Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

"Алексейдин сөөгү салынган мүшөк өлүкканада 1,5 жыл жаткан"


Алексей Кисличенконун ата-энеси. 2023-жылдын декабры.
Алексей Кисличенконун ата-энеси. 2023-жылдын декабры.

Орусиянын Иркутск облусунун Усолье-Сибирское шаарынын 20 жаштагы тургуну Алексей Кисличенкону жакындары 1,5 жылдан ашуун убакыт издешти. 2022-жылы жазында аны жаш курагы жеткендиктен аскерге алып кетишкен. Челябинск облусундагы танк бөлүгүнө бөлүштүрүлүп, кызматын ошол жакта өтөп жаткан.

Ал Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюп, Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн үй-бүлөсү кийин гана билген. Бир нече апта өткөн соң байланышка такыр чыкпай калып, 1,5 жыл бою дайынсыздардын тизмесинде жүргөн уулунун сөөгүн ата-энеси жакында эле жерге берди.

"Калп айтып, жашырган экен..."

Алексей Кисличенко
Алексей Кисличенко

Алексейдин сөөгүнүн калдыгын Коргоо министрлиги Иркутск облусуна 2023-жылдын соңунда жеткирип берди.

"Ыктыярчылардын жардамы менен", – дейт маркумдун туугандары. Ал чынында эле Алексей экенин жакындары сот аркылуу тастыктоого мажбур болушту.

– Ал тылда эле отурганын, согуш талаасында талкаланган орус танктарын атышуу аяктагандан кийин гана барып алып кетерин айтып, ата-энебизден жашырып жүргөн экен. Алардын көңүлүн оорутпайын деп… Бирок чынында Бахмуттун чет жакасындагы салгылашууга катышыптыр, – дейт Алексейдин эжеси Анастасия. – Май айында байланышка чыгып жаткан, анан эле жок болуп кетти.

Алексей Кисличенко
Алексей Кисличенко

Кийин белгилүү болгондой, Алексейлердин танкы Триполье кыштагында (Украинанын Киев облусуна караштуу Обухов району, Киевден түштүктү көздөй 40 чакырым аралыкта, Днепрдин оң жээгинде) 2022-жылдын май айында сокку алдында калган экен.

– Танктын ичиндеги курал-жарак топтому жарылып, Леша жанындагы чогуу кызмат өтөгөндөр менен бирге дароо мүрт кеткенин айтышты.

Экипаждын командири гана аман калыптыр, жарылуунун толкуну менен ал люктан ыргып кетиптир. Эптеп качып, денесинин 70% күйгөн абалда аны ооруканага жеткиришкен экен. Ал күнү эки танкка сокку тийип, үчүнчүсү гана кайтып барыптыр, – дейт Алексейдин досу Виктор.

Күйүп кеткен бул танк тууралуу да, ошондо эле, 2022-жылдын май айында каза болгон Алексейдин өлүмү жөнүндө да маалыматты жакындары 2023-жылы декабрда гана угушту.

– Жергиликтүү «чоңдор» усольелик танкисттин сөөгү экени ДНК эспертизасынан кийин гана аныкталды деп айтып жатышат. Калп. Ата-энеси сөөктүн калдыгы алардын уулунуку экенин сот аркылуу гана тастыктай алышты, – дейт каза болгон аскердин досу.

Алексей Кисличенконун сөөгү 2023-жылдын декабрында барды.
Алексей Кисличенконун сөөгү 2023-жылдын декабрында барды.

Аскерге кеткен баласын 1,5 жылдай издешкенин айткан атанын билдиришинче, уулунун сөөгүн ыктыярчылар таап беришти:

– Биздин ыктыярчыларбы, башкалардыкыбы, билбейм. Танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетиптир деп айтышты. Мүшөккө салып келишиптир.

Маркумдун досторунун айтымында, жакындары үчүн бул «оор тема», себеби уулу аскерде жүрүп эмне себептен келишимге кол койгонун билишкен эмес, азыр да түшүнө албай турушат.

Алексей Кисличенко
Алексей Кисличенко

– Жакшы спортчу болчу, биз чогуу сууда сүзчүбүз. Спорттогу келечеги тууралуу так айта албайм, бирок облустук таймаштарда көбүнчө байгелүү орундарды ээлеп жүрчү, – деди Михаил Фельде. Ал досунун эмне себептен согушка барып калганын билбей турганын кошумчалады. – Ал аскерге кетип жатканда да эч нерсе айткан эмес эле.

– Ошондон бери ал согуш талаасында эмес, дээрлик эки жылдан бери Ростовдо жаткан экен, күйүп кеткен сөөктүн калдыгы салынган мүшөк өлүкканада жатыптыр. Коргоо министрлиги эмес, ыктыярчылар алып келип беришти. Андан кийинкиси да оңой болгон жок. ДНК анализ жүргүзүш үчүн [материал] жетишсиз деп чыгышты, көмүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышты. Лешанын ата-энеси бул алардын уулунун сөөгү экенин далилдеш үчүн Усолье сотуна кайрылууга мажбур болушту, – дейт маркумдун дагы бир досу.

2023-жылдын декабрында гана аныкталып, Кисличенконун сөөгү жаңы жыл алдында Усолье шаарындагы көрүстөндө "Даңк аллеясына" көмүлдү. "Бардык аскердик сый-урмат менен", – деп жазышты жергиликтүү басылмалар.

Маркумду жерге берүү зыйнаты.
Маркумду жерге берүү зыйнаты.

"Дайынсыз, демек, каза болгондор кеминде 10 миң"

Дээрлик эки жыл издөө сейрек көрүнүш эмес дейт "Жаран. Аскер. Укук" укук коргоо тобунун башчысы Сергей Кривенко.

Сергей Кривенко.
Сергей Кривенко.

– Демек, ал согуш башталганда эле, чукул жасалган [Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн] чабуулда «жоголгон». Анан орус армиясы ал жактан кеткен, көбүнүн сөөгү ошол жерде кала берген. Коргоо министрлиги издөө иштерин уюштурган эмес. Мында Украинаны айыптоо мүмкүн эмес, себеби алар ансыз деле колунан келишинче орус аскерлеринин сөөгүн чогултуп, алардын ким экенин аныктоо иштерин жүргүзүп жатышты. Албетте, бардык эле жерде ошенте алышкан жок, чамасына жараша аракет кылышты. 2022-жылдын жазында Украинанын аймагында орус аскерлери кайра чыгып кеткен жерлерде миңдеген сөөк калган, алар менен кылдат иш жүргүзүлгөн. Арасынан бир нечесинин гана тек-жайын аныктай кыла алышкан. Ошолорду өткөрүп берүү, алмашуу процесси жүрүп жатат окшойт. Бирок баары тымызын жасалып жаткандыктан, эч кандай маалымат жок. Туткундагыларды алмашуу боюнча да маалымат айтылбай жатат. Жабык эмес, ачык дешет, бирок ким жасап жатат мунун баарын, кандай жасалууда - эч кандай маалымат жок, – дейт Кривенко.

Анын эсебинде (болжол менен айтканда), дайыны табылбай жаткан орусиялык аскерлер 10 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу расмий так маалымат жок, Орусиянын Коргоо министрлиги жоготууларын жарыялабай келет.

– Журналисттер өткөн жылы (бир жыл мурда) дайынсыз жоголгон аскерлердин жакындарынын "ВКонтакте" социалдык түйүнүндөгү эң ири беш топко жарыялаган 9905 постун анализдеп чыгышкан. Орусиянын жана өзүлөрүн республика деп атап алган "ДНР" менен "ЛНРдин" 1365 аскеринин тек-жайы тастыкталган. Менин эсебимде, жалпысынан 24 миң адам [тек-жайы такталган маркумдар жана дайынсыз деп эсептелип жаткандар]. Бүгүнкү күнгө карата 12 миң маркум боюнча маалымат такталды. Демек, дайынсыз деп жатышкандар, бирок чынында мурда эле каза болгондор 10 миңден ашуун. Бул жазындагы [2023-жылдын] эсеп болчу, андан бери согуш негизинен позициялык режимде жүрүп жатат, жапырт кармаш же бир тилкеден тез арада чыгып кетүү деген жок. Ошондуктан дайынсыз болуп жаткан маркумдар саны кескин көбөйгөн болушу мүмкүн эмес. Каза болгондорду башка өлкөнүн аймагындагы согуш талаасында калтырып кетпей калышты, – дейт Кривенко.

Дайынсыздарды издөө иши кыйын болуп жатышынын так себебин айтуудан эксперт карманууда.

– Эгер саясатка байлабай айта турган болсок, себептердин бири - Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлеринин согуштун биринчи жылында ушунчалык көп болоруна таптакыр даяр эмес эле. Бул 2022-жыл боюнча даана көрүнүп турат, зарыл сандагы тийиштүү кызматтар болгон эмес, каза болгондордун сөөгүн чогултуучу атайын отряддар түзүлгөн эмес, маркумдун сөөгүн жакындарына өткөрүп берүү, көмүү иши колго алынган эмес, – деп эсептейт Кривенко. – Ал эми экинчи себеп, кандай айткан күндө да, саясий өңүттө: тараптар бир чечимге келе алышкан эмес. Бирок бул жерде Украинаны айыптоо өтө кыйын. Орусия каза болгондордун сөөгүн алмашууну уюштуруу үчүн саясий чечимге келе алган жок. Албетте, алар жок дегенде Жарандык кодексин өзгөртүштү, мурда дайынсыз болуп жаткандар маркум деп согуштан 2 жыл өткөндө гана таанылат деп жазылган, азыр бул мөөнөт алты ай болуп калды. Каза болгондордун жакындарынын күйүтүн эч болбогондо ушинтип жеңилдетишти, – дейт Сергей Кривенко.

2023-жылдын декабрь айына карата соңку бир жылда орус армиясы Украинага кол салган алгачкы жылга салыштырганда аскерлерин 1,5 эсе көп жоготконун Би-Би-Си «Медиазона» басылмасы жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте ачык маалыматтардын негизинде түзүп келе жаткан, ар бир аскердин аты-жөнү жазылган тизменин анализине таянып жазып чыкты. 2023-жылдын соңуна карата алар Украинага каршы согушта каза тапкан орусиялык 40 миңден ашуун аскердин аты-жөнүн аныктай алышты. 15 520 аскер 2022-жылы, ал эми 24 100 аскер 2023-жылы набыт болгон. Эксперттердин пикиринде, орус армиясынын чыныгы жоготуулары алда канча көп жана жогоруда айтылган сандар, болжол менен айтканда, эң азы.

Журналисттердин белгилешинче, "бул жылдын (2023) негизги өзгөчөлүгү - фронтко катардагы жарандардын арасынан тартылгандардан жоготуулар кескин көбөйгөн. Биз аныктап чыккан маркумдардын үчтөн экиси согушка чейин аскер менен эч байланышы жок болгондор: өз ыктыяры менен баргандар, мобилизация болгондор, абакта отургандар жана жеке аскердик компанияларга тартылгандар".

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда таң эрте кол салган. БУУнун жана Amnesty International, Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, орус аскерлери жай тургундар жашаган кварталдарды, ооруканаларды жана социалдык инфраструктуранын башка да объектилерин туш келди аткылашкан. Украинага кол салуу, шаарларын аткылоо гуманитардык, миграциялык жана энергетикалык кризисти жаратты. 2-мартта, согуш башталгандан бир апта өткөндөн кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы "Украинага каршы агрессия" деген резолюция кабыл алган жана Орусиянын алдына аскерлерин Украинанын аймагынан тез арада алып чыгып кетүү талабын койгон. Бул документти 141 өлкө колдогон, 5 мамлекет каршы чыккан, 35и добуш берүүдөн карманган.

Орус тарап өзүнүн бул согуштагы жоготууларын жашырып келет. BBC жана "Медиазона" ачык булактардан алган маалыматка таянып эсептеп чыкканына караганда, 2023-жылдын 20-октябрына карата кеминде 31 665 орусиялык аскер кызматкеринин өмүрү кыйылган. Алардын 2 666сы согуш майданына жеке аскердик компания аркылуу тартылгандар. Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, каза тапкандардын чыныгы саны алда канча көп.

Украина да өз аскерлери арасындагы жоготуулар тууралуу маалыматтарды жарыялабайт. 2023-жылы апрель айында ошол кездеги коргоо министри Алексей Резников испаниялык La Razon гезитине курган маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүндө жоготуунун саны “Түркияда жер титирөөдөн каза болгондорго караганда аз” деп жооп берген (2023-жылы 19-мартта Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор 48 миңге чамалаган). New York Times басылмасы АКШ администрациясындагы атын атагысы келбеген булактарга таянып, 2023-жылы август айынын орто ченинде Орусиянын жоготуулары 120 миң, дагы 170-180 миңи жараат алгандар болгон, Украинанын курман болгон жоокерлери 70 миң, жараат алгандары 100-120 миң деп жазган.

XS
SM
MD
LG