Министрлер кабинети жана президенттик администрация өлкөдө азык-түлүк, көмүр жана күйүүчү-майлоочу май кымбаттап жатканына көзөмөл кылып, алдын алууну пландоодо. Кымбатчылык маселеси 7-ноябрь күнү президенттик администрацияда өткөн жыйында талкууланды.
Отурумга тиешелүү жетекчилер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер, акимдер онлайн катышты.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, анда калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо, ошондой эле көмүрдүн, күйүүчү-майлоочу майдын, азык-түлүктүн баасына дыкат көзөмөл жүргүзүү маселеси каралды.
Маалыматта жыйында негизинен көмүрдүн кымбатташына жол бербөө тууралуу айтылганы кабарланды.
Жыйынтыгында бардык жетекчилерге, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, укук коргоо органдарына көмүрдүн жана күйүүчү-майлоочу майдын баасын дыкат көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Ал эми "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына көмүр кендери менен тыгыз кызматташып, элди арзан көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдети коюлду.
Ошондой эле азык-түлүктүн баасына да көзөмөлдү күчөтүп, элди арзан азыктар менен камсыздоо үчүн дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкелерин жаз мезгилине чейин уюштуруу тапшырмасы берилди.
Берилген тапшырмаларды аткарбаган жетекчилер жоопкерчиликке тартылары эскертилди.
Кыргызстанда суук түшүшү менен көмүргө суроо-талап кескин көбөйүп, учурда бир тоннасы аймактарда 10-11 миң сомго чыкты. Өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май тартыштыктан улам кымбаттап жатканын билдирген.
Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына карапайым керектөөчүлөр 1 млн 465 миң тонна, бюджеттик мекемелер 309,14 миң тонна көмүр жагат. Ушул тапта жалпы өлкө боюнча 720 көмүр саткан база ачылган.(ZKo)
Шерине