Сокулуктун Биринчи Май айылында колу-буту таңылган абалда табылган секелектин жакындары бул ишке тиешеси барларга чара көрүлбөй жатканын айтып, нааразы болууда.
Жабыркаган кыздын апасы аны алты жыл мурун асырап алганын, андан башка багып алган эки баласын окуядан кийин реабилитациялык борборго алып кетишкенин билдирди. Райондук социалдык камсыздоо башкармалыгы муну үйдөгү жашоо-шарт талапка жооп бербегенине байланыштырды.
Акыйкатчы институту 14 жаштагы өспүрүм кыздын учурдагы абалы оор экенин айтууда. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, облустук милициянын жетекчилиги жана бир катар мамлекеттик уюмдар көзөмөлгө алганын айткан.
Колу-буту таңылып, оозуна чүпүрөк тыгылган кыз Сокулук районунун Биринчи Май айылында табылган.
Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, окуя 24-октябрда катталып, кыздын көчөдө жатканын милицияга кошуналары билдиришкен.
Кыздын апасы ошол окуядан кийин балдарынын баарын реабилитациялык борборго алып кеткенин айтты:
"Социалдык камсыздоодо иштегендер кызымды алып койду. Балдардын реабилитациялык борборуна алып кетти үчөөнү тең. Кызымды милициядагылар эртеден бери сурап жатат. Кызымды ушундай окуяга алып барган балдар мектепте эле окуп атат. Мен мектепте сабак берем".
Ал эми Сокулук райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Максатбек Кеңешов үйдөгү абал санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн балдар убактылуу реабилитациялык борборго жөнөтүлгөнүн айтты:
"Үйдөгү жашоо-шартын санитардык-эпидемиологиялык талаптарга дал келтиргенге чейин балдар реабилитациялык борборго жөнөтүлдү. Билим жагынан мугалимдерден маалымат алдык, окуудан артта калып баратыптыр, бирөө сабакка барбай коёт экен. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат алдык, акыл-эс жагынан да артта калып баратканы бар экен. Психологиялык жардам керек экен. Ата-энесине ушул талаптарды аткаргыла деп шарт коюп, үй-жайын жууп тазаласын дедик. Апасы өзү алып барып тапшырды ал жакка".
Кеңешовдун айтымында, үч баланы Бишкек мэриясына караштуу Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунан асырап алганын айтууда. Анда 2019-жылы алгач үч баланы алты айга сыноо мөөнөтү берилип, кийин Сокулук райондук сотунун чечими менен ушул үй-бүлө асырап алган.
Асырап алгандардын экөө бир тууган, улуусу 2008-жылы туулган кыз. (Жогорудагы окуяга ушул кыз кабылган-ред.) кичүүсү 2010-жылы туулган эркек бала. Ал эми үчүнчүсү 2010-жылы туулган кыз.
Багып алгандан бери 2010-жылы туулган эркек бала бир нече жолу үйдөн же мектептен качып кеткен учурлар катталган. Кыздарда мындай жүрүм-турум байкалган эмес.
Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, облустук милициянын жетекчилиги ишке тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканын айтса, Акыйкатчы институту менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги да көзөмөлгө алганын билдирген.
Милиция секелекти мындай абалга ким алып келгени тууралуу маалымат бере элек. Буга чейин ишти каттоого алып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаганын гана кабарлаган.
Облустук милиция аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси ("Ыплас аракеттер") менен кылмыш иши козголгонун 1-ноябрда билдирди.
Окуядан кабар алып жаткан Сокулуктагы Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборунун кызматкери Эрика Сманбекова өспүрүм кызды мындай абалга мектепте окуган 11-класстын төрт баласы алып келгенин жана аларга чара көрүлө электигин айтты:
"Ал төрт баланын үчөө ошол мектепте 11-класста окуйт экен. Кечээ кыз менен сүйлөштүм. Анын айтымында, балдардын бири тийишип, "сүйлөшүп алалы" деп айтчу экен. Кыз кагып коюптур. Балким ошон үчүн уят кылайын деген окшойт. Кыздын башы чайкалыптыр, денесинде көгала тактар бар экен. Соттук-медициналык экспертизадан өткөрдүк. Зордуктоо болгон эмес, балким жетишпей калгандыр, балким уят кылгысы келгендир. Төрт бала экен, кыз алардын аттарын милицияга айтып бериптир. Эмне үчүн чара көрүлбөйт? Булар жабыркаган үй-бүлө, социалдык камсыздоо дагы, милиция дагы жардам берүү ордуна көйгөйүн көбөйтүп жатат. Адвокаты жок, үй-бүлө өздөрү чуркап жүрөт. Балдарга эч чара көрүлгөн жок, алар жүрөт. Кызды күн сайын суракка чакырышууда. Балдар мектепке барып жатат, кыз барган жок. Бул адилетсиздик да".
Сманбекова балдарды асырап алган үй-бүлөдө балдарга кам көрүү начар болбогонун кошумчалады.
Биринчи Май айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Бактыгүл Медетбекова өспүрүм кыз кечинде таштанды төккөнгө чыгып ушул окуяга кабыл болгонун айтууда:
"Баскан-турганы жоош кыз. Балдар менен сүйлөшкөнүн угуп-көргөн эмесмин. Таштанды төккөнү чыгып ушул окуяга дуушар болду деген версия айтылып жатат. Кечинде саат 8ге жакын ошол жердеги кошунасы жолдо жатканын көрүптүр".
Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева бул окуя боюнча "Азаттыкка" комментарий берип, өспүрүм кыздын психологиялык абалы оор экенин жана сурак учурунда милициядан басым болгонун айтты:
"Бүгүнкү күндө өспүрүм кыздын психологиялык жана моралдык абалы өтө оор. Ал сүйлөшүүгө барбай жатат. Апасынын айтымында, кызды милиция кызматкерлери басмырлап, биринчи сурактар ата-энесиз жана социалдык кызматкердин катышуусуз өткөн. Ушул маалыматтын негизинде тийиштүү укук коргоо жана мамлекеттик органдарга каттар жөнөтүлдү".
Соңку учурда жашы жете элек кыздардын сексуалдык мүнөздөгү ыдыкка кабылган учурлары көп кездешүүдө. Муну айрым серепчилер социалдык кызматкерлердин чабалдыгы катары сыпаттаса, дагы башкалары мыйзамдар аткарылбай жатканына байланыштырат.
Укук коргоочу Арзыкан Момунтаева мектептерде сексуалдык тарбияны үйрөткөн сабактар өтүлүшү керек деп эсептейт:
"Биринчи эне-атадан, анан барып мектепке такалат. Мектепте сексуалдык тарбия берген сабак өтүлүшү керек. Биз аны жаман-жакшы көрсөк да түшүнүк болушу керек. Мурда өспүрүм кыздарга жеңелери, балдарга агалары түшүндүрчү. Азыр алар жок болуп кетти. Азыр балдар дагы ар кандай видеолорду көрөт, аларды реалдуулукта туурагысы келет".
Акыйкатчы институтунун маалыматында, былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздө экенин кабарлаган.
Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 млн 391 миң бала бар.
ЮНИСЕФ уюмунун маалыматында, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгына айланат.