Кечки радио эфир | 29.03.2025 | Мьянмада зилзаладан каза болгондор миңден ашты
Мьянманын бийлиги 28-марттагы магнитудасы 7,7ге жана 6,4кө жеткен катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны кеминде 1002 кишиге жеткенин, 2376 киши жабыркаганын билдирди. Бул тууралуу 29-мартта Би-Би-Си AFP маалымат агенттигине таянып жазып, куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи. AFP агенттиги каза болгондор жана жабыр тарткандар тууралуу Мьянмадагы аскердик өкмөткө таянып жазды. Куткаруучулар табигый кырсыктын курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин белгилөөдө.
Шерине