Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Украина: Согуш башталгандан бери 30га жакын борборазиялык туткунга түштү


Орусия тараптан Украинада согушкан борборазиялыктар. (Азаттыктын архивинен).
Орусия тараптан Украинада согушкан борборазиялыктар. (Азаттыктын архивинен).

Орусияга кеңири масштабдуу басып киргенден бери украин аскерлери Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30га жакын жаранын туткунга алды. Бул тууралуу Украинанын юстиция министри Ольга Стефанишина "Азаттыктын" украин кызматынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Аскердик туткундардын жарандыгы тууралуу маалымат көбүнчө алардын айтканы менен такталат. Анткени көпчүлүк учурда алардын жанында жарандыкты тастыктаган документтер жок», - деп айтылат маалыматта.

Мекеме согуш туткундары жарандыгына карабастан, эл аралык жана улуттук ченемдик укуктук актыларда бекитилген укуктук макамга ээ экенин кошумчалады.

Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган учурлар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече учурду аныктаган.

Былтыр Украина туткундарды айырбаштоонун алкагында орус армиясынын катарында согушуп, туткунга түшкөн кыргызстандык Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берген. Турсунов Орусияга балдарына барган учурда көчөдө аны полиция кармап, согушка мажбурлап алып кетишкенин айткан.

“Азаттык” буга чейин "Би-Би-Синин" орус кызматы жана “Медиазона” басылмасы түзгөн тизмеден жана ачык булактардан карап, Кыргызстанда туулуп-өскөн 50дөн ашык адам Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп набыт болгонун аныктаган. Бирок согушка катышкан же анда каза тапкан кыргыз жарандарынын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG