Бул статистиканын артында көбүнчө ачык айтылбай турган оорунун айынан азап тарткан, басмырлоого кабылган, эл катары жашоо аргасын издеген же ушундай кишилерге жардам бергиси келген он миңдеген адамдардын окуялары, тагдырлары турат.
"Жакын жолобоӊуз, анын коркунучтуу оорусу бар". Сабохаттын баяны
Тажикстандык 41 жаштагы Сабохат (аты өзгөртүлдү – ред.) өмүрүнүн узак жылдарын КИВ менен өткөрүүдө. Илдетти Орусияга иштегени барып жүргөн күйөөсүнөн жуктуруп алган. Муну кош бойлуу кезинде гана билген.
“Ошондо аябай корктум, бирок тун перзентимди төрөп алууну чечтим. Тилекке каршы, кызыма да КИВ жугуптур. Күйөөм менен мамилебиз жакшы болбой, тез эле ажырашып кеттик”, – дейт ал.
Эки жылдан кийин Сабохат менен таанышкан эркек да Орусияга иштегени барганда КИВге чалдыккан экен. Экөө тең керектүү дары-дармектерди ичип жүргөндүктөн, үй-бүлө куруп, дени сак эки балалуу болушканын айтат бул аял.
Бирок кийинчерээк экинчи күйөөсү кол көтөрүп, үйгө камап, баскан-турганын катуу тескей баштаптыр. Күйөөсүнө ата-энеси да шыкакчы болушат: жубайлардын экөө тең КИВ менен жабыркаганын билгенде, Сабохатка ачык эле жийиркенип, уулуна жаш, оорубаган аял тап дешет.
“Барар жерим жок. Улуу кызым менен эки майып иним карыган апамдын колунда. Ошондуктан кордук көрсөткөнүнө, уруп-сабаганына чыдап жашоом керек. Анын үстүнө 7 жана 11 жаштагы эки кызым бар, аларды да турмушка узатуу керек”, – дейт ал.
Күйөөсү ара-чолодо табылган жумуштарды аткарат: кышында такси айдайт, жайкысын курулушта иштейт. Анын билими да, кесиби да жок. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн ачылган кризистик борборго (шелтерге) кайрылуудан коркот, анткени КИВ менен ооруганы үчүн басмырлашат деп ойлойт.
Ал буга чейин да жардам берүүгө милдеттүү болгон кызматтарда, мисалы, Дүйшөмбүдөгү белгилүү оорукананын кардиология бөлүмүнө түшкөндө кемсинткен мамилеге туш болгон. Сабохат дайыма антиретровирустук нукта дарыланып тургандыктан, денесиндеги вирусту дээрлик жок кылууга жетишкен, б.а. башкаларга жуктурбайт. Бирок, бул аялдын айтымында, медициналык мекеменин кызматкерлери аны ачык эле келекелешкен.
“Бардык эле кызматкерлер ошондой карашты. Палатадагы кошунам сүйлөшө баштаганда медайымдар чуркап келип: “Анын коркунучтуу оорусу бар, жанында отурба, жакындаба”, – дешет. Коридордо басуу үчүн бөлмөдөн чыгаарым менен дарыгерлер жетип келет: “Кайра кир, чыкпа!”. Тазалыкчылар мен колдонгон идиш-аякты алганда жийиркенип, мага жакындабаганга аракет кылышчу. Абдан капаланчумун”, – дейт аял.
БУУнун маалыматы боюнча, Тажикстанда КИВден жабыркаган адамдардын 32% басмырлоо жана кемсинтүүдөн улам медициналык жардам албай жүрөрүн айтышат. Уюмдун жетекчиси, “Тажикстандагы КИВ-инфекциясы менен жашаган аялдардын тармагы” уюмунун жетекчиси Тахмина Хайдарова өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде басмырлоонун алдын алуу саясатын жүргүзүү зарыл деген пикирге кошулат.
Коомдук активисттин айтымында, КИВден жабыркаган бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге психологиялык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, бардык бейтаптар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн коомдук уюмдар жана коомчулуктар менен иштешүү, КИВге чалдыккан адамдарга укугун бузбастан жардам көрсөткөн медицина кызматкерлерин колдоп туруу зарыл.
“Бул кадамдар медициналык мекемелерде адамгерчиликтүү, күйүмдүү мамилени жайылтууга өбөлгө түзөт, – дейт Тахмина Хайдарова.
“Коомдо КИВ – чет өлкөдөн жугузулган илдет деген үстүрт көз караш бар”
Республикалык “СПИД” борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 30-сентябрына карата Тажикстанда КИВден жабыркаган 17 миңдей адам расмий катталган. Алардын ичинен 6 миңге жакыны аялдар. 1991-жылдан бери өлкөдө бул оорудан 4 миң 600 адам каза болгон.
Жалпысынан БУУнун эсеби боюнча, өткөн жылы ЧЕБА (Чыгыш Европа жана Борбордук Азия) аймагында КИВ инфекциясына жаӊыдан чалдыккан 140 миң киши катталган, мунун 93% Орусия, Украина, Өзбекстан жана Казакстанга тиешелүү. БУУнун ушул жайда жарыяланган отчетуна ылайык, ЧЕБАдагы КИВге чалдыккан адамдардын 42% гана вирусу коопсуз деӊгээлге түшүрүлгөн. Бул дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүч.
Бишкек шаарындагы Гемо-катыштык вирус гепатити жана КИВ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Аида Карагулованын айтымында, адамдардын дарыланбай жүрүшүнө көбүнчө коомдогу басмырлоо гана эмес, өзүн-өзү кемсинтүү сезими да себеп болот.
“Өзүнүн кесели бар экенин мойнуна алгысы келбеген адам тана берет. Ошондуктан бир нече жылдан кийин ал бизге оор абалда, дагы башка инфекциялар кошулганда келет”, – дейт ал.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда КИВ-инфекциясына чалдыккан 14 миңден ашуун киши катталса, мунун 13 миңден ашыгы өлкөнүн жарандары. 1996-жылдан берки байкоо мезгилинде Кыргыз Республикасында оорудан 3,5 миңден ашык адам каза болгон.
Аида Карагулова өлкөдө жана региондо оорунун активдүү өсүшүн адамдардын этияттанбай, опурталдуу жүргөндүгү менен байланыштырат.
Анын айтымында, КИВ жугушунун үч (парентералдык /кан аркылуу, жыныстык жана энеден – балага жугуучу) жолунан Кыргызстанда биринчиси эӊ көп кездешет: 2024-жылдын тогуз айынын маалыматтары боюнча 85%.
“Биздин коомдо дагы эле КИВ – чет өлкөдөгү, алыс жердеги же кээ бир адамдар гана ооруган илдет деген үстүрт түшүнүк бар. Ооба, негизги топтордо илдет жашоо таризине байланыштуу жугат: маӊзат сайынгандар, коммерциялык секс-кызматкерлер жана эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер көп чалдыгат. Мен бул топко жашоо-шарты оор болгон мигранттарды да кошмокмун: алар көбүнчө медициналык жардамды убагында албайт, догдурга да көрүнүп турбайт. Бирок биздин бейтаптардын баары – опурталдуу топтогулар гана деп ойлосок, жаӊылышабыз. Менимче, тескерисинче, тиричилиги жакшы, жашоодо өз ордун тапкан, кесиптик өсүшкө жетишкен адамдар деле көп жабыркап калчудай. КИВ адамдын ким экенине карабайт, анын шык-жөндөмдүүлүгүн да жокко чыгарбайт”, – дейт Карагулова.
“Тоскоолдук ой-кыялыбызда гана”
Кыргызстандык Евгений Милюков баңгизат колдонуп жүрүп өзү КИВ инфекциясын жуктуруп алган, кийин жаман адаттан баш тартып, акыры ушундай диагноз менен ооруган адамдарга жардам берген кеӊешчи болууга жетишти. Ал адамдар өзүн-өзү кемсинтүү сезиминен арылып, КИВге чалдыккан жашоону жакшырта аларына ишенет жана кыргыз коомунда мындай жарандарга карата мамиле жакшырып, алардын коомго аралашуусуна жол ачыла баштады деп эсептейт.
“Мен жакында эле эч оорусу жок кыздуу болдум. Эгер КИВге чалдыккан адам өзүнүн оюндагы чектөөлөрдү алып салса, анын жашоосунда тоскоолдуктар болбойт. Ооба, көйгөй бар, бул ооруну адам өзү жуктуруп алган. Бирок бул акыр заман эмес. Анын үстүнө, КИВ-инфекциясы менен жумушка орношуу үчүн да көптөгөн чектөөлөр алып салынган. Ырас, хирург боло албайсыз, кан менен иштеген дагы эки-үч кесипте гана иштебейсиз. Ошентип, сизге мектептерде, тамак-аш өндүрүшүндө, кафелерде ж.б.у.с. иштегенге уруксат. Адамдар буга чейин эле КИВ жөн эле жуга бербестигин түшүнүшкөн окшойт”, – дейт активист.
Милюков жана анын шериктери тарбиялык иштерди жүргүзүп, психологиялык колдоо көрсөтүп, бюрократиялык маселелерди чечүүгө көмөктөшүп, КИВ жуктурган адамдарга вирустук жүктү азайтуучу дары-дармектерди өз убагында алууга жана кабыл алууга жардам беришет.
“Мындан тышкары, биз чет өлкөдө, мисалы, Орусияда жүргөн жарандарыбыз менен байланыштабыз. Керек болсо дары-дармек жөнөтөбүз. Анткени алар көбүнчө ал жактан катталбагандыктан догдурга көрүнө алышпайт. Чет өлкөдөгү дары-дармектер таптакыр башкача, ал тургай, тесттер айырмаланат. Мисалы, мен азыр ал жакка барып анализ тапшырсам, вирустук деӊгээл түшүрүлгөндүктөн КИВ көрсөтпөйт, анткени бизде кыйла сезгич реагенттер бар. Канча жарандарыбыз ал жакка барып текшерилгенде, баары таза көрүнөт. Бирок кайтып келгенде, өнөктөштөрүнө жугузуп коюшат”, – дейт Милюков.
Мурдагы диссиденттен – активистке чейин. Зулфиянын тарыхы
Зулфия Сапарова Казакстандын эң ири шаары Алматыда “Теӊ теӊине – плюс" коомдук уюмуна иштейт. КИВге чалдыкканын 2007-жылы билген. Анын айтымында, активисттер жана консультанттар ошол кезде жетишсиз, калктын билими тайыз болгон.
“Биз ал кезде Өзбекстандан көчүп келгенде, анализ тапшыруубуз керек болчу. Ошондо үчкө толгон кичүү уулум экөөбүздө КИВ табылды, ал эми күйөөм жана улуу балам менен кызым таза чыгышты. Албетте, башында нес болуп, ишенгибиз келген жок. Баламдын алдында өзүмдү күнөөлүү сездим. Анткени ал кезде КИВГе чалдыккандар ашып барса 10 жыл жашайт дешчү”, – дейт Зулфия.
КИВден жабыркагандарга жардам берген көптөгөн адамдар сыяктуу эле, Сапарова татаал жолду басып өттү: ооруганын танып, “элден бөлүнгөн” абалдан жашоодогу жаңы парызын аӊдап билүүгө чейин жетти.
“Мен өзүмдү ушунчалык кыйнап койгондуктан, өтө алсырап, жада калса төшөктөн да тура албай калдым. Мен ар кайсы веб-сайттардан жана чаттардан бул “фармацевтикалык компаниялардын кутуму” ж.б. деген былжырак кептерди окудум. Албетте, азыр муну эстегенде күлкүм келет, бирок ал кезде мен да ошого ишенчүмүн”, – дейт Сапарова.
Зулфия бул илдет ооруканада, өз мекенинде эле, кичүү уулу төрөлгөнгө чейин жуккан болушу мүмкүн деп ойлойт. Кенже уулумдун төрөлүшү дарыланып, КИВ жана аны менен кантип толук кандуу жашоо керектиги жөнүндө көбүрөөк билүүгө түрткү берди дейт Зулфия.
“Мен анын мектепке барганын көрүшүм керек деп чечтим. 2016-жылы Алматыда КИВге чалдыккан балдардын ата-энелери үчүн алгачкы тренингдер өткөрүлө баштады. Андан кийин уулум илдети бар балдар үчүн атайын уюштурулган лагерге барып, оору жөнүндө, аны менен кантип жашоо керектиги жөнүндө көптү билип алды. Ал эми туура дарылангандар инфекциясы жоктор менен катышып, аларга оорусун жуктурбай, дени сак балдарды төрөй алаарын айтканда, бул мен үчүн бурулуш учур болду. Мен үчүн бул эң оор маселе болчу, уулумдун багы байланды, кийин балалуу боло албай калат деп коркчумун”, – дейт Сапарова.
Зулфия азыр башка аялдарга, өзгөчө дарылануудан баш тарткандарга кеңеш берет. Коомдо жектеген мамиле сакталып турат, бирок Казакстанда да жакшы өзгөрүүлөр байкалууда дейт ал.
“Азыр жаштар билимдүү. Биз бир жолу Алматыда "Мени кучакта" акциясын өткөрдүк эле, 30 жашка чейинкилер жайбаракат келип, кучакташып жатышты. Улуураак, мен курактуу адамдар мунун баарына кооптоно карап турушту. Бирок мунун баарына убакыт керек экенин түшүнөм”, – дейт Сапарова.
Зулфиянын тажрыйбасында башкача учурлар да болгон. Былтыр райондук прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте дарыланбаган баланы текшерүү үчүн үй-бүлөсүнөн алып кетүүгө барышкан.
“Барсак, прокуратура кызматкерлери кара тумоодон сактай турган кийим камдап алышыптыр! Эсиңиздеби, COVID пандемиясы учурунда ушундай кийинип алышчу эле го. Эмне үчүн алдыӊар деген суроого алар “баланын энеси КИВ менен ооруйт экен, өзү дарыланбай, баласын да дарылабайт экен, эгер ал тиштеп, тырмап ийсе эмне болот” дешти. Ошол эле жерде мини-тренинг өткөрүп, өзүмдүн деле ушундай илдетим бар экенин туура келди. Албетте, алар мени башымдан бутумдун учуна чейин сыдыра карашты, КИВге чалдыккан болсом да, куландан соо көрүнгөнүмө таӊ калышты”, – деп эскерет активист.
2024-жылдын башында Казакстанда КИВге чалдыккан 32,6 миң адам бар эле. Өткөн жылы өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Алматы шаарында жана беш облуста инфекция кыйла катуу таралып жатканын жана аны токтотуу үчүн көрүлгөн чаралар жетишсиз экенин белгилеген.
“Теӊ – теӊине кеӊешчи”
Өзбекстанда 2024-жылдын 1-январына карата КИВден жабыркаган 48,5 миңден ашуун адам болсо, анын 84% ашыгы дарыланууда.
Ташкентте жашаган Олеся Вахитова – алардын бири.
“Мен 8 жылдан бери каттоодо турам, илдетке чалдыкканымды күйөөм ооруканага түшкөндө гана билип калдым. Ошондо мен да анализ тапшыруум керектигин айтышты”, – деп эскерет мурдагы медайым.
Ал дароо эле дарылана баштап, керектүү дары-дармектерди жаздырып алды. Бирок диагнозго көнүү психологиялык жактан алда канча кыйын болуп чыкты.
"Дарыгер катары мен вирустун деӊгээлин төмөндөтүүчү дарылар бар экенин түшүнчүмүн, бирок “балким, бул жаңылыштык чыгар?” деп үмүттөндүм. Мен эми киммин, мындан ары кантип жашашым керек деп тынчсыздангандыктан, чүнчүп кеттим. Бала кезимден жакшы көргөн кесибимде иштей берсем деле болмок, анткени кан менен алектенбейм. Бирок баары бир жумуштан кеттим”, – дейт Олеся.
Күйөөсүнө да КИВ жуккан экен. Быйыл февраль айында каза болду. Бирок ал дагы өз убагында дары ичкендиктен, жубайлар экинчи балалуу болууга жетишти:
“Наристе төрөлөргө жакын мен Ташкентте “Позитивдүү эне” сынак долбоорунун катышуучулары менен тааныштым, алардын көбү мага жакшы дем-күч беришти. Бул мен үчүн чоң колдоо болду, айрыкча ай-күнүм жетип калган кезде, анткени алар КИВге чалдыккандардын дени сак бала төрөгөнү жөнүндө айтып беришти. Ошентип, мен анча коркпой калдым, шектенген сезимдерден арылдым. Азыр уулум беш жашта. Ал сопсоо төрөлгөн, протокол боюнча биз тапшырган кийинки текшерүүлөр да таза чыкты, ошондуктан аны атайын тизмеден чыгарышты”, – дейт Вахитова.
Уулунун төрөлүшү Олесянын кеңешчи болуп, аялдар менен өспүрүмдөргө көмөктөшүүсүнө түрткү берди. “Бирдей абалдагылар бири-бирине адистерден да жакшы жардам бере алаарына ишенем. Анткени консультант да сиздин жолду басып өткөн. Демек, ишенип, түшүнүү мүмкүнчүлүгү чоӊ болот", – дейт ал.
Олеся ошол эле “Позитивдүү эне” долбоорунда консультант болуп иштейт. Аны Өзбекстанда КИВге чалдыккан адамдар үчүн көптөгөн демилгелерди ишке ашырып жаткан “Ишонч ва хаёт” (“Ишеним жана жашоо”) бейөкмөт уюму ачкан, азыр да колдоп турат.
Олесянын бул долбоордо иштеп калуусуна кош бойлуу кезинде догдурлардын басмырлоосуна кабылгандыгы да себеп болгон: кээ бирлери аборт жасат деп кайра-кайра үгүттөп, боюӊдан түшүп калышы мүмкүн деп коркутушкан.
“Азыр биз баштапкы баскычтагы медициналык мекемелерде маалымат жыйындарын өткөрүүгө жетиштик. Ага чейин биз аларды ар кандай махалляларда (кварталдарда – ред.) өткөрчүбүз, анткени борбордогу эл билет, бирок бир аз эле алыстаганда, атүгүл Ташкент облусунун чегинде деле эл кыйла түнт келет, андыктан ашыкча коркушат. Бирок бул жерде биз калыптанып калган менталитетти жана маданий өзгөчөлүктөрдү эске алышыбыз керек. Ошентсе да, биз КИВге чалдыккан адамдар унчукпай, жардам сурап кайрылбай калбаган абалга акырындык менен жакындап бара жатабыз. Эң негизгиси, сөзүбүз угулуп турушу керек”, – дейт Вахитова.
Обочолонуу жана айтпай коюу менен КИВдин таралышына бөгөт коюу мүмкүн эмес
Түркмөнстан КИВге чалдыккан жарандардын саны боюнча расмий статистиканы бербейт. Бул өлкөнүн бийликтери оорунун чыныгы масштабын жаап-жашырганы үчүн сынга алынууда. 2024-жылдын жай айларында атын атагысы келбеген жергиликтүү медицина кызматкерлери “Азаттыктын” түркмөн кызматына купуя маек бергенде, акыркы 5–6 жылда бул республикада КИВ инфекциясын жуктургандардын саны бир нече эсеге өскөнүн айтышкан.
Мисалы, ашхабаддык дарыгер өлкөнүн маалыматтык, социалдык жактан жабык мүнөзү жана экономикалык кыйынчылыктар Түркмөнстанда КИВдин жайылышына шарт түзүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, түркмөн коомундагы консервативдүү көз караштар жана мамлекет өзү колдоп турган үстүрт түшүнүктөр оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, жогорку класстын окуучуларына сексуалдык билим берүүгө тоскоол болууда.
“Бийликтегилер оорулуу адамдарды жектешет, мисалы, Түркияга барып, ал жакта сойкулук менен алектенген же жыныстык турмушу башаламан болгондуктан СПИД жуктуруп, Түркмөнстанга апкелген деп айыпташат. Аларды адамдардын ооруп калышынын чыныгы себептери кызыктырбайт. Жарандар жыныстык катнаш учурунда коргоо каражаттары жөнүндө керектүү маалыматты алышпайт”, – дейт ал.
ЮНЭЙДС – БУУнун КИВ жана СПИД эпидемиясына каршы дүйнө жүзүндө күрөш жүргүзгөн уюмдарынын ассоциациясы. Мурда алар дүйнөлүк лидерлерди Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында 2030-жылга чейин КИВге каршы туруктуу пландарды иштеп чыгууга чакырышкан.
ЮНЭЙДСтин эсептөөлөрүнө ылайык, КИВге каршы ресурстардын 20% вирустан эң көп жабыркаган калк арасында оорунун таралуусун алдын алууга жумшалышы керек.
Бул уюм айрыкча инфекциянын көбөйгөнүнө карабастан, КИВге каршы каржылоо олуттуу кыскарып калган ЧЕБА аймагында тийиштүү ресурстарды көбүрөөк тартууга чакырды.
ЮНЭЙДС эгер аймактагы өкмөттөр адам укуктары боюнча мыйзамдарды бекемдесе, калктын саламаттыгына кесепети оор бул коркунучту жок кыла алаарын эске салды.
2018-жылдан бери ЮНЭЙДСтин ыктыярдуу элчиси болуп келген Эркин Рыскулбеков КИВ тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, бир нече себептерден улам Борбор Азия өлкөлөрүндө кысым жана басмырлоо ар кандай деңгээлде сакталып каларын айтты.
“Биринчиден, бул “СПИД – 21-кылымдын кара тумоосу” деп көп жазылып турган 90-жылдардан калган өксүк. Экинчиден, коомдун жабык мүнөзү таасир этет. Үчүнчүдөн, менин оюмча, коомдук-саясий фактор да абдан маанилүү. Бийик трибуналардан бул тема боюнча жектеген сөздөр көп айтылат. Мунун баары акыры КИВ инфекциясын жуктурган адамдарга карата терс мамиленин азыркыга чейин сакталышына себеп болууда. Активист катары мен бул кадимки эле оору экенин, буга караганда дем алуу оорулары алда канча коркунучтуу экенин, КИВ аба аркылуу жукпай турганын түшүндүрүүгө аракет кылам. Парламент депутаттары менен жекече сүйлөшкөн учурларым да болгон. Жеке баарлашууларда алар баарын эле түшүнгөндөй сыяктанат. Бирок элге жаман көрүнүп калам деп коркуп бул жөнүндө ачык сз кылуудан тартынышат окшойт”, – дейт Рыскулбеков.
Шерине