Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Кыргызстан төрт жылга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин мүчөлүгүнө шайланды


7-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун 43-сессиясынын Башкы конференциясында Кыргызстан уюмдун Аткаруучу кеңешинин 2025–2029-жылдарга мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

Буга чейин Кыргызстан Аткаруучу кеңештин курамында 2019–2023-жылдары болгон. 2012–2016-жылдары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитетинин мүчөсү болгон, ал эми 2017–2021-жылдары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар комитетинде жана Эл аралык коммуникацияны өнүктүрүү программасынын (IPDC) өкмөт аралык кеңешинде өкүлдүк кылган.

"Бул Кыргызстандын ЮНЕСКОнун максаттары менен программаларын ишке ашырууга активдүү катышуусун, туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүүгө жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого кошкон салымын, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин жогорку ишенимин тастыктайт", - деп билдирди ТИМ.

Аткаруучу кеңештин мүчөлүгү ЮНЕСКОнун стратегиялык багыттарын аныктоого активдүү катышууга, Кыргызстандын жана Борбор Азия аймагынын билим берүү, илим, маданият жана коммуникация жаатындагы эл аралык кызматташууну чыңдоосуна кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Аткаруучу кеңеш ЮНЕСКОнун негизги жетекчи органы болуп саналат. Кеңеш төрт жылдык мөөнөткө шайланган 58 мүчө мамлекеттен турат. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG