Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Журналисттер Украинадагы согушта мерт болгон 99 миңден ашуун орусиялыктын тек-жайын тактады


Орусия.
Орусия.

Орусия Украинага кол салгандан бери дээрлик 100 миңдей аскерин жоготкону Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы ыктыярчылар менен бирге даярдаган маалыматта айтылды.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 99 113 орусиялык аскер согушта мерт болгон. Марттын ортосундагы тизмеде алардын саны 98 миң деп белгиленген.

Иликтөөчү журналисттер жоготуулардын жарымынан көбү согуш башталганга чейин орус армиясынын катарында болбогон адамдар экенин аныктаган. Бул тизмеге киргизилгендердин бир бөлүгүн фронтко өз ыктыяры менен баргандар түзөт. Жоготуулардын басымдуу бөлүгү Башкырстанга туура келет.

Иликтөөчү журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айтканы, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Алар реалдуу сан мындан кеминде эки эсе көп экенин белгилешет.

Мурдарак “Медуза” жана “Медиазона” басылмалары чыгарган иликтөөгө караганда, орус армиясы согуш башталгандан бери Украинада 165 миңден кем эмес аскерин жоготкон.

UA losses долбоорунун командасынын эсебинде, Украина бери дегенде 127 миңдей жоокерин жоготту, алардын арасында дайыны табылбай жаткандар да бар.

Москва да, Киев да согуштагы жоготуулары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбайт. Ар бир тарап адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.

Буга чейин "Азаттык" бул согушта теги кыргызстандык 70тен ашуун киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG