Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Лениндин ой чабытынын оош-кыйыш жактары жөнүндө


Владимир Лениндин гравюралык сүрөтү. Тарткан – Павел Шиллинговский.
Владимир Лениндин гравюралык сүрөтү. Тарткан – Павел Шиллинговский.

Улуу муундарда В.Лениндин теориясын тоталитардык түзүлүштүн идеологиясы катары карабастан, адил жана керемет күч катары баамдоо учурлары суюлбады. Социализмдин калпыстыгын сынга алган К.Поппер жана Ф.Хайек сыяктуу ойчулдардын ой чабыттары - ленинизмди жаңыча таразалоого өбөлгө. Тарыхчынын блогу.

Келгин куштардын канатындагы эскерүүлөр

Адатта, келгин куштар шаңдуу үн менен асман жарып учкан учурдагыдай эле ар жылы 22-апрелде, В.И.Лениндин (1870–1924) туулган күнүндө, аны мактоолорго жык толгон ой жоруулар интернеттин коомдук барактарында толуп кетет.

Бул жолу, б.а. 2023-жылы 23-апрелде деле, Кыргызстанда баягы эски көрүнүш кайталанды.

Постсоветтик Кыргызстанда демократиялык түзүлүштү колдоочулардан деп бекем саналган ишмерлердин бири – Эмилбек Каптагаев. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийин түзүлгөн жана парламенттик демократияга карай нукту жарыялаган Убактылуу өкмөттүн аппаратынын башчысы да болуп иштегени маалым. Азыркы тапта да ал либерал-демократиялык баалуулуктарды ачык жактап келе жаткан жана биз сыйлаган коомдук ишмер.

Э.Каптагаев өзүнүн “Фейсбук” барагында ушул темага кайрылды жана В.И.Ленин болбосо кыргыз улуту жок болмок болчу деген эски ырды ырдагандарга жем таштады.

Бул жарыяда Э.Каптагаев өзү да Ленинди мындайча мактай кетти:

“Биз так эле айтыбышыз керек – эгерде Ленин болбосо, анын улуттук саясаты жеңип чыгып турмушка ашырылбаса кыргыздар өз алдынча эл катары, улут катары калыптанмак эмес, өз алдынча мамлекет түзүү мүмкүнчүлүгүн алмак эмес.

Бул тарыхый факт. Россия президенти Владимир Путин ачык эле айтып жатпайбы, Лениндин кыянаттык саясаты болбогондо оруска таандык болгон 30 % жерден айрылмак эмеспиз, майда элдер өз алдынча республика болмок эмес, андай мамлекет түзүп алууга алардын акысы дагы, укугу дагы жок болчу деп. СССР кулап, өз алдынча эгеменүү мамлекет болуп кеткен республикаларды кайра басып алсам десе анын эки көзү төрт болуп турат. Бул оюн жашырбай эле айтып деле жатат. А түгүл ошол идеяга жетеленип Украинанын жерлерин басып алып, ага каршы агрессордук согуш жүргүзүп дагы жатат...” – деди Э.Каптагаев мырза.

(Лениндин доору жаатында сынды чагылдыруудан оболу калыстык иретинде анын доорун оң баалаган коомдук ишмердин пикирин так өзүндөй чагылдыруу үчүн ушул шилтемени колдондук. Бул жарыянын этегинде аны колдоого алган же сынга алган ар кыл жаштагы жана ар кыл кесиптеги замандаштардын да кызыктуу пикирлери орун алган).

Албетте, Эмилбек Каптагаев мырза Путинди баскынчы (“агрессор”) катары туура айтып жатат деп санайбыз, бирок өзү байкабастан Путиндин ырына деле ынанып калып жаткансыйт (“Владимир Путин ачык эле айтып жатпайбы...”). Себеби В.Путин Владимир Ленинди сынга алып, “ал Украинага жок жерден эле мамлекеттүүлүктү белек кылып берип салган болчу” деп каратып туруп калп айтып жатканын ЭҢ ОБОЛУ четке кагышыбыз керек.

Андан тышкары “Ленин болбосо эле улут болбой калмакпыз” деген сыяктуу эски клишелерден (калыптардан) арылышыбыз зарыл.

“Улут” деген сөздү жалаң гана Кыргызстандагы кыргыздарга ыйгарып чектелүү кыргыздардын башка өлкөлөрдө көөнө тарыхый доорлордон бери байырлап жаткан жана ленинчилердин реформаларынын четин көрбөгөн диаспоралык топторун байкабастан кемсинтип алууга жатат.

Алар да өз эне тилин жана этностук кимдигин, – Ала-Тоодогу улутташтардан таптакыр башка тарыхый кырдаалда жашагандарына карабастан, – ырааттуу сактап келишүүдө. Алар да кыргыз улутунун бир бөлүгү. Ван кыргыздары, маселен, болшевиктердин өкүмү астында эч жашабаса деле, кыргыз улутунун бир ажырагыс бөлүгү.

Эгемендик күрөштөрү Ленинсиз эле жүрүп турган

Тарыхый факттарды алсак, оторчул Орусиядан обочолонуп, эгемен бололу деген, же болбосо, болочокку демократиялык федерациялык Орусия жумуриятында автономия бергиле деп талап кылган кыймылдар Финляндия менен Украинадан тартып, Кавказ, Борбордук Азия жана Сибирге (Шиберге) чейин дүрт этип чыккан кезеңде саясатчы Владимир Ленин же Швейцарияда бозгунда жүргөн, же Разлив көлүнүн жанында чөптөн жасалган алачыкта (Григорий жыл санагы боюнча 1917-жылы 22-июлдан 22-августка чейин) Убактылуу өкмөттөн жашынып жүргөн, же Финляндияга убактылуу качкан кези болчу, же Петроградда эми гана өз бийлигин бекемдөөгө тырышып жаткан кези эле.

Түркстан автономиясы

1917-жылы мартта Түркстан аймагында жадиддер (жаңыча агартуу системасын куруп жаткан түрк тилдүү ж.б. мусулман айдыңдар) тарабынан “Шура-йи ислам” (“Ислам Кеңеши”) деген уюм негизделген. Ал эми болшевиктер Петрограддагы бийликке бул окуядан 8 айдан кийин гана келишкен.

Ошол 1917-жылы жайында Түркстан аймагында кийинчерээк “Туран” деп аталган, оболу “Түрк тектүүлөр борбору” (“Түрк Адамы Марказияти”) деп аталган саясий уюм да негизделген. Бул уюм да түрк элдеринин эгемендиги идеясын колдоого алган. (Кийин кыргызстандык сталинчилер ойдо жок жерден “Социал Туран партиясын” жашыруун түзүшкөн деген жалган доону токуп, бир катар кыргызстандык айдыңдарды ГУЛагга айдаган жана атып өлтүргөн учурларда 1917-жылдагы ушул сыяктуу жалпы түркчүл окуяларды шылтоо кылышкан эмеспи).

“Шура-йи ислам” уюмунун либерал канаты 1917-жылы 26-ноябрда “Түркстан мухтарияты” (“Түркстан автономиясы”) деген мамлекетти түзгөн. Анын жетекчилеринин бири – айтылуу казак саясатчысы, антиленинчи Мустапа Чокай болгон. Кыска убакыт өмүр сүргөн жана кызыл аскерлердин чабуулунан улам кулаган бул мамлекетте Борбордук Азиядагы алгачкы секулярдык (айдыңдык), демократиялуу, көп партиялуу, көп этностуу өкмөт түзүлгөн.

Түркстандагы эскичилдер (“кадимчилер”) шарыятка негизденген мамлекет курууну эңсешкен, бирок көпчүлүктү түзгөн “жадидчилер” динди мамлекеттик башкаруудан обочо кармаган секулярдык (айдыңдык) автономиялык өкмөт курууга жетишкен.

2021-жылы Анжыян мамлекеттик университетинде Надырбек Камилов (Нодирбек Комилов) мырза философия доктору (PhD) даражасын алуу үчүн жазган диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Анын диссертациясында Түркстан автономиясынын парламентинин (“Элдик жыйын”, өзбекче “Халқ мажлиси”) мүчөлөрүнүн бири катары Фергана вилайетинен шайланып келген Жамшитбек Карабек уулу (Жамшидбек Қорабек ўғли) эскерилген.

(Белгилей кетсек, бул тарыхый инсан – Кокон хандыгы доорундагы кыргыздын чыгаан төбөлдөрү Алымбек датка менен анын жубайы Курманжан датканын небереси болот эмеспи. Демек, оштук, кокондук жана анжыяндык кыргыздар да Түркстан автономиясынын негизделишине жандуу катышкан).

1996-жылы Ташкенде докторлук диссертациясын “Түркстан мухтарияты: Эркиндик жана көз каранды эместик үчүн күрөш (1917––1918-жж.)” [Туркистон Мухторияти: борьба за свободу и независимость (1917–1918 гг.)]” деген темада жактаган тарыхчы жана арабист Саидакбар Агзамхожаев мырзанын архивдик даректерге таянып жазышынча, борбору Кокон шаарында болгон бул автономияда өзбек, кыргыз, тажик, казак жана орус тилдеринде сүйлөшкөн.

Түркстан чөлкөмүндөгү поляк диаспорасы да Кокондогу автономияны колдоого алгандыгы тууралуу архивдик маалыматтар бар.

Бул автономия болшевиктердин өзүн өзү жоюу талабын четке каккан соң, Маскөөдөн 11 эшелондон турган поюз менен аскерлер жана замбиректер алынып келип, 1918-жылы 23-февралда Түркстан автономиясы ойрон кылынган, дейт С.Агзамхожаев. Ошондон кийин гана басмачылык кыймылы деп аталган улуттук боштондук күрөшү дүрт жанган.

Түркстан автономиясынын ойрон кылынышы – ленинчилер “ар кандай улут өз тагдырын өзү аныктоого акылуу” деген ураанды кайра өздөрү тепселеген алгачкы окуялардын бири болуп калды.

(Кыстара кетсек, Мустафа Чокайдын орус тектүү жесири Мария Чокаева Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өз күйөөсүнүн эскерүүлөрүн Париж шаарында басмага даярдап жаткан чакта, ага бозгундагы кыргыз журналисти Азамат Алтай кол кабыш кылгандыгы маалым).

Украинанын Борбордук Радасы – Путиндин калп сөзүн ашкерелеген тарых

Ал эми Украинада 1917-жылы 20-мартта Борбордук Рада деген саясий ынтымак түзүлгөн (“рада” – “кеңеш” деген маанини берет). Аны Орусиядагы сүргүндөн кайтып келген тарыхчы Михаил (Михайло) Грушевский 28-марттан тартып түздөн-түз жетектей баштаган.

Бул уюм Украинанын эгемендиги идеясын көтөрүп чыккан кезде, улутчул эсерлер менен улутчул социал-демократтарга да таянган. Ал кезде В.И.Ленин Цюрихте (Швейцарияда) бозгунда жүргөн жана украин эгемендиги идеясына эч тиешеси жок болчу. Социал-демократтардын бардыгы тең эле болшевик болушкан эмес. Алардын байистүү канаты “меншевиктер” (“азчылыктагылар”) деп аталган.

1917-жылы апрелде Жалпы украин курултайында Украина Жогорку Радасынын башчысы болуп кайра шайланган Грушевский мырза Убактылуу өкмөт менен Украинага автономия берүү талабы жаатында сүйлөшүү жүргүзүүгө далаалат жасаган.

Иоганн Баптист Гоманн даярдаган Украинанын картасы 1716-жылы Нюрнбергде жарык көргөн. Мында анын 1720-жылкы жаңы чыгарылышынын сырткы шөкөттөлүшү тартылган. Картанын аталышы: "Vkrania que terra Cosaccorvm..." ("Украина – козактардын аймагы...").
Иоганн Баптист Гоманн даярдаган Украинанын картасы 1716-жылы Нюрнбергде жарык көргөн. Мында анын 1720-жылкы жаңы чыгарылышынын сырткы шөкөттөлүшү тартылган. Картанын аталышы: "Vkrania que terra Cosaccorvm..." ("Украина – козактардын аймагы...").

23-июнда Жогорку Рада Украинаны өз тарабынан эле (Убактылуу өкмөттүн чечимин күтпөстөн) автономия деп жарыя кылган. Бул – эгемендикке карай кеткен алгачкы тепкич болчу.

Ал эми 1917-жылдын 3-июнунан 24-июнуна чейин Петроградда Жумушчу жана жоокер (солдат) депутаттарынын Кеңештеринин Бүткүл орусиялык I курултайы болуп жаткан. Ага катышып жана тынч жол менен Убактылуу өкмөттөн бийликти тартып алууга чакырып бир нече жолу чыгып сүйлөп жаткан В.Лениндин Украинадагы Жогорку Рада менен иши деле болгон эмес.

Украин тарыхчысы жана мамлекеттик ишмери Михаил Грушевский (Михайло Грушевський)
Украин тарыхчысы жана мамлекеттик ишмери Михаил Грушевский (Михайло Грушевський)

1917-жылдын 20-ноябрында Грушевскийдин сунушу менен Украина Элдик Республикасы (Українська Народна Республіка) түзүлгөн. Ал учурда В.Ленин Петроградда да өз бийлигин толук чыңдай элек болчу жана солчул эсерлер менен Уюштуруу жыйыны (Учредительное собрание) деген демократиячыл жана көп партиялуу курултайды өткөрүү жаатында соодалашып жаткан.

Ал эми болшевиктер 1918-жылы 18-январда Петроградда жаңы өкмөттү Уюштуруу жыйынын (Учредительное собрание) күчтөп таркаткан маалда Украина өз эгемендигин жарыялаган болчу. Ага чейин ошол эле январдын ичинде болшевиктер Киевде козголоң чыгарган учурда, Украинанын Жогорку Радасынын аскер күчтөрү болшевиктердин козголоңун баскан болчу.

Демек, Орусиянын азыркы президенти В.Путин мырза бул тарыхый окуяларды билбейт же, билсе да, атайылап бурмалап жатат.

Ленин жана анын өкмөтү күчтөнүп, кызыл террор аркылуу Украинаны кайра каратып алганга чейин дагы далай суулар аккан болчу.

Башкырлардын улуттук баатыры Салават Юлаевдин (Салауат Юлай улы; 1754--1800) Башкортостандын борбору Уфа (Өфө) шаарындагы айкели.
Башкырлардын улуттук баатыры Салават Юлаевдин (Салауат Юлай улы; 1754--1800) Башкортостандын борбору Уфа (Өфө) шаарындагы айкели.

Башкортостан автономиясы

Ушундай эле кызуу окуялар Башкыр жергесинде да болгон. 1917-жылдын июнунан тартып Башкыр кеңештери (“шура”) уюштурула баштаган. Коңшу Татарстандын негизги шаары Казанда жалпы орусиялык мусулмандардын жыйындары өтүп жаткан маалда, Башкортостанда улуттук мамлекеттүүлүк идеялары байма-бай көтөрүлгөн.

1917-жылы июл-август айларында (В.Ленин Убактылуу өкмөттөн бекинип жүргөн чакта) башкырлардын Биринчи жана Экинчи курултайлары өткөрүлүп, федерациялык мамлекеттин курамында демократиялык автоном жумурият түзүү тууралуу чечим кабыл алышкан.

Башкыр облус кеңеши 1917-жылы 28-ноябрда (мурдагы жылсанак боюнча 15-ноябрда) “Башкортостан” (“Башкурдистан”) деген улуттук автономия жарыялаган. Бул да эгемендикке карай багытталган кыймыл болчу жана жер-жерлердеги бир катар кеңештер болшевиктерге эч баш ийген эмес.

1918-жылы январда Башкортостандын өкүлү Ш.Манатов Петроградга келип, Ленин менен жолуккан. Ленин бал тилге салып, “башкыр кыймылын контрреволюциячыл деп эсептебейбиз” деп айткан, бирок баары бир Лениндин өкмөтү башкыр автономиясын расмий тааныбай койгон.

1918-жылы мартта башкыр полкунун (кошуунунун) жоокерлеринин бир бөлүгүн кызыл гвардиянын жоокерлери кырып салышкан. Башкыр өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү болшевиктер тарабынан камакка алынган жана 2 мүчөсү атып өлтүрүлгөн.

Башкыр тарыхчысы жана мамлекеттик ишмери, түркиялык профессор Ахмет Заки Велиди Тоган (Әхмәтзәки Әхмәтшаһ улы Вәлиди; 1890--1970).
Башкыр тарыхчысы жана мамлекеттик ишмери, түркиялык профессор Ахмет Заки Велиди Тоган (Әхмәтзәки Әхмәтшаһ улы Вәлиди; 1890--1970).

Башка окуяларга тереңдеп кирип отурбастан айтаарыбыз, Лениндин өкмөтү эгеменчил бшкырлардын лидерлерин террордук жана башка ыкмалар менен жок кылган, чыгыш таануучу жана тарыхчы Ахмед Заки Валиди Тоган сыяктуу өкүлдөрү кийинчерээк Алаш-Ордону колдогон жана акыры чет мамлекетке сүргүнгө кетүүгө аргасыз болушкан.

Бул тарыхый окуялар жөнүндөгү факттар, албетте, Путинге империячыл кыйшык күзгү аркылуу жеткирилген болуусу толук мүмкүн.

Кырым 1917-жылдын соңунда кимдики эле?

1917-жылдын 9-декабрында (Юлий жылсанагы боюнча 26-ноябрда) өз ишин баштаган Кырым татар элинин Биринчи курултайы 4 күндөн соң Кырым Эл Жумурияты (Qırım Halq Cumhuriyeti) түзүлдү, деп жар салган.

Бул окуялар дагы Кырым жарым аралынын түпкү калкы В.Лениндин уруксаты жок эле эгемендик үчүн күрөш жүргүзгөндүгүн айгинелейт.

Бакчасарай (кырым татарча “Бағчасарай; Bağçasaray; украинче жана орусча Бахчисарай) шаары кыска убакыт гана өкүм сүргөн Кырым Эл Жумуриятынын борбор шаары болуп калган.

Болшевиктер Кырым Элдик Жумуриятын тааныбай коюшкан. Алар Кара деңиз аскер флотунун көмөгү менен Кырымды күч менен каратып алышып, Кырым Элдик Жумуриятынын өкмөтүн кулатышкан.

Демек, 1918-жылдын январындагы жана февралындагы бул окуялар “улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугун” Лениндин өкмөтү Кырымда да тебелеп-тепсегендигин тастыктайт.

1921-жылы түзүлгөн Кырым АССРи (Qırım Muhtar Sotsialist Şuralar Cumhuriyeti) деле 1945-жылдын 30-июнунда, Сталиндин бийлиги маалында, бир тараптуу жоюлуп салынган. Кырымдан мыйзамсыз депортацияланган элдердин өкүлдөрүнүн үнүн уккан эч бир ленинчи болгон эмес.

Алтайдагы эгемендик кыймылы

1917-жылдын жаз айларынан тартып Сибирде (Шиберде) да түпкү элдердин өкүлдөрү саясий кыймылдарды негиздей башташкан.

Алтайлык сүрөтчү жана коомдук ишмер Григорий Чорос-Гуркин 1917-жылы 12-майда Томск шаарында, губерниялык элдик жыйындын биринчи отурумунда чыгып сүйлөп, “Алтай жана анын муктаждыктары тууралуу” баяндама жасаган. Болшевик эмес саясатчылар үстөмдүк кылган бул отурум Шибердеги орус эмес түпкү элдердин өз тагдырын өзү чечүү укугун жактаган чечим чыгарган.

Алтайлык жана башка сибирдик түпкү элдердин автономиячыл кыймылын айтылуу орус либерал-демократы жана окумуштуусу Григорий Потанин (1835–1920) колдоого алган. (Ал казак окумуштуусу Чокон Валихановдун досторунан болгон).

Томск шаарында Томск губернисынын Биринчи отурумунда Г.Потанин мырза өзү да Түштүк Сибирдеги жана Алтайдагы түрк элдери үчүн Сибир мамлекетинин курамындагы Алтай жумуриятын түзүп берүү жана ал жумуриятка Энесайдан орустун, монголдун жана кытайдын Алтайына жана Жунгарияга чейинки ири чөлкөмдү киргизүү сунушун айтып чыккан.

(Потанин мырза “алашчыларды” да колдоп чыккан. Ал 1917-жылы июлда Оренбургдагы Биринчи жалпы кыргыз (кыргыз жана казак) курултайына Семейден шайланып барып катышкан. Аны казак ишмери Миржакып Дулатов “биздин Сибирдеги өзгөчө сыйлаган аксакалыбыз” деп жылуу баалап кабыл алган. “Алашчылардын” арасында орустун да болгондугу “бул автономиялык кыймыл жалаң гана ашынган улутчул түрктөрдөн турган” деген эски түшүнүктү четке кагууга мүмкүндүк берет).

1918-жылы 22-февралда Улала (азыркы Горно-Алтайск) шаарындагы Теги башка (“инородцы”) жана дыйкан депутаттардын Уюштуруу курултайында Каракорум-Алтай аймагы (Каракорум-Алтайский округ) деген автоном аймак негизделген жана анын башчысы болуп таланттуу сүрөтчү, тег алтайлык Григорий Чорос-Гуркин (1870–1937) шайланган.

Ошентип, 1917-жылы алтайлыктардын автономиялык макамда болсо да өз алдынча мамлекеттик бийлиги түзүлөт. Г.Чорос-Гуркин оболу Алтай Думасынын, андан соң Алтай–Каракорум чөлкөмдүк башкармалыгынын жетекчилигинде иштеп калат.

Жарандык согуш маалында Сибирдин көп аймагын көзөмөлдөгөн ак гвардиячылар (колчакчылар) Чорос-Гуркинди “жикчилдик кылды жана ата мекенге чыккынчылык саясатын жүргүздү” деп айыпташкан. Ак гвардиячылар Чорос-Гуркинди 1919-жылы апрелде Бийск шаарында убактылуу камакка алышат. Күрөө коюлуп, боштондукка чыгар замат, ал Монголияга качып кетүүгө аргасыз болгон.

Алтай, Тыва, Бурятия, Хакасиядагы 1917–18-жылдардагы бул эгеменчил кыймылдарга да Лениндин тиешеси болгон эмес.

Жарандык согуш аяктагандан кийинки баскычта гана Лениндин өкмөтү жер-жерлерде өз бийлигин чыңдоо үчүн советтик автономияларды сунуштого аргасыз болгон.

“Бала ыйлабаса эмчек жок” дегендей, оболу жергиликтүү айдыңдар өз элинин укугу үчүн күрөшүп чыкканын баса айтуу керек. Маселен, кыргыздар 1922-жылы жазында түзгөн Тоолуу облус ошол эле жылы жайында Маскөөдөгү ленинчилер тарабынан жоюлгандыгына карабастан, кыргыздардын автономия идеясы үчүн күрөшү 1924-жылы кайра эске алынган.

Кыргызстандагы соңку талкуунун өңүттөрү

Ал эми эгемен Кыргызстанда В.Лениндин жана анын үзөңгүлөштөрүнүн идеологиясы жана коомдук тажрыйбадагы иш-аракети жаатында мурда айтылбаган жагдайларды улам жаңы факттарга таянып ачыкташыбыз зарыл экени айдан ачык.

Айрым өңүттөрдү белгилей кетелик.

1917-ж. марты. Швейцариянын Цюрих шаары. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (болду)!” В.Ленин: “Мен – экинчисине да!” (Азил текст)
1917-ж. марты. Швейцариянын Цюрих шаары. Н.К.Крупская: “Вова, турсаңчы, ыңкылап (болду)!” В.Ленин: “Мен – экинчисине да!” (Азил текст)

Бастилияны ким алган? Опей, падышалыкты ким кулаткан?

Падышалык режим кулатылган 1917-жылкы Феврал ыңкылабы маалында В.Ленин Швейцариянын Цюрих шаарында бозгунда жашап жаткан. 1917-жылдын башында Орусияда жигердүү жана ачык аракеттер болгондордун, демек, падышалык режимге каршы ачык оппозициянын өкүлдөрүнө аз сандуу болшевиктер кирген эмес. Болшевиктердин көптөгөн лидерлери же сүргүндө, абакта, же бозгунда болчу. Демек, падышалыкты эч качан В.Ленин жана болшевиктер кулаткан эмес.

Википедия” сыяктуу ачык интернет булактарынан буларды окууга болот:

1917-жылы апрелде швейцариялык социал-демократ Фриц Платтендин (1883, Таблат, Швейцария – 1942, сталиндик ГУЛагда өлгөн) жардамы менен кайзердик немис бийликтери Ленинге жана анын партиялык 35 үзөңгүлөшүнө Швейцариядан Германия аркылуу поюз менен Орусияга кайтып барууга уруксат берген.

Германдык башкы штабдын жетекчиси, генерал Эрих фон Людендорф Лениндин Орусияга аман-эсен өтүшү аскердик көз караштан алганда кайзердик Германиянын кызыкчылыгына төп келет, деп ырастаган.

Лениндин жанында жубайы Надежда Крупская, андан тышкары Григорий Зиновьев (Овсей-Гершен Аронович Радомысльский), Карл Радек (Кароль Зобельзон) жана Инесса Арманд (Élisabeth Inès Pécheux d’Herbenville) сыяктуу болшевиктер болгон. Албетте, 1917-жылы 16-апрелде (юлий жылсанагы боюнча 3-апрелде) Петроградга жетип алган Ленин болсо “империалисттерди куп гана алдадым, эми Орусияда эле эмес, жалпы дүйнөлүк пролетардык ыңкылапты баштайм” деп кыялданган.

Владимир Ильич Ленин менен Надежда Константиновна Крупская, 1918-жыл.
Владимир Ильич Ленин менен Надежда Константиновна Крупская, 1918-жыл.

Болшевиктерге кайзердик Германия каржылык колдоо да көрсөткөн. 2007-жылы декабрда германдык “Дер Шпигел” (Der Spiegel) басылмасы жарыялаган маалыматка караганда, 1914–1917-жылдардын ичинде эле кайзердик Германиянын тышкы иштер министрлиги орусиялык болшевиктерге 26 миллион рейхсмарка (75 миллион еврого тете) акча каражатын жумшаган имиш. (Бул жаатта СССРде маалымат ачык айтылчу эмес).

1917-жылы 21-апрелде (юлий жылсанагы боюнча 8-апрелде) Стокгольмдогу немистик чалгын башкармасынын жетекчилеринин бири Берлиндеги тышкы иштер министрлигине Ленинди Германия менен согушуп жаткан Орусиянын аймагына аман-эсен жеткирип алышкандыгын телеграф аркылуу маалымдап, эми Ленин “так биз каалагандай иштейт" деген.

Болшевиктердин дагы бир чыгаан лидерине айланган Лев Троцкий АКШдан Канада аркылуу Петроградга 1917-жылы 4-майда гана келип жеткен. Ал деле ошол жылдын башында “падышалык режим көпкө чейин жашайт ко” деп ойлоп жүргөн.

Бирдиктүү улут идеясы жана маңкурттук

В.Лениндин жана башка орус марксисттеринин сүйгөн сөзү – "болочокто улуттар жоюлуп, бирдиктүү улут түзүлөт" деген кыялга байланыштуу эле.

Даңазалуу кыргыз жазуучусу, Лениндик сыйлыктын ээси Чыңгыз Айтматов өз романында "маңкурт болбогула" деп үндөп чыкканы – дал ушул “улуттар бара-бара жок болот” деген лениндик идеологияга эч ишенбегиле, өз тарыхый мурасыңарды жана улутуңарды сактап калгыла" деген залкар ойду камтыган.

Совет доорунда “кыргыздарга жазманы да, маданиятты да, мамлекетти да Ленин берген” деген ой үстөккө-босток таңууланчу.

Орто кылымдардын эрте мезгилиндеги (б.а. түштүк славяндар Кирил менен Мефодий кирил жазмасын ойлоп таба элек маалдагы) Орхон-энесай руна сымал (“битик”) жазмасы түгүл, 1911-жылы жарыкка чыккан Эшенаалы Арабай уулунун алиппесин, тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун тарых китептерин жана башка кыргызча жарык көргөн китептерди да жакшылыктуу атап айтчу эмеспиз да. Анткени ал факттар “жазманы бизге Ленин берген” деген калпыс жобого көлөкө түшүрүп салмак.

Борбордук Азияда 1916-жылы Ленинден кабары жок эле көтөрүлүшкөн

1916-жылы 4-июлдан тартып падышалык оторчуларга каршы эгемендик үчүн курал көтөрүп күрөшкөн борбордук азиялык элдердин арасында кыргыздар да болду.

Ошол жылдын август–сентябрында кыргыздар бир катар аймактарда кубаттуу көтөрүлүшкө чыгышкан жана убактылуу болсо да эгемен хандыктарды жарыялашкан (Канаат хан Ыбыке уулу, Мөкүш хан Шабдан уулу, Баатыркан хан Ногой уулу, ж.б.). Бул маалда Лениндин ким экендигин деле алиги лидерлер эч билишкен эмес.

Убактылуу өкмөт маалында уюшулган эгеменчил уюмдарга, андан соң Түркстан автономиясы, Алаш-Ордо сыяктуу түзүлүштөргө кыргыздар жана башка борбордук азиялык түпкү калктар Ленинсиз эле катышкан.

Эгерде жок дегенде солчул эсерлерди (алар да социалист ыңкылапчы болушкан) кеңештердин курамынан сурүп чыгарып, аларга тыюу салбай койгондо, анда бир партиянын (болшевиктердин) диктатурасы жана кийинки сталинизм менен сталиндик репрессиялар эч болмок эмес.

Балким, анда Сталин түгүл Ленин деле шайлоо жолу менен жеңилип калышмак, бирок андан ары мынчалык алааматтуу жарандык кыргын болмок эмес, жасалма ачарчылык жана массалык репрессиялар орун алмак эмес.

Тараза оош-кыйыш жактарды да эске алышы керек

Демек, тарыхый инсан өзүнүн көз карашындагы жана турмуштук ишмердигиндеги өңүттөр боюнча позитив (оң) жагы менен дагы, негатив (терс) жагы менен дагы чогуу бааланышы зарыл.

Чынында, Владимир Ленин өз өмүрүнүн соңунда бөлүндүдө (изоляцияда) калып өлдү. Анын аргасыз киргизген Жаңы экономикалык саясаты (НЭП), Сталиндин жетекчиликке талапкер болушуна каршы маанайдагы жашыруун каты, албетте, эски марксисттик догмалык түшүнүктөн арылуу боюнча жеке күрөшүнүн бөлүгү болчу.

Өзүнүн айрым каталарын түшүнө баштаганда Ленин катуу ооруп калды да, Сталин ага көп кишилерди жолотпой койду. Болбосо НЭП саясаты Дэн Сяопиндин саясатына, Чехословакиядагы Александр Дубчектин реформасына окшош саал либералыраак нукта кетмектир, ким билсин?

Тоталитардык системаны Ленин түптөй баштаган

Албетте, Лениндин “пролетардык ыңкылапты коргоп калуу” урааны менен саясий диктатура орнотуп, репрессиялар жүргүзүп, концлагер уюштуруу жаатындагы аракеттерин кийинки тоталитардык режимдердин башчылары ого бетер ырайымсыздык менен улантышты.

Эми, эң башкысы, коммунисттердин (анын ичинде Лениндин) жеке менчикке каршы туура эмес саясатын эгемен Кыргызстандын тушунда жон терибиз менен аңдай алдык го дейм.

"Дордой" базарындагы чөлмөкчү соодагерлердин айкели. 2022-ж. Бишкек шаары
"Дордой" базарындагы чөлмөкчү соодагерлердин айкели. 2022-ж. Бишкек шаары

Кыргызстанды экономикалык туңгуюктан алып чыккан зор кыймылдаткыч күч – бул эркин экономикага, эркин базар мамилелерине карай багыт болду.

“Өкмөтүңөр жакыр экен, бирок жарандарыңар бай экен” деген сөздү айрым постсоветтик авторитардык өлкөлөрдөн Ала-Тоого келген коноктор далай эле айтып жүрүштү.

Бүгүнкү учурда Ленинди мактаган эски муун өкүлдөрүнүн көбү эгемен өлкөдөгү азыркы чакан Компартияга эмес, көбүнесе ким президент болсо, ошонун партиясына өтө калып же өз партиясын (марксизмге эч караандабаган жана базар экономикасын колдогон саясий уюмду) түзүп жатышат.

Ал эми социал демократиялык жетишкендиктер дүйнөдө Ленин жана тарапкерлери эч бир жолу жеңбеген көп партиялуу өлкөлөрдө акырындап жана ырааттуу жүзөгө ашырылып келет (Дүйнөдөгү кубаттуу делген капиталисттик мамлекеттерди мындай коюп, Швеция, Финляндиянын бакыбат турмушун эле алалы).

Теңчилик ураанын бир беткей колдонуу

Марксизм (анын ичинде ленинизм), албетте, «теңчилик» деген ураанды, – 1789-жылы француз ыңкылабы көтөрүп чыккан ураанды, – андан ары желек кылып желбиретип улантууну самаган болчу, бирок бийликке бир партиянын аты менен жармашып келип алган партократ төбөлдөр өз теориясында “пролетариат диктатурасы” деп белгиленген сөз айкашынын күчү менен иш жүзүндө адам укуктарын тебелеген, миллиондогон кишилерди террор же ачарчылык аркылуу кыргынга учураткан, жана жеке менчикти, базар экономикасын танган желмогуз тоталитардык партократиялык (бир партиянын жетекчилери гана жыргаган) түзүлүштү орноткон.

Демек, “теңчилик” сөзү өз оюна каршы чыкканды куугунтукка алуу катары аңдалбашы керек, басмачысың деп кырып, бай болчусуң деп сүргүнгө айдоо зарыл деп аңдалбашы керек болчу; чыныгы теңчилик учурунда эч ким капиталист, бай-манап, эсер, алашчы, троцкист, пантүркчү, панисламчы ж.б. болчусуң деп жазыксыз жерден абакка салынбашы керек эле.

Немис капиталистинин уулу Фридрих Энгельс Манчестер шаарында кездеме токуу ишканасына кожоюн эле. Лениндин атасы Илья Ульянов анык статс-кеңешчи даражасына чейин көтөрүлгөн (бул наам аскердик генерал-майор даражасына тете болгон дешет) жана анын урпактары укумдан тукумга ак сөөк (дворян) болуп калышкан. 1897-жылы Түштүк Сибирдеги Шушенское кыштагында сүргүндө жүргөн Володя Ульяновдун эң башкы көйгөйү – үй кызматкерин табуу болгон.

Ал эми бийликке келген соң, Ленин эзүүчү таптын өкүлдөрүн концлагерге камоо тууралуу үндөгөн. Өзү болсо эзүүчү партократтардын алгачкы муунунун баштоочусу болуп калган.

Лениндин төбө чачты тик тургузчу айрым каттарын орустун диссидент жазуучусу Венедикт Ерофеев (1938–1990) тизмелеп бергени эсте (бул мисалдардын бардыгы тең Лениндин чыгармаларынын расмий жарыяланган толук жыйнагында бар):

Кеңеш өкмөтүн сактап калуу үчүн алпурушуп жаткан чактагы Владимир Ленин жазган каттардан:

“Жолдош Зиновьевге, Петроградга:

“Жолд. Зиновьев! Бүгүн гана биз, БКдагылар, Питерде жумушчулар Володарскийдин өлүмүнө карата массалык террор менен жооп бергиси келип жатышканын жана Сиз аларды токтотуп салганыңызды үйрөндүк.

Мунуңузга чечкиндүү түрдө каршымын! Биз кайра өзүбүздү кыйчалыш акыбалга калтырып жатпайбызбы: ал түгүл Депутаттар кеңешинин резолюциялары аркылуу дагы массалык террорго барабыз деп коркутуп койобуз, ал эми иш жүзүнө келгенде массалардын революциялык демилгесин, нагыз туура демилгесин токтотуп салабыз. Минтүүгө бо-л-бо-йт! Террордун күч-кубатын жана массалык деңгээлин арттырууга шыктандыруу керек!” (1918-жылдын 26-ноябры).

*******

“Жолдош Сталинге, Царицынга:

“Солчул эсерлерге айоосуздук менен мамиле кылгыла жана бизди тез-тез маалымдап тургула”.

“Бул бечара жана тажаал авантюристтерди бардык жактардан айоосуз басып салуу керек”. (1918-жылдын 7-июлу).

*******

Тоталитардык түзүлүштү сынга алуу. Попппер жана Хайек

1991-жылы 31-августта жана сентябрда Кыргыз жумурияты КПССке каршы чыгуу жана ага тыюу салуу аркылуу мурдагы лениндик саясатты тарых таштандысына ыргытып, эгемендикке жана демократияга карай жол чапкан.

Арийне, азыркы тапта деле “де-советтештирүү” жана “де-коммунизмдештирүү” жүрүмү мажүрөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстанда көптөгөн жогорку билимдүү делген кишилер деле дүйнө жүзүндө коммунисттик идеологияга каршы айтылып келе жаткан сын көз караштарды терең биле беришпейт.

Маселен, австриялык ойчул, философ Карл Поппердин (1902–1994) ачык коом жана демократиялык принциптер тууралуу эмгектерин жана австриялык экономист, Нобел сыйлыгынын ээси Фридрих Август фон Хайектин (1899–1992) экономикадагы либерализм жана ачык базар экономикасы тууралуу эмгектерин көпчүлүк алатоолуктар биле беришпейт.

Ойчул Карл Поппер (1902--1994)
Ойчул Карл Поппер (1902--1994)

Поппер мырза ачык коомдо ар бир жаран өз өкмөтүн ачык сынга ала алат, деп баса белгилеген. Ал марксисттердин болочокку коммунисттик доор тууралуу жомогун аёосуз сынга алган. Анын пикиринде, коомдук өнүгүүнү өз тар түшүнүгүнүн чен-өлчөмү менен мыйзамга айлантып аныктоонун өзү майнапсыз, анткени адамзаттын коомдук тажрыйбасы чексиз улантылып, улам жаңы өзгөрүүлөргө тынымсыз учурай берет.

Эң башкысы, Поппер улуттар жоголот деген теорияга ынанган эмес; ал көз караштардын ар түркүндүгү зарыл жана көп тарамдуу маданий жана цивилизациялык очоктор үчүн коом дайыма ачык болууга тийиш деп санаган.

(Дагы караңыз: Поппер К. Бүтпөс изденүү. Интеллектуалдык өмүрбаян. (Popper, Karl, Unended Quest. An intellectual autobiography) / Англис тилинен которгондор Г.С.Касмамбетова, Т.К.Абдиев; кыргызча басылышынын илимий ред. Т.Абдиев; сүрөтчүсү Э.Тилеков. –– Бишкек, “Ариал-Принт” фирмасы; “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999. –– 292 б.)

Демек, улуттардын ар түрдүүлүгү – эч кандай кемчилик эмес.

Ал ар түрдүүлүк – адамзаттын байлыгы.

Азыр да ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар чакан этностордун тилдеринин жана маданий мурастарынын жок болуп кетишине каршы аракет кылууга үндөп келишет.

Айтыш өнөрү, «Манас» үчилтиги, көк бөрү, чүкө оюндары, ал түгүл түрк кофеси жана танго бийи сыяктуу заттык эмес маданият көрүнүштөрү да азыр ЮНЕСКО тарабынан жалпы адамзаттын заттык эмес маданиятынын мурасы катары өзгөчө тизмеге киргизилди.

Улуттар жоголчу болсо, бул мурас түрлөрү да “эскирген” деген шылтоо менен жоголууга тийиш эле да.

Фридрих Август фон Хайек (1899–1992) – австриялык экономист жана саясат таануучу, 1974-жылдагы экономика боюнча Нобел сыйлыгынын ээси.
Фридрих Август фон Хайек (1899–1992) – австриялык экономист жана саясат таануучу, 1974-жылдагы экономика боюнча Нобел сыйлыгынын ээси.

Ал эми Фридрих Август фон Хайектин тоталитардык түзүлүштөргө мүнөздүү болгон пландуу экономика сөзсүз түрдө майнапсыз болуп чыгат, анткени ар кандай пландоочулар баары бир коомдогу экономикалык турмуштун ар кыл күрдөөлдөрүн жана чоо-жайларын эч качан эсепке алып үлгүрө албайт, деп түшүнгөн.

Солдон оңго: Йоахим фон Риббентроп, Иосиф Сталин, Фридрих Вильгельм Гаусс, Густав Хильгер, элчи Фридрих фон дер Шуленбург. Москва, Кремль, 23-август, 1939-ж.
Солдон оңго: Йоахим фон Риббентроп, Иосиф Сталин, Фридрих Вильгельм Гаусс, Густав Хильгер, элчи Фридрих фон дер Шуленбург. Москва, Кремль, 23-август, 1939-ж.

Ал Германиядагы Гитлердин, Италиядагы Муссолинин жана СССРдеги Сталиндин режимдеринин окшош мүнөзү – бул пландуу экономикага таянчу социалисттик окуу деп баалаган.

(Дагы караңыз: Хайек Ф.А. Жазмыштуу текебердүүлүк: Социализмдин каталары (Hayek F.A., The Fatal Conceit: The Errors of Socialism) / Англис тилинен кыргызчага которгон Т.К.Чоротегин. - Бишкек: “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998. –– 268 бет.)

Хайек эркин базар мамилелерине таянган демократиялык түзүлүш гана адамзатты тоталитардык туңгуюктан жана жакырчылыктан биротоло алып чыга тургандыгын баса белгилеген.

Соңку сөз

Бир эле макаланын же блогдун алкагында эч ким эч бир кишини буга чейинки көз карашынан айныта албастыгы анык.

Ленин деле гуманист болгон, анын деле ак тилеги жана ишмердигинин дурус натыйжалары болгон. Маселе – аны түбү барып тоталитаризмге такаган ак тилеги үчүн эле бир тараптуу көкөлөтүү аркылуу анын айрым зыяндуу идеяларына карата калыс жана орундуу сын пикирлерди тоотпой коюуда.

Дегиңкиси, болшевиктердин көсөмү В.И.Лениндин жана анын ишин улантуучулардын коммунисттик идеяларын теориялык жана прагматикалык жактан сынга алган ойчулдардын – ачык кооомду жана базар экономикасын жактаган Карл Поппер менен Фридрих Хайектин жана башка изилдөөчүлөрдүн ой чабыттарын терең салыштырып үйрөнүүгө чакыраар элек.

Коомдук ишмерлер менен теориячылардын өз ара кайчы келген ойлорун салыштырып иликтеп, дандуу маңызын өз алдынча иргөө – бул теориячы же башка ойчулдардын гана иши болуп чектелбейт.

Кыргызстандын коомдук илимдер тармагы Ленинге байланыштуу жана ага таңууланган жагдайлардын бардыгын дүйнөлүк жана чөлкөмдүк коомдук өнүгүү жүрүмдөрүнө калыс салыштырып иликтөө менен алектенип келет. Бирок бир катар окумуштуулардын бүтүмдөрү аз нускада жарык көрчү илимий адабиятта гана кала берип, алардын далай омоктуу ойлору параллел дүйнөдө өкүм сүрүүдө.

Биз ошол ойчулдар жана илимпоздор өздөрү жеткен илимий Көктөн Жерге да ылдый түшүп келип, интернеттин коомдук тармактары ж.б. аркылуу өздөрүнүн жаңы бүтүмдөрүн жана кайчы пикирлерин жалпы калайык үчүн жарыялап турушса алгылыктуу болоор эле, деп санайбыз.

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG