Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы "Тазалык" ишканасы 2025-2026-жылдын кыш мезгилине даяр экенин кабарлады. Маалыматка ылайык, ишканага кышында кар менен тайгалакка каршы керектелүүчү материалдар алынган.
"Жалпысынан 5,5 тоннага жакын техникалык туз сатылып алынды. Карды күрөп, туз себүүчү, тротуарларды тазалоочу жана башка атайын техниканын 83ү толук оңдоодон өткөрүлүп, ишке даяр. Миңге чукул кызматкер кышкы жабдуу жана атайын жылуу кийим менен камсыздалды", - деп билдирди мэрия.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев ишканага барып, кышка даярдыгын текшерди. Шаар башчысы "Тазалыктын" эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, аба ырайынын ар кандай өзгөрүүсүнө даяр турууга чакырды. Ошол эле учурда иш мезгилинде жеке коопсуздугуна да көңүл бурууну эскертти.
Кар жааган жана жолдор тоңголок болгон кезде "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникасы жетишпей, шаардыктардын нааразылыгын жараткан учурлар мурунку кыш мезгилдеринде катталган.
Былтыр декабрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолду кардан тазалоо ишин жетиштүү жүргүзбөгөнү үчүн бир катар жетекчилерге тартиптик жаза берген.
2024-жылы ишканага атайын техника сатып алуу үчүн 1 млрд сом бөлүнгөнү кабарланган.(ZKo)
Шерине