Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:45

Венгрия АКШнын энергетикалык санкцияларынан убактылуу бошотулду


Виктор Орбан (солдо) жана Дональд Трамп
Виктор Орбан (солдо) жана Дональд Трамп

Орусиядан мунай жана газ сатып алган венгриялык компаниялар жакынкы жылдарда америкалык санкцияларга кабылбайт. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү жума күнү билдирди.

Мындай чечим АКШ президенти Дональд Трамп менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Вашингтондогу жолугушуусунан кийин маалым болду.

Орусиядан мунай жана газ сатып алып жаткан компанияларга кош санкциялардын салынуусун алдын алуу - Орбандын АКШга сапарынын негизги максаттарынын бири болгон. Анын сөзүнө караганда, Орусиядан отун ресурстарын алууну улантуу Венгрия үчүн өтө маанилүү. Мурдараак Орбан ансыз венгр экономикасы чөгөлөп каларын билдирген. Дональд Трамп өзүнүн администрациясы Венгрия башка жактан мунай менен газ ала албаганына байланыштуу бул маселени карап жатканын билдирди.

Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Венгрия импорттогон мунайдын 86% Орусиядан алынган. Муну жоготуу өлкөнүн ички дүң продукциясы 4% чейин төмөндөөсүнө алып келет. Демократияны иликтөө борборунун (CSD) жана Энергия менен таза абаны изилдөө борбору (CREA) Венгрия Орусиянын мунайынан баш тартып, Хорватия аркылуу Adria мунай түтүгүнө уланса болорун билдирген.

Венгрия менен Словакия - Евробиримдиктеги Орусиядан мунай импорттоону улантып жаткан өлкөлөр. Октябрдын аягында Трамптын администрациясы Орусиянын "Роснефть" жана "Лукойл" мунай компанияларын "кара тизмеге" киргизген. Бул компаниялардан мунай импорттоону 21-ноябрдан кийин да улантуучу чет өлкөлүк компаниялар АКШнын кошумча санкциясына кабылышы мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG