Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Чеченстандан үй-бүлөлүк зомбулуктан качып, Арменияда каза тапкан Айшат


Айшат Баймурадова
Айшат Баймурадова

Үй-бүлөдөгү зомбулуктан качып Арменияда башкалкалаган чеченстандык Айшат Баймурадованын өлүмүнөн кийин жумурияттын бийлиги окуя үчүн кайрадан укук коргоочуларды айыптады. Акыркы жылдары ондогон чеченстандык кыз-келин үй-бүлөлүк зомбулуктан же жакындарынын кысым-басымынан качууга аргасыз болгон.

23 жаштагы келин ошондой жагдайга туш болуп, Орусиянын сыртында каза тапкан биринчи чеченстандык аял. Көп учурда аларды туугандары коркутуп же күч менен кайтарып алышат. Бул жолу укук коргоочулар Айшатты өлтүрүүгө үй-бүлөсүнүн тиешеси жок деп шектенишет. Демек, андай тагдырга туш болгон калган кыз-келиндерге кайсы тараптан коркунуч жаралганын билүү маанилүү деп санашат.

21-октябрда Чеченстандын акыйкатчысы Мансур Солтаев 23 жаштагы Айшат Баймурадованын киши колдуу болушуна Грозныйдын эч кандай тиешеси жок деп билдирди. Анын айтымында, трагедия үчүн жоопкерчилик жардам беребиз деген жүйө менен үй-бүлөлүк зомбулукка даттангандарды алып чыгып, «үй-бүлөлөрдү бузган» «укук коргоочуларга» жана «кризистик борборлорго» жүктөлөт. Баймурадованын өлүмү артында Грозный турат деген божомолдорду ал «маалыматтык террордук сокку» деп сыпаттады.

Солтаев маркум менен “жакын дос кызыныкы” делген аудиону чыгарды. Журналисттердин айтымында, ал маалыматтын чын-төгүнү күмөн жаратууда. Чеченстандын өкүлү аудиодо сөз кызды Орусиядан алдап чыгарып кетип, документтери менен акчасын тартып алган “айрым укук коргоочулар менен кризистик борборлор” тууралуу жүргөнүн айтат. Омбудсмен буга байланыштуу Армениянын Тергөө комитетине кайрылуу даярдаганын билдирди.

Кавказ.Реалии сайтынын редакциясы ал аудиону угуп чыккан. Анда акча жана кайсы бир ыктыярчылар жөнүндө айтылат. Бирок үзүндүлөрдөн пикир келишпестик эмнеден келип чыкканы жана ким тууралуу кеп болгону түшүнүксүз деген жыйынтыкка келген.

Баймурадованын сөөгү Еревандагы ижарага алынган батирде табылган. Ал 15-октябрда Карина Иминова деген кыз менен жолугушууга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Айрым маалыматтарга караганда, ал Чеченстандын жетекчисине жакын адамдар менен байланышта болчу.

Кийин ал кыз жана террорчулукту каржылоо иши боюнча соттолуп, тагылган айыптар алынып салынган чеченстандык Саид-Хамзат Байсаров Баймурадованын сөөгү табылган күнү анын батиринде болгону ачыкка чыккан. Бул тууралуу "Осторожно, новости" кабарлап, "СК SOS" кризистик борбору бышыктады.

"CK SOS" жана "Марем" уюмдарынын кызматкерлери былтыр январда маркум өзү кайрылгандан кийин мекенинен качууга жана Арменияга алып чыгууга жардам берген.

"Атасы төрт жашынан эле ага кол көтөрчү"

Арменияда башкалкалагандан кийин ал өзүн Алекс деп тааныштырып жүрдү. Би-Би-Си радиосунун орус редакциясы сөзгө тарткан жаңы достору Айшат Чеченстандан алган травмалардын туткунунда калганын айтышат. Ал катаң диний тарбия алганын, мектептеги классташ балдар менен сүйлөшүп койсо атасы катуу жазалаганын, төрт жашынан баштап эле ага кол көтөргөнүн айтып берчү.

Атасы мурда күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөнү белгилүү. «Важные истории» басылмасы ал полицияда иштечү деп боолголойт. Журналисттер атасынын бир тууганы Ислам Баймурадов ички иштер органдарынын кызматкери экенин аныкташкан. Алардын пикиринде, чоң апасы жумурияттын мурдагы башчысы, азыркы жетекчинин атасы маркум Ахмат Кадыровдун эжелери болот деген маалымат чындыкка дал келиши мүмкүн.

Айшат 20 жашка чыкканда 29 жаштагы кишиге күйөөгө беришкенин, үйлөнүү тоюна чейин аны бир нече жолу гана көргөнүн айтып берген. Кийин күйөөсү сабаганын, үйгө камап коюп, камераларды орнотконун, телефон колдонууга уруксат бербегенин айтчу. Айшаттын Чеченстанда баласы калган.

Ал социалдык тармактарга постторун ачык жарыялап, кыз-келиндердин укуктарын коргогусу келген. Чеченстандын патриархалдык системасын, динди, ал жактагы эркектерди, өз үй-бүлөсүн сындачу.

Айшат жумурияттын жетекчилигин, Рамзан Кадыровду да сындап жүрдү. Бир катар укук коргоочу уюмдар ага этият болууну эскерткен.

"Карина Иминова Ош шаарынан болот"

Жогоруда айтылгандай, маркум дайынсыз жоголгон күнү Карина Иминова аттуу кыз менен жолугушууга кеткен. Ал өзүн дагестандык деп айтып жүргөнү менен Би-Би-Си Иминованы тааныган жана анын документтерин көргөн киши менен маектешкен. Ошол кишинин айтымында, ал Ош шаарында туулган, Дагестандагы чакан лак элинен болот.

Ачык булактарга ылайык, Иминованын Дагестан жана Чеченстан менен байланыштары бар. Ал жогорку билим алган эмес, эч жерде иштебейт, бирок кымбат баалуу машиналарды минип жүрөт. «Важные истории» Подмосковьеде батири бар, бирок былтыркы жылдын этегине карай «Мосфильмовский» деген кымбат комплексте жашаганын аныктаган.

Би-Би-Синин булагы Иминова акыркы жылдарда бир нече жолу Арменияга учканын, Бириккен Араб Эмираттарына көп каттаганын авиаучуулар базасына таянып айтып берген.

Айшаттын тааныштары ал Баймурадова менен соцтармактардан өзү таанышканын, кийин Арменияга барып, ар кандай отуруштарга чакырып турганын айтышкан.

Укук коргоочулар Баймурадова киши колдуу болгондон кийин ал Армениядан чыгып кеткенин жана Вотсаптагы аккаунтун өчүрүп салганын маалымдашты.

"CK SOS" борбору “Иминованын Айшаттын өлүмүнө тиешеси барбы же жокпу белгисиз, бирок ал окуянын маанилүү күбөсү” экенин билдирди.

Орусиялык укук коргоочулар Армениянын бийлигин кылмышты ачык жана жакшылап териштирүүгө үндөштү. Ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Тергөө комитетинен бар маалыматты өткөрүп берүүнү сурады, ал эми өкмөт башчынын кеңсеси башкы прокурорго кайрылды.

Акыркы жылдары ондогон чеченстандык кыз-келин үй-бүлөлүк зомбулуктан же жакындарынын кысым-басымынан качууга аргасыз болгон. Көбү башка аймактарда же чет өлкөлөрдө башпааналаса, айрымдарын үйүнө күч менен алып кетишкен. Мекенинде алар дайынсыз болуп же каза тапкан. Мындай окуялар ачыкка чыкканда жумурияттын бийлиги алардын жакындарын же системаны эмес, аялдарга жардам берген уюмдарды күнөөлөшөт.

"CK SOS" борборунун басма сөз өкүлү Александра Мирошникова аларга коркутуу такай түшүп турарын белгилейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG