Согушка кеткен Жапардын окуясы
Бул сүрөткө 25 жаштагы Жапар (аты өзгөртүлдү) Орусиядагы мобилизацияга туш болуп, аскерге жөнөп баратканда түшкөн. Эжеси Айзуура жарым жылдан бери дайыны чыкпай жаткан инисинин сүрөттөрүн утур карап, сарсанаа.
Айзуура беш бир туугандын улуусу. Иниси Жапар үйдүн кенжеси. Ал 2023-жылы октябрда аскерге кызмат өтөгөнү кетип, көп өтпөй согушка жөнөтүлгөн. Анын үй-бүлөсү бул тууралуу кабардар болгон эмес.
"Бир нече жолу "аскерге кызмат өтөсүн" деген чакыруу келгенде согушка жиберет деп коркуп, Кыргызстанга кетирген элек. Ал өзү да качып жүрүүнү каалаган жок. Чакыруу улам келе бергенинен барып, кызматымды өтөп келейин деп айтты. Биз аны согушка жиберет деп эч ойлогон эмеспиз. Бир айга жетпей Белгородго жиберишти. Андан кийин бир нече айдан кийин Курскиде жүргөн жеринен кабарлашты. Биз менен бирде сүйлөшкөндө мына азыр бомба түшүп кетчүдөй сезилгени эсимде. Бирок негедир иним эр жүрөк экен. "Баары жакшы, мага дуба кылгыла" деп эле тура берди. Августтан бери байланыш жок. Мына чалат деп телефон тиктеп эле отурабыз. Бирөө чалса кайра чалып, бизди издебедиби деп ойлой беребиз. Эмнегедир ал согушка кеткен аскер бөлүктө тандалма мамиле болуптур. Баарын эле согушка жибербептир. Ал жерден үч адамдын ата-энеси чогуу жүрүп, издеп жатабыз. Биринин улуту азери, экинчиси бурят, менин иним кыргыз. Эмнеге мындай болгону түшүнүксүз. Аскер бөлүктө бизге эч нерсе деп жооп бере алышкан жок. Бизге окшоп жакынын издеген кыргыздардын далайын көрдүк".
Жапар Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны. Анын бир туугандары, ата-энеси да Москва шаарында турат. Бул сүрөттөрдү Жапар ата-энесине, бир туугандарына согушта жүргөндө жиберген.
Айзуура жакында эле дагы бир иниси үйлөнгөнүн, үй-бүлө дагы бир ирет үйдүн кенжесин эстеп, убайым тартканын айтып берди.
"Ата-энем тойго бара алган жок. Алар уулубуз дайынсыз болгон шартта кантип барабыз дешти. Түшүбүзгө кирерин күтүп, мына келет, эртең кирип келет деп отурабыз. Эмнегедир тирүү, бир жерде жүргөндөй сезиле берет. Бирок ал сөзсүз байланышка чыга турган адам. Ал айтпай, чалбай коймок эмес… Бизди уккан такыр адам жок. Канчадан бери сыздап жүрөбүз. Мен орус бийлигине, керек болсо, Путиндин өзүнө кайрылгым келет. Алып келип берсин, таап берсин деп айтат элем".
“Азаттык” менен сүйлөшкөн Айзуура өңдүү бир канча адам баштан өткөндөрүн айтып берүүгө макул болгону менен коопсуздугунан улам аты-жөнүн ачык айтып, жүзүн көрсөтүүнү каалашкан жок.
"Армиядагы аты “кыргыз”. Күйөөмдү издейм”.
“Дайынсыз жоголгондорду” издеген социалдык тармактагы тайпаларда согушка кеткен жакыны тууралуу жазган кыргызстандыктардын ондогон жарыяларын көрүүгө болот.
Дээрлик баарынын мазмуну окшош. Кандуу салгылаш жүргөн Авдеевка, Курск же Сумы аймагынан жакындарына чалганы, андан ары байланыш үзүлгөнү айтылат. Андай жарыялар согуш башталгандан бери кат-кабарсыз кеткен кыргызстандыктардын тагдырын таамай айгинелеп тургандай.
Адатта жакындарын издегендер аскердин улуту жана жарандыгынан тышкары, армияда чакырылган атын да көрсөтүшөт. Далай маалыматтын арасынан “кыргыз” деген аты бар жаран тууралуу жарыя көңүлүбүздү бурду. Согушка кеткен кыргыз жигиттердин көбү ушундай ат менен жүрөрү жарыялардан көрүнөт.
Кутман күн! Күйөөм М.С.Б аттуу жаранды издейм. Армиядагы чакырылган аты “кыргыз”. Күйөөмдү табышканга жардам бергилечи!
Бул жарыя бир нече тайпага ушул жылдын февраль айынын башында чыккан. Күйөөсүн издеген аялы байланыш былтыр октябрь айынан бери үзүлгөнүн жазган.
“Азаттык” бул аялды таап, өзү менен байланышты. Ал белгилүү себептерден улам коомчулукка окуясын ачык баяндоону каалаган жок. Ошентсе да күйөөсүнүн окуясын учкай айтып берди:
“Биз издеп жатканбыз. Бирок бир нече күн мурун Орусиянын аскердик комитети “Дайынсыз жоголгондордун” жана өлгөндөрдүн тизмесинде жок деген жооп берди. Он күн мурун рация аркылуу сүйлөгөнүн айтышты. Демек, Украинанын бир жеринде жүрөт го. Алты айда бир байланышка чыгат деди. Менин күйөөмдүн кеткенине төрт ай болду. 18-октябрь күнү байланышкам. Ошондон бери байланыша элек”.
Дайынсыз кеткен 37 жаштагы бул эркек үч баланын атасы, Кыргызстандын жараны. Аялы сөзүнө караганда, ал согушка Орусияда абакта отурган жеринен былтыр күздө кеткен.
Орусиянын Оренбург облустук сотунун 2022-жылдын июнь айындагы чечиминде ага Кылмыш жана жаза кодексинин 228-жана 229-беренеси менен же "Маңзат каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же берүү" боюнча айып тагылып, 15 жылга эркинен ажыратылганы айтылат. Ал үч жылдан бери Оренбургдагы катаал тартиптеги түрмөдө жазасын өтөп жаткан.
“Келишим түзгөн экен. Түрмөдө отурган ошол жакта түзгөн окшойт. Так мага айткан жок. "Кетип жатам" деп айтты. “Эмне кыласың, ал жакта кооптуу болуп жатат” десем, башка айла жоктугун айтты. Үч жыл отурду. Мөөнөтү 15 жыл болчу. “Ал жерде отургандан көрө кеткеним жакшы” деди”.
"Күчүгүм, мен силерди жакшы көрөм"
"Бүгүн чыгып башка жака кетип жатабыз, азыр Уралда отурабыз. Харьков жакка кетип жатабыз. Көрөбүз го, андан ары эмне болорун. Айтып турабыз".
Бул 38 жаштагы Аманбектин (аты өзгөрдү) согушта жүрүп жакындарына жөнөткөн аудио билдирүүлөрү.
"Кандай, ден соолугуң жакшыбы? Мен жакшы, күчүгүм. Кечээтен бери СМС жазсам кетпей жатат. Биз кечээ келгенбиз, блиндажга жайгашып жатабыз, кечээ идиш-аяк, уктачу мүшөк берген. Эми кийим-кече, бронежилет, курал берет. Анан машыгып баштайбыз. Ошо, күчүгүм, жазып тур. Балдарды өөп кой, мен силерди жакшы көрөм…”
Айпери "күчүгүм" деп эркелеткен күйөөсү жиберген сүрөттөрдү улам барактап, бул аудиолорду күн алыс угат. Ал акыркы жолу былтыр апрелдин соңунда сүйлөшкөн бойдон күйөөсү Аманбектин дайынын биле элек.
"Жолдошум Орусиянын жараны болчу. 2024-жылы 26-апрелде сүйлөшкөнбүз. Ошол бойдон дайынсыз. Ал өзү алданып абакка отуруп калган. Баңгизат менен түшкөн, ошол жактан келишим түзүп кеткен. 2023-жылы январь түшсө, бир жылдан кийин эле алып кетип атат. Сегиз жылга кесилген".
Айпериге жиберген аудиолорунда күйөөсү согушка акча үчүн кеткенин, каражат тийсе, үй-бүлөнүн кем-карчын толуктап берерин көп айтчу. Ал андай аудиолордун биринде банк картасына каражат түшсө эле иш баштоого акча которорун айткан.
”Сен дагы өзүңдү кара, балдарга, бизге керексиң. Оорубай жакшы жүр, акча түшүп калса акча салам, тиштериңди оңдотуп ал. Балмуздакка бир нерсе алам деп жатпадың беле, ошого аракет кылалы. Андан ары дагы иштеп кеткенгечи… Ушунтип качанкыга чейин бирөөнүн колунда иштейт элең…”
Айпери учурда Кыргызстанда. Үч баласын жалгыз багат. 38 жаштагы күйөөсүн кайдан, кантип издөөнү, эмнеден баштай турганын деле билбейт. Жакындары 65 жаштагы апасы баласын издөө үчүн Москвага кеткенин айтышты.
100дөн ашуун кыргызстандык кайрылды
“Азаттык” согуш башталганы Орусияда дайынсыз болгон кыргызстандыктардын так санын билүү үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер, Ички иштер министрликтерине кайрылып, жооп ала алган жок.
Ушундан улам биз бул суроону согушта дайынсыз болгондорду издөөгө көмөктөшкөн Украинанын “Хочу жить” өкмөттүк долбооруна узатып, соңку бир жылда украин тарапка кыргызстандык 100дөн ашуун адам жакынын издеп кайрылганын тактадык.
"Хочу жить" долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди:
"Биздин долбоорго жакынын издеп, 100дөн ашуун кыргызстандык кайрылган. Баса, бул “Хочу найтиге” гана 13 ай ичинде кайрылгандардын саны. Долбоорго бул аралыкта жалпы 60 миң 600 адам жазды. Алардын ичинен 400гө жакын адам туткунда экени аныкталган. Алардын теңи Украина менен Орусия ортосундагы туткун алмашууга ылайык кайтарылган. Бирок кыргызстандыктар арасында туткунга түшкөн бир же эки гана учур болгон. Биздин оюбузча дайынсыз жоголгондор жана аларды издегендердин саны мындан бир топ көп".
Согуш башталгандан бери дайынсыз жоголгон орусиялыктар тууралуу расмий Москва маалыматтарды ачык жарыялабайт. Аз күн мурун “Медиазона басылмасы” 2024-жылкы Орусиядагы сот чечимдерин тариздеп отуруп, былтыр дайыны чыкпай жаткандар жана каза болгондорго байланыштуу сотторго кеминде 20 миң адамдан арыз түшкөнүн аныктады. Бул согуш башталгандан бери Орусиядагы дайынсыз жоголгондор тууралуу биринчи ачык маалымат болуп саналат.
"Орусия издөөгө кызыкдар эмес"
Орусиянын мыйзамдарына ылайык, адамды дайынсыз жоголгондордун тизмесине кошуу үчүн анын жакындарынын уруксатынын кереги жок. Атүгүл юристтердин айтымында, көп учурда алар бул тууралуу кабардар да болбой калышат. Ошол эле кезде дайынсыз кеткендердин жакындарына өкмөттөн материалдык колдоо болбойт.
Орус бийлиги Украинадагы урушка тартылган аскерлерди дайынсыз жоголгондордун тизмесине кошууга канчалык кызыкдар жана бул процесс кантип ишке ашат? Бул суроого юрист Артем Клыга жооп берди:
"Азыр командирлердин бир сөзү менен эле сот адамдарды "дайынсыз" же "каза болду" деп таап коёт. Мунун негизги максаты андан ары ал аскерге же жакын адамына Орусия каражат төлөп берүүнү каалабайт. Адатта, эгер адам тирүү болсо келишимге жараша айына 200 миң рублдай төлөнөт. Бул орус өкмөтүнүн казынасына кадимкидей оор болуп, өткөн жылы күздөн бери бийлик чыгымдарды кескин азайтуу чараларын көрө баштады. Негизи мыйзам боюнча дайынсыз жоголгон адамдын жакындарына эч кандай кенемте төлөп берилбейт. Формалдуу түрдө жакынын издеген адам иш ордунан козголушун бир-эки жылдай күтүшү мүмкүн. Мындай учурда маселен, жакынын издеген кыргызстандыктар Орусияда болбогондуктан бийликке кайрылып, нааразы болуп же талап кылууга чама-чаркы деле жетпейт".
Жогоруда айтылгандай, Орусияда согушка кеткен кайсы бир аскер “дайынсыз” деп табылары менен ошол күндөн тарта анын айлыгы ал тирүү табылып же каза болгону аныкталганга чейин токтотулат. Башкача айтканда, мындай макамдагы адамдардын жакындары кандайдыр бир кенемте алууга укуктуу эмес.
"Хочу жить" долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко орус бийлиги үчүн "дайынсыз" деп жазып койгон көп баш оорудан кутултарын белгилейт.
"Орусия өз учурунда издөөгө шашпайт. Орус бийлиги үчүн “дайынсыз жоголгон” деп жазып коюу жеңил. Анткени адам жок болсо, иш да жок. Бул бир топ жеңил жана алардын жок дегенде кагаз иштерин азайтат. Бирок ал адам туткунда же тирүү болушу мүмкүн. Украина Женева конвенциясына ылайык, Кызыл чырым уюму менен тыгыз иштешип, колдогу болгон тизмени бул уюм аркылуу Орусияга өткөрүп берет. Бул учурда биз туткундарды эле эмес, репатриация аркылуу сөөктөрдү да алмашабыз. Соңку алмашууда Украина Орусияга 45 сөөктү өткөрүп берди. Украинага 700дөн ашуун сөөк алып келинди", - деди Матвиенко "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып.
2025-жылдын январында Орусиянын Коргоо министрлиги дайынсыз же туткунда болгон жарандардын жакындарына ай сайын төлөп берилчү социалдык төлөмдүн өлчөмү 158 миң рублга жетээрин билдирип, буйруктун жол-жобосун жарыялады. Документте кенемте согушка катышкан адамдын жубайына же жашы жеткен балдарына төлөнүп берилери айтылган. Бирок ал качан жана кандай шартта ишке ашаары азырынча белгисиз.
"Азаттык" радиосунун журналисттери "Медиазона" менен бирге үч жыл ичинде Орусия тараптан Украинадагы согушка катышкан кеминде 70 адамдын аты-жөнүн аныктады. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. Арасында Орусияда иштеп жүрүп, акыркы жылдары орус паспортун алгандар бар. Каза болгондордун эң кенжеси 19 жашта болгон. Тизмедегилердин басымдуу бөлүгү Орусиянын абактарда жазасын өтөп жаткан жеринен, мобилизация учурунда же Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка кеткен. Ондон ашуун адам Орусияда аскердик кызматын өтөп жаткан жеринен Украинадагы урушка жиберилген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Шерине