандар үчүн ошол 1990-жылдары жайма базар аркылуу ар кыл көрбай-жербайларды сатуу менен күн көрүүдөн башка арга калган эмес.

Өзгөчө кыргыз тегиндеги далай мекендештер, негизи, мурдагы Советтер Биримдиги кулаганга чейинки кезеңде базарга келип, кардар катары соода кылуу – дурус иш, бирок өзүнүн бир нерсени сатуу аркылуу кардарларды тейлеши – “уят иш” деп санашып, курулай намыс кылган түркөйлүк желесинен алигиче чыга элек болчу.

Советтер Биримдигинин ыдырашы, мурдагы жумурияттар аралык чарбалык мамилелердин өкмөттөр аралык деңгээлде ойрон болушу, чарбалык баш-аламандык, мурдагы советтик рублдин кунун таптакыр жоготушу, социалдык төлөмдөрдүн наркынын кескин түшүүсү, мисал кылып айтканда, бир бурамасы Ленинградда, экинчиси Свердловск шаарында, үчүнчүсү Красноярскте жасалып, Токмок же Бишкекте курама тетиктен машине өндүрчү ишканалардын жабылышы, жумушсуздардын санынын кескин өсүшү сыяктуу көрүнүштөр жаңы жагдайдын кермек даамдуу мүнөздөмөсү болду.

Дал ушул кырдаалда үй-бүлөлүк өзүн-өзү сактоо инстинкти мурдагы базар жаатында бутту тушаган сокур ишенимдерди толук четке кагууга жетеледи.

Колунан келгендери Ысык-Көлдүн алмасын тээ Ыраакы Чыгышка чейин поюз менен барып сатууга жетишти. Колунан келбегендер бир дубандан алынган таңкыс товарды экинчи дубанга, жакынкы шаардан кыштакка алып келип сатууга өттү.

Таптакыр колунан келбегендер чоң дүкөндөн алынган тамеки сыяктууларды сагыз жана чемичкеге кошуп, балан-байдыбандын наркын бирин-эки тыйынга көтөрүп, көчөнүн ар кыл бурчунда отура калып сата башташты.

Менимче, 1991–92-жылдары эркин базар мамилелерине чар жайыт умтулган карапайым калайык чарба жана соода жаатындагы эски түшүнүктөрдүн тосмосун ураткан алгачкы толкунду жаратты. Дал ошол кезеңде мурдагы КДКчы, ишкер жана ойчул Таабалды (Табылды) Эгембердиев апасынын жармасын саттыра баштады да, болочоку кыргыз бренддеринин бирине пайдубал курду.

1991–1993-жылдары Бишкек шаардык аткаруу комитетинин (азыркы термин менен алганда мэриясынын) Базарлар башкармасын жетектеген Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков байтактыдагы жайма базарларга байланыштуу баш-аламандыкты жоюунун аргасы катары бир нече ири базарды түзүү идеясын көтөрүп чыккандардын бири болду.

1993-жылы ал “Дордой” компаниясын негиздеди. Албетте, ал – жеке басар болгон жок. Анын бир катар үзөңгүлөштөрү шаардын ар кыл жерлеринде өз базарларын курушту.

Алардан айырмаланып, Аскар Салымбеков өз базарын Бишкектен түндүгүрөөктө, айтылуу Мыкан сазына жакын бош жерде курду. Бул үчүн аны сындаган жана келекелеген замандаштары деле арбын болду.

Бирок анын бул кадамы көрөгөчтүк болгонун мезгил өзү дээрлик 32 жыл ичинде таразалады.

Андан бери далай базарлар жабылды, же ээлерин алмаштырды, же башка жайга көчүрүлдү, же аймагы кертилип кыскарды. “Дордой” базары болсо өзүнчө дүкөндөр шаарчасы катары өсө берди.

Кыргызстан 1998-жылдын октябрында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирген.

Бул окуядан соң канатын ого бетер кеңири жайган “Дордой” базары жумурияттын В.Путин бийлеген авторитардык Кремлдин көлөкөсүндөгү Бажы биримдигине 2015-жылы киришинен соң, олуттуу соккуга учурагандыгы да эсибизде.

Бул – “Дордой” базарынын гана тагдыры эмес. Эгерде расмий Ташкен кантип түндүктөгү таасирдүү коңшусу менен мышык-чычкан оюнун ойноп, бирок Бажы биримдиги сыяктуу негизги оюнчулардын гана тузагы болгон уюмдардан тышкары кала бере алган болсо, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда расмий Бишкек өз эрки менен башын экономикалык моюнтурукка салып берди.

Расмий Ташкендин оюну сыяктуу эгемен өлкөнүн дипломатиялык айла-амалын жүзөгө ашыруу аркылуу расмий Бишкектин дүйнөлүк эркин соода тармагына өз алдынча катышуусунун зарылдыгы соңку 12 жылда өзгөчө айгинеленди.

Албетте, аткаминерлер өлкөнү кремлдик моюнтурукка салып берген саясий-экономикалык каталарын мойнуна анчейин ала беришпейт. Бирок 2020-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин келген жаңы өкмөт мурдагы атамбаевдик–жээнбековдук өкмөттөрдүн калпыстыгын жоюу үчүн өз элинен жаңыча ишеним алганы да анык.

Азыр да бир беткей Бажы биримдигинен өз алдынча болууга кеч эмес.

Дордой" базарындагы айкел
Дордой" базарындагы айкел. 2018.

Калыс айкел

“Дордой” базарында азыркы тапта 1990-жылдардагы эл аралык чөлмөк соодасын жүргүзгөн каарман “чөлмөкчү” аялдарга арналган айкел турат. Келечекке үмүттүү жана жигердүү караган айымдын айкелинин оң жагында товарларга толгон кабат-кабат таңгак жүктөр жайгашкан.

2018-жылы 7-декабрда тургузулган жана "Эмгекчил соодагерлер" деп аталган бул айкелди эгемен Кыргызстанды оор экономикалык туңгуюктан алып чыккан жалпы эле кыргыз аялдарына арналган эстелик катары кабылдасак да болот.

А.Салымбеков жана башка базар уюштуруучулар инфратүзүм сунуштаганы менен, эркин базар мамилелерине карай батыл кадам жасаган, базар жаатындагы үй-бүлөлүк, уруулук жана коомдук эски түшүнүктөрдүн быт-чытын чыгарган негизги каармандар – чыгышта Кытайдан, Батышта – Түркия жана башка өлкөлөргө, түндүктө – Казакстан менен Орусияга самсыган, оор жүктөрдү өздөрү жонуна ташыган, айрым учурларда чет өлкөлүк шылуундарга алдаткан же алардын талап-тоноосуна кабылган, ар кандай мазактоолорго туруштук берген, үйдө бекер жатып алып, сын таккан же ажырашып кеткен эркек тананын заар сөзүн угууга аргасыз болгон, эптеп бир тыйындан кураштырып өз бакыбат турмушун негиздеген жүз миңдеген “чөлмөкчү” аялдар болду.

Тасма. "Дордой" базарындагы айкел. "Азаттык". 08.12.2018.

Албетте, алар жалаң гана “Дордойдун” ишин жандантпастан, бүткүл Кыргызстанда базар мамилелеринин канын эркин чуркаткан көрүнбөс жана бекем кан тамырларга айланышкан.

Бир кичүү замандашым элеттик “чөлмөкчү” айым тууралуу өтө кызыктуу жана сабак болчу окуяны айтып берген эле. Анын энеси тоолуу райондордун биринде райондук билим берүү бөлүмүндө расмий кызматкер экен. Бирок анын маянасы үй-бүлөнү багууну мындай коёлу, жол киреге да тыңгылыктуу жетчү эмес. Ал айым короодогу кичинекей бакчаны иштетүүдөн тышкары кээде кол арага жарап калган улуу уулун ээрчитип алып, алыскы Түндүк Тажикстанга Өзбекстан аркылуу поюз менен кетчү экен.

Ал жакта керектүү товарларды каптарга жыйып алган соң, апасынын бир куту арак сатып алганын көрүп:

– Сиз ичкилик ичпейсиз го? – деп уулу сурайт.

– Албетте, ичпейм, уулум. Мунун кереги тийет, бара көрөбүз, – деп айым жооп бериптир.

Ал кезде Фергана өрөөнүндө азыркыдай катаал чек ара жок. Бирок орто жолдон текшергиси келген аткаминерлер менен милийсалар ал кезде деле арбын экен. Эне-бала жолду ката андай текшерүүчүлөргө 1–2ден ичимдик бөтөлкөсүн берип, өз шаарчасына аман-эсен жетип алышыптыр да, “чөлмөкчү” келин өз товарын дүңүнөн эле базардагы ортомчуга өткөрүп берип, өз доору үчүн кыйла кирешеге ээ болуптур.

Бул ак эмгегин ал айым эч бир кызматташына ачык айткан эмес, айтуудан жазганган, бирок өз үй-бүлөсүн “тумшуктууга чокутпай” багууга жетишкен.

Ал эми “Дордойдогу” соодагерлердин бир далайы алгачкы айларда элден жазганып, “бирөө таанып калбасын” деп ийменип, жоолугун чекесинен ылдый түшүрө салынып, же кепкасын баса кийип, же күнгө каршы көз айнек тагынып (ал кезде беткап жок болчу), анан акыры өз мээнет тери менен оокат кылып жатканын коомчулуктун олуттуу бөлүгү аңдаганына көзү жеткен соң, жүзүн ачыкка чыгарган учурлар да арбын болгон.

Бул эркин базар мамилелеринин “терапиясын” жапырт уюштурууга огожо болгон жайлардын бири – “Дордой” базары болду.

Мында соода-сатык кылган кардардардын айрымдары кышкысын 1–2 саатта базарга кирип чыкканча кайыгышса, ал эми жеке соодагерлер аптада 7 күн бою бул базарда кыштын кычыраган суугуна карабай калайыкка ар кыл товарларын сунуштап келишкен кезеңдер да эсте. Акырындан базардын инфратүзүмү да бара-бара оңолду.

Албетте, базарда эркек соодагерлер дагы арбын, бирок мурдагы көчмөн элибиздин базар мамилелерин эркин уюштуууга карай жасалган алгачкы чыйырында “ак жоолукчандардын” ролу өзгөчө олуттуу болду. Аны эркектер тана албас.

Ошондуктан жогорудагы сөз кылынган айкелди бир эле учурда “Дордой” базарынын жетекчилигинин жалпы өлкөбүздөгү “чөлмөкчү” соодагер айымдарга карата ак дилден жолдогон ыраазычылыгы катары аңдасак болот.

Аскар Салымбеков – чыгаан демөөрчү

Кыргыздын өтмүш тарыхында (коммунисттик доорго чейин) жеке демөөрчүлөр арбын эле болгон.

Дал ошол миңдеген аты белгисиз берешен демөөрчүлөр элибиздин залкар манасчыларын жана башка дастанчы-жомокчуларын, данакер чечендерин, көйкашка акындарын, саяпкерлерин, мүнүшкөрлөрүн, усталарын, уздарын баалап, кыргыздын заттык жана заттык эмес маданиятын кылымдар бою сактоого огожо болуп келишкен.

Аларды коммунисттик тоталитардык доордо “эзүүчү тап” катары бир тараптуу кодулашкан, бирок элдин дээринде алар жасаган мыкты иштер санжыралык, фолклордук булактар аркылуу сакталып келген.

Башка капиталисттик мамлекеттердегидей эле, падышалык Орусияда дагы илим-билим, маданият тармагына демөөрчүлүк кылган байлар болгону маалым.
Маселен, эмгекчил ишкерлерден болгон Прохоровдор Маскөөдөгү “Трёхгорная” ишканасынын кирешесин гана көрүп чектелбестен, жумушчуларына кам көрүү жаатында да сөзгө алынып, өз жумушчуларына жатак үй, балдар үйүн, кесиптик техникалык мектеп куруп, жумушчулары ооруп калган учурларда жөлөкпул жана кийинчерээк ардагердик төлөм (пенсия) төлөшкөнү белгилүү.
Албетте, алардын демөөрчүлүгү, ал түгүл Карл Маркстын досу жана демөөрчүсү Фридрих Энгелстин өзүнүн капиталист болгондугу тууралуу совет доорунда ачык айтылчу эмес.

Ал эми постсоветтик коомубузда Аскар Салымбеков сыяктуу ишкерлерибиз демөөрчүлүктүн жаңы өрнөгүн көрсөтүшүүдө.

Албетте, өз байлыгына таянып, өзүн илгерки бий катары көрсөтүп, жок жерден “уруу башчыларынын” ар кыл шеринелерин уюштуруп, бири-бирине аргымак тартуулап, өздөрүн бий же манап катары атап алганына корстон болгон, илимди эмес, жармачтыкты сүрөөнгө алган “жаңы байлар” деле арабызда кезигет.

КУУнун башкы имаратынын алды. 16.9.2016.
Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу КУУнун башкы имаратынын алдында. Бишкек. 16.9.2016.

Аскар Салымбеков 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факултетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтун) мыкты аяктаган. Ал кийинчерээк экономика адистигине да кошумча ээ болгон.

Кыргызча жана орусча суудай билген, советтик уюштуруучулук мектептен өткөн, ошол эле учурда мурдагы тоталитардык коомдун экономикалык көйгөйлөрүн адис катары жаңыча таразалай алган бул инсан майда-барат “кадыр баркка жетүү” далаалаты менен оорубады.

Анын демөөрчүлүк иштери ар тарпатуу жана системалуу уюштурулуп келет.

2019-жылы ачылган Салымбеков университети – өлокөбүздө телчигип келе жаткан жана сырткаркы корлордун катышуусуз негизделген жергиликтүү жеке менчик университеттердин бири болуп саналат.

Бул университетке чет өлкөлүк адистерден тышкары бир канча жылдар мурда чет өэлкөлөргө чыгып кеткен кыргызстандык илимпоздор да тартылууда.

Маселен, 2024-жылдын соңунда Бишкекте онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санариптик лаборатория АКШдагы Cureline Biopathology компаниясы менен Салымбеков университетинин кызматташтыгынын мөмөсү катары ачылган.

АКШда бир катар жылдар бою иштеп келген медицина илимдеринин доктору, онколог, аталган университеттин профессору Рысбек Абдылдаев “Азаттыктын” кабарчысы Санжи Туйтуновага 2024-жылы 16-декабрда мындай деп айткан:

– Лабораторияны ачуу идеясы Калифорниядагы Cureline Biopathology компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Ольга Потаповага таандык. Кыргызстанда төрөлгөн, №61 мектептин бүтүрүүчүсү. Ал кишинин демилгеси, меценат Аскар Салымбековдун колдоосу менен эки жылдан ашуун иштеп, ушул долбоорду ишке киргиздик.

Аскар Салымбеков, Ольга Потапова жана Рысбек Абдылдаев.
Ишкер Аскар Салымбеков (солдон биринчи), профессорлор Ольга Потапова (ортодо) менен Рысбек Абдылдаев. 16.12.2024.

Кыргызстандын дарыгерлери жана илимпоздору үчүн дал ушул илимий лаборатория аба менен суудай керек болчу. Мунун зарылдыгын мен, эки бир тууганынан рак оорусунун айынан айрылган киши катары, дурус билем.

Ишкер Аскар Салымбековдун үй-бүлөсүнө дагы бул алааматтуу оорунун зардабы тийген: анын жубайы, саясат таануу илимдеринин доктору, философия илимдеринин кандидаты, профессор Гүлмира Сулайман кызы Мамбеталиева (1956–2017) эжебиз да рактын айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Кыргызстандын гуманитардык илимдери, анын ичинде постсоветтик тарых, археология жаан этнография илим тармактары үчүн Салымбековдордун үй-бүлөсү ырааттуу демөөрчүлүк кылып келди.

А.Салымбековдун компанияларынын Нарын шаарындагы Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук чөлкөм таануу музейи жана Ат-Башы районундагы Кара-Суу кыштагындагы орто кылымдык айтылуу Атбаш шаарынын чалдыбары болгон Кошой-Коргон чалдыбарындагы музейин түптөө жана өнүктүрүү үчүн олуттуу каржылык жардамдары буга күбө.

Какен Мамбеталиева атындагы кор өз учурунда кыргыздын археологдору менен этнографтарына, андан тышкары орусиялык маркум профессорлор, новосибирскилик Юлий Худяков жана абакандык Астайбек (Виктор) Бутанаевдерге сыйлык бергендиги, айрым эл аралык илимий жыйындарды өткөрүүгө жана алардын материалдарын жарыялоого демөөрчүлүк кылгандыгы өз учурунда ар кыл басылмаларда шардана кылынган.

Жаш археолог Темирлан Чаргынов, жаш этнографтар Айнагүл Жоошбекова, Нурабидин Маразыков, Гүлзада Жумашова сыяктуу таланттуу инсандар А.Салымбеков каржылаган дал ушул кайрымдуулук корунун сыйлыгына татышкан.

Постсоветтик кыргыз спортунун, анын ичинде кыргыз футболунун ийгиликтеринин тарыхы да демөөрчү Аскар Салымбековдун ырааттуу салымдары аркылуу гана акыйкат чагылдырылышы мүмкүн. Ал көк бөрү, күрөш, хоккей ж.б. оюндарга жана шахмат кыймылына да колдоо көрсөтүп келет.

Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү катары да ал спорт коомчулугуна кызмат кылып келди.

Кыргыздын далай таланттуу өнөрпоздору, ырчылар эл аралык жана жумурияттык сахналарга Салымбековдордун сүрөөнү менен чыккандыгы да эсибизде.

А.Салымбеков Нарын облусун жетектеп турган кезде Нарын шаарында көркөм сүрөт галереясы ачылган. Бул эстетикалык тарбия жайы азыркы тапта да дубанда кызмат кылууда. Бул жай чөлкөмдөгү уздар менен усталарга да колдоо көрсөтүүдө.

А.Салымбеков негиздеген конок үйлөрү жана эс алуу жайлары Кыргызстандагы заманбап туризм өнөр жайына да огожо болууда. Менимче, Бишкектеги IMAX форматындагы экрандуу зал сыяктуу заманбап бөлмөлөрү бар жаңы кинотеатрлар А.Салымбековдун каржылоосу аркылуу Бишкекте айрым башка чөлкөмдүк борбор шаарлардан (мисалы, Ташкенден) мурдараак курулду.

2024-жылдын мартындагы "Лимон.кг" таркаткан маалыматка караганда, Ташкен шаарындагы Tashkent City Mall соода жана көңүл ачуу жайындагы 14 залдан турган жаңы ири кинотеатрдын курулушун Улугбек Аскар уулу Салымбеков каржылаган. Бул кинотетарда IMAX форматындагы экраны бар эки зал бар. Бул заманбап кинотеатрга өзбек президенти Шавкат Мирзиёев өзү келгени да кабардалган.

Тээ 1990-жылдардын башында Анкара шаарына бир илимий жыйынга келгенимде, түрк кесиптештерим “жаңы ачылды” деп бир соода жайынын ири имаратына тим эле музейди көрсөткөндөй алып барышкан эле. Андагы бекер, заманбап ажаткана Батыш Европада жүргөндөгү соода жайларында көргөнүмдөй эле болчу. Атаганат, бизде да оңолоор, деп кыялданчу элем.

Ал кездеги “Айчүрөк” дүкөнү эски советтик дүр-дүйнө дүкөнүндөй эле болчу.

Кийинчерээк А.Салымбеков Бишкектеги 7-кичирайондо курдурган “Космопарк” жайында жана башка соода түйүндөрүндө кардарлар үчүн заманбап кинотеатр жана Батыштагыдай инфратүзүм сунушталганын көрүп, чын эле ыраазы болгом. Азыр андай жайлар өлкөбүздө арбын. Бирок ошондой агымдын баштоочусу ким болгонун да калыстык үчүн айта жүрүү эп.

Кошой-Коргон ажайыпканасы. Ат-Башы району.
Кошой-Коргон ажайыпканасы (музейи). Ат-Башы району, Нарын облусу, Кыргызстан. 03.11.2015.

Коомдук жана партиялык ишмер

Ишкер Аскар Салымбеков – Кыргызстандын жаркын болочогун көп партиялуу, эркин базар мамилелерине таянган, демократиялык коом менен байланыштырган коомдук ишмерлердин бири.

Ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде депутат да болгон, Нарын облусунун акими жана Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап турган учурлар болду.

2010-жылдагы экинчи элдик ыңкылаптын жеңишинен соң коомдо улам жаңы атаандаш партиялар негизделе баштады. Дал ошол мурдагы президент Роза Отунбаева башкарып турган кезеңде, 2011-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында “Эмгек” партиясы аттуу жаңы саясий уюм түзүлдү. Ал партия ошол жылы 20-майда расмий каттоодон өттү.

Партиянын төрагалыгына оболу ишкер жана демөөрчү Аскар Салымбеков шайланган.

Кийинчерээк бул партияны мурда “Акжол” партиясынын мүчөсү болгон саясатчы жана ишкер Нарынбек Молдобаев жетектеп турду. 2021-жылдын 13-февралынан тартып “Эмгек” партиясын Ырысбек Мааткабылов жетектеп жүрдү.

“Фейсбуктагы” 2024-жылдын 5-ноябрындагы “Эмгек” партиясынын жарыясынан көрүнгөндөй, “Эмгек” партиясынын жаңы төрагасы Токтосун Султанов менен бул партиянын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков жана мамлекеттик ишмер Амангелди Муралиев жолугушуп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жүрүмдөрдү талкуулашкан.

Партиянын максаттарынын арасында “базар мамилелерине негизделген натыйжалуу, социалдык багытталган экономиканы өнүктүрүү” мүдөөсү да эскерилген.

Бул мүдөө көп партиялуу демократиялык коомдо гана жүзөгө ашырылышы айдан ачык.

“Эмгек” партиясынын өкүлдөрүнүн айрымдарынын айтымында, бул партиянын жетекчилигинин саясий катачылыктарынын бири – 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирдикте парламенттик шайлоого катышкандыгы болду. Башкалары ошол кезде бул кадам туура тактика болгон дешет. Айтор, бул убактылуу биримдик майнапсыз аяктаган. Ага шайлоодогу орой бурмалоолор да себепкер болгон, деп айтылып келет.

Кандай болсо да, азыркы тапта “Эмгек” партиясын жаңы муундун өкүлдөрү жетектеп калышты.

Аскар Салымбеков өзү негиздеген партияны “түшпөс хан” катары жетектөөдөн баш тартып, азыркы тапта ишкерлик, коомдук иштер жана демөөрчүлүк менен гана алектенип келет.

Солдон: Дамира Дөөлөталиева, Садыр Жапаров жана Аскар Салымбеков. 08.2.2022.
Президент Садыр Жапаров (ортодо), ишкер Аскар Салымбеков (анын сол жагында) жана “Дордой” комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева айым "Дордой" базарында. Бишкек. 08.02.2022.

Жаратман инсанга каалоо

Адатта, жаратмандыктын ар кыл түрлөрү бар эмеспи.

Чарбачылыкта, илим менен технологияда, таалим-тарбия берүүдө, ошондой эле көркөм өнөр менен адабиятта ар кыл айдыңдык жаратмандык түрлөрү бар.

Ишкер болсо жаратмандыктын бир нече түрүн айкалыштыра алат.

Ушул айда 70тин кырына чыгып жаткан коомдук ишмер жана ишкер Аскар Салымбеков канчалык туура же калпыс иштерди жасады болду экен, анын бардыгы чет-четинен таразалана бермекчи.

Биз үчүн бир нерсе анык: ар тараптуу билими, ишкердик демилгечилик жаатындагы купуя туюму, иш билгилиги, уюштуруучулугу, тубаса дипломаттыгы, өжөрдүгү жана мээнеткечтиги менен таанымал бул инсан – эгемен Кыргызстандын экономикалык жана маданий тармактарда телчигишине өзүнүн жекече олуттуу салымын кошо алган атуул.

“Дордой” базары – анын көп тарамдуу ишмердигинин мөмөлөрүнүн бири гана болуп саналат. Ишкердин көмүскөдө кала берген башка да салымдарынын айрымдары тууралуу жогоруда азыноолак айта алдык.

Урматтуу Аскар Мааткабыл уулуна чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, албан ийгиликтер каалоо менен бирге андан улам жаңы саамалыктарды күтөбүз.

Посткоммунисттик демократиячыл өлкөбүздө ар бир жеке ишкердин Башмыйзамга ылайык адилет мамилеге кабылышы – жалпы өлкөбүздүн жана жарандык коомубуздун жаркын болочогу үчүн зарыл кепилдиктердин бирин жаратат. Анткени ишкердик да, жогоруда айтылгандай, чыныгы жаратмандык булагы болуп саналат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG