Кыска өмүрүндө «Ибарат», «Барал» аттуу поэзия жыйнактарын, «Поэзияга мамиле» аттуу адабий сындардын жыйнагын, авар элинин даңазалуу акыны Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” чыгармасынын, Иван Крыловдун тамсилдеринин кыргыз тилиндеги мыкты үлгүлөрүн мураска калтырды. Аман Токтогуловдун бир тууган иниси, Кыргыз эл артисти, композитор, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков менен Бурулкан Сарыгулова калемгердин өмүр сапары, чыгармачылык тагдыры тууралуу кеп курду.
"Аманды КГБда иштеген жылдар жабыркатты"
Котормочу, адабий сынчы, акын, публицист, коомдук ишмер Аман Токтогулов - аз өмүр сүрүп, бирок, кыргыз адабиятына омоктуу кызмат өтөп кеткен көп кырдуу талант. Ал кыргыз адабиятынын астанасын 22 жашында аттап, 47 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн. Көзү тирүү болгондо быйыл жайда 80 жашка чыкмак.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 14, 2024
Сапаралиев: “Ыстаканда кантың бар” мага тагылган тумар болду
-
Декабрь 08, 2024
Арабаевдин тагдыры сахнада
-
Декабрь 07, 2024
Клара Шырдакова: Табылды экөөбүздү ичкилик өксүттү
-
Декабрь 02, 2024
Табылды Актан - улуттук маданияттын таланттуу үч мууну
Шерине