8-ноябрга караган түндө Орусия Украинанын бир катар аймактарына - Днепропетровск, Сумы, Киев, Кировоград, Николаев, Полтава, Харьков облустарына жана Киев шаарына дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Днепрде Орусиянын дрону тогуз кабаттуу үйгө тийип, эки кабаттагы батирлер жабыркады. Бир адам мерт кетти.
Маалыматтарга караганда, бир нече электростанция жабыркады. Харьковдо метро ишин токтотту, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Шаарда жылынуучу түйүндөр ачылганы кабарланды.
Кременчуг шаарынын мэри Виталий Малецкий чабуулдан улам электр берүү үзгүлтүккө учураганын билдирди. Ушундай эле көйгөй катар жайгашкан Горишние Плавни шаарында да жаралды.
Полтавада чабуулдун кесепетинен темир жол бузулуп, аймакты Батыш Украина жана Киев менен байланыштырган бир нече поезд каттамы токтотулду.
Бул түнү дрондордон тышкары украин тарапка он чакты "Искандер-М", "Кинжал", "Калибр" жана Х-69 аталыштагы баллистикалык жана жөнөкөй ракеталар учурулганы да кабарланды.
Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери дрон, ракета чабуулдарынан жай тургундар жабыркаган учурлар аз эмес. Орус бийлиги бутага аскердик-техникалык ишканалар гана алынарын айтып, мойнуна албай келет.
Шерине