Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

"Бир жыл бою кулчулукта болгон". Зордук-зомбулук көргөн 15 жаштагы кыздын тагдыры


Иллюстрация
Иллюстрация

Ошто 15 жаштагы кыз туш болгон тагдыр Кыргызстанда балдарга, аялдарга карата зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Окуя тууралуу адвокат Жахангир Сайфуллаев айтып чыгып, акыйкатчыга кайрылган. ИИМ беш көкүлдүн кейиштүү тагдыры тууралуу ушундан кийин маалымат берди.

Ички иштер министрлиги Ошто кордук көргөн 15 жаштагы кыздын ишине байланыштуу 29-августта кошумча маалымат берди. Анда 18-23 жаштагы төрт кыз кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.

"15-август күнү Ош шаарынын тургуну, 15 жаштагы кызды топ кыздар, Кара-Суу районундагы каналына алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы маалым болгон", - деп айтылат маалыматта. Милиция Кылмыш жаза кодексинин 159-беренеси менен (Сойкулук кылууга тартуу) кылмыш ишин козгогон.

Кылмышка шек саналып 2003-жылы туулган Э.Б., 2001-жылы туулган К.М., 2004-жылы туулган Ш.Н., 2006-жылы туулган М.М. кармалган.

ИИМ кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын билдирди. 27-августта министрлик кызды уруп-сабоого катышы бар деген шек менен 21 жаштагы жана жашы жете элек менен интимдик катнаш жасоого барган деген шек менен 27 жаштагы жаран тергөө кызматына жеткирилгенин кабарлаган.

Азырынча кармалгандардын жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.

Ошто зордук-зомбулук көргөн 15 жаштагы кыз тууралуу видеодон алынган скриншот
Ошто зордук-зомбулук көргөн 15 жаштагы кыз тууралуу видеодон алынган скриншот

15 жаштагы кыз туш болгон окуяны адвокат Жахангир Сайфуллаев айтып чыккан. Ал өспүрүм кызды мажбурлап сойкулукка иштетип, кулчулукта кармаган адамдарга карата чара көрүүнү суранып акыйкатчыга кайрылган.

Жактоочунун маалыматына караганда, кызды түрдүү шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, "бирөөгө айтсаң өлтүрөбүз" деп коркутуп, кулчулукта кармап келишкен.

Мунун баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен.


"Ошону менен катары алар жаш кызды бир ай бою интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап, кардарларынан акча алып турушкан. Кыз бүгүнкү күнү өмүрүнөн кооптонуп жатат.

Жахангир Сайфуллаев
Жахангир Сайфуллаев

Зомбулукка кабылганына бир жылдай убакыт болгон. Ал кыздардын денесин соодалаган үч аялдын колунда жүрө берген. "Эки-үч жолу качканга аракет кылдым. Бирок көчөдөн кармап алып, интим кызматын көрсөткөнгө жиберип жүрүштү" деп айтты. Берки аялдар болсо интернеттен буюртма алышып, шаардагы мейманкаларга алып кириши үчүн бир кызды кошуп турган. Мага секелектин атасы кайрылды. Атасы азыр Казакстан Республикасында. Ал киши менен жеке тааныштыгым бар эле. Тартылган тасма атасына барып калган. Алар жардам сурап кайрылышты", - деди Жахангир Сайфуллаев.

“Азаттыктын” жеке булактары жиберген сүрөттөрдө зомбулукка кабылды делген 15 жаштагы кыздын чачы, кашы жарым жартылай кырылып турганын көрүүгө болот. Аны биз белгилүү себептерден улам ачык жарыялай алган жокпуз.

Адвокаттын кайрылуусунан кийин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, кыздын укугун коргоого жана тез арада чара көрүүгө чакырган. Окуя ушундан кийин коомчулукка ачыкталды.

"Ош шаарында 15 жаштагы кызга жасалган зомбулук, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурланганы, сексуалдык кулчулукка кабылганы тууралуу Ички иштер министрлиги расмий маалыматында кыздын жактоочусу 23-августта эле кайрылганы жазылган. Бирок 23-августтан бери жетишээрлик деңгээлде иш-аракеттер жургөн эмес. Ошондуктан, кыздын адвокаты биздин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Милициянын маалыматында деле турат, арыз 23-августта жазылганы менен, 27-августта, биздин ачык кайрылуубуздан кийин, кылмыш иши козголуп, эки адам тергөөгө жеткирилиптир", - деди Жаманбаева "Азаттыкка" берген маегинде.

Беш көкүл кыздын ата-энеси миграцияда. Ош шаардык социалдык жактан коргоо мекемесинин кызматкери Гүлзина Раева жабырлануучу психологдун жардамын алып жатканын маалымдады:

Гүлзина Раева
Гүлзина Раева

"Бул кыз зордук-зомбулукка кабылган. Болгондо да чоң адамдар сексуалдык мүнөздөгү кордук көрсөтүп келген. Бул иштерди чоң адамдар же адамдардан куралган топ жасап, кызды ошол аракетке мажбурлашкан. Учурда тергөө жүрүп жатат. Кыздын абалы жөнүндө айта турган болсок, психологиялык жардам көрсөтүлүп, фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды".

“Калктын аялуу катмарын өнүктүрүү жана колдоо борбору” фондунун жетекчиси Зайнап Эшмуратова ата-энеси миграцияда жүргөндөрдүн балдарына өзгөчө көнүл буруу зарылдыгын айтат:

Зейнеп Эшмуратова, балдар укугун коргоочу, активист
Зейнеп Эшмуратова, балдар укугун коргоочу, активист

"Биологиялык ата-эненин жоокерчилигин күчөтүү зарыл. Үйдөгү ич ара мамиле, атанын, эненин орду кандай болушу керек? Баланы тапкандан кийин аны толук кандуу тарбия берип өстүрүү - ата-эненин милдети. Баланы кандай гана жакшы камкорчуга таштабасын, ата-эненин өзүнө жетпейт. Административдик чаралар күчөтүлүп, үй-бүлө мыйзамдарына буга чейин сунушталган кошумчалар киргизилсе, баары орду менен болмок".

Балдарга жана аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган акция. Бишкек, 8-июль, 2022-жыл. Акция Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоо, буга милиция кызматкерлери аралашканы ачыкталгандан кийин өткөн
Балдарга жана аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган акция. Бишкек, 8-июль, 2022-жыл. Акция Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоо, буга милиция кызматкерлери аралашканы ачыкталгандан кийин өткөн

Ош шаардык социалдык коргоо мекемесинин маалыматы боюнча, калаанын өзүндө эле ар кандай себеп менен ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар 2000ден ашат.

Азыр зомбулукка кабылган кыз социалдык коргоо кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынып, фостердик үй-бүлөгө берилгени белгилүү болду.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.


Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп келет.

Ош: кордукка кабылган 15 жаштагы кыздын иши иликтенүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00

XS
SM
MD
LG