Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ирактагы сулуулук салондорунун биринде эмгектенген 41 жаштагы кыргызстандык Д. А. Б. кармалганын ырастады.
Мекеменин басма сөз кызматы 8-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги тиешелүү тараптар жана кармалган жарандын туугандары менен тыгыз байланышта иштөөдө.
"Азыркы учурда аталган жаранды мекенине кайтаруу маселеси каралууда", - деп жазылган маалыматта.
ТИМ бул маселе өзгөчө көзөмөлгө алынганын белгилеп, кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча сунуштарга этият жана сак мамиле кылууга чакырды.
Социалдык тармактарда Иракта Кыргызстандын 41 жаштагы жараны уурулукка шек саналып кармалганы, аял сулуулук салондорунун биринде иштегени тууралуу жазылууда.
2024-жылы Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканы кабарланган.
2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. (ZKo)
Шерине