Мандат алууну каалагандарга күрөөнүн жана шайлоо фондунун суммасын көтөрүү, аралыктан добуш берүү өңдүү бир катар жаңы сунуштарды камтыган бул жаңы долбоор парламенттин 16-апрелдеги жыйынында экинчи окуудан өттү.
Президент кышта шайланат
Кыргызстанда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо" конституциялык мыйзамына жаңы өзгөртүүлөр кирип, 16-апрелде Жогорку Кеңеште үч окууда тең колдоо тапты.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров жаңы өзгөртүүлөр президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тактоого байланыштуу киргенин түшүндүрдү.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Колдонуудагы мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо президенттин ыйгарым укуктары бүткөн жылдын октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтүшү керек. Эгерде кезектеги президенттик шайлоо мыйзамда белгиленген ченемге ылайык дайындалса, учурдагы президенттин ыйгарым укуктарынын белгиленген алты жылдык мөөнөтүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн. Бул коомдо ар кандай пикир келишпестиктерди жаратат”.
БШК төрагасы мыйзамга кирген жаңы өзгөртүүлөр социалдык кесепеттерге жана чыгымдарга алып келбей турганын кошумчалады.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, келерки президенттик шайлоо 2027-жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өтүүгө тийиш.
Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке киришкен.
Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариев шайлоону январь айына жылдырууну ушуга байланыштырды.
“Мөөнөтүнө шайкеш келтирүү үчүн гана тууралашты окшойт. Мурда шайлоо күздө өтчү да, 2020-жылдагы окуядан кийин январда өтүп калбадыбы. Жылдын саны тагыраак болсун деп жылдырышты окшойт менимче. Чындап келгенде жылдырбай деле койсо болмок. Бирок жарым жыл көбүрөөк отуруп калат деп чочулагандар болсо керек араларында. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп калбадыбы. Ошондой чечишиптир эми”.
Өзгөртүү киргенге чейин аталган мыйзамда президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде болору жазылган.
Эксперт Тагир Осмоналиев шайлоо президенттин мөөнөтү аяктаганга чейин, күзүндө өткөрүлсө туура болмок дейт.
“Президенттик шайлоонун датасы азыркы аракеттеги президенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин өтүүгө тийиш. Анткени ортодо соттук иштер, арыз-даттануулар болушу мүмкүн. Ошонун баарын карап келсек, шайлоонун жыйынтыгы февралдын аягына чейин созулат. Аракеттеги президент алты жылга шайланган, январь айында мөөнөтү бүтүп жатат. Ошол себептүү шайлоо президенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин бир-эки ай мурда өтүшү керек. Мурдагы мыйзамга ылайык, шайлоо күзгө белгиленген. Ошол туура болчу. Аракеттеги президенттин мөөнөтү бүткүчө, жаңы шайланганы ишке киришмек. Азыркы өзгөртүү боюнча аракеттеги президенттин мөөнөтү узарып кетиши мүмкүн”.
2021-жылы кабыл алынган Конституцияда Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт.
Блогерлер мандат албай калабы?
Ушул жумада Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам да парламентте каралды.
Мыйзам ишке кирсе, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет.
Округдардын саны 30га чейин көбөйүп, үч талапкер чыгат. Эгер мурда шайлоочу каттоого турган аймакка барып добуш берсе, жаңы өзгөрүүдө аралыктан добуш берүү каралган. Күрөөнүн жана шайлоо фондусунун суммасы көтөрүлөт.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган авторлор Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо мыйзамына кирген жаңы өзгөртүүлөр саясий коррупцияны азайтарын белгилешүүдө. Спикер буга чейин мыйзам президент менен макулдашылганын айткан.
Анткен менен депутат Дастан Бекешев бул жүйөгө макул эмес. Ал мыйзам долбоору 15-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинде талкууланып жатканда бир катар мүчүлүштүктөрдү айтып чыкты.
"Саясий коррупция болуп калат. Бизде азыр үгүтчүлөр 500 болсо, азыр миңге чыгып жатат. Ар бир округда 500 үгүтчүгө 300 эле шайлоочу туура келет. Ал эми миң үгүтчү кылсак, 150 эле шайлоочу туура келип атат. Ошондо талапкер үйдөн отуруп эле миң киши менен келишим түзө алат экен. Ар бир үгүтчүгө ар бир добуш үчүн миң сомдон берсе, 10 миң болот. 10 млн сом менен 10 миң добуш алат. Даана саясий коррупция. Эл менен жолукпай, кыдырбай эле добуш алса болот".
Дастан Бекешев аралыктан добуш берүүнү да мурдагы шайлоолордогу "карусель ыкмасына" окшоштурууда. Муну менен катар добуш берүүдө онлайн идентификацияны колдонуу өтө кооптуу экенин белгилеп, алып салууну сунуштады.
Бирок депутаттын бул кооптонуусун мыйзамды демилгелеген депутаттар жана БШК төрагасы четке какты.
Боршайком төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров аралыктан шайлоо чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарынын добуш берүүсүн жеңилдетерин белгиледи.
“Мурда шайлоого катышуу үчүн арыз берип, тизмеге кирип, консулдук каттоого туруш керек эле. Азыр андай чектөөлөр жок. Чет өлкөдө добушкана ачылса, ID же чет элдик паспорту, же “Түндүк” тиркемеси менен келип добуш берет. Бюллетень берилет, бирок ал добушту Кыргызстанда өзү каттоодо турган округдагы талапкерге гана берет”.
Аралыктан добуш берүү ыкмасы биринчи жолу 2023-жылы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо колдонулган. Шайназаров эми ал Кыргызстандын бардык аймагында иштей турганын айтууда.
Ал эми депутат Бакытбек Чойбеков шайлоо округуна байланыштуу суроо жараткан жагдайларды атады.
“Кыргызстанда 4,8 миллион шайлоочу бар. Анын 30 округга бөлсө, 130-140 шайлоочу болот. Талас облусунда 180 миң шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Бул облуста канча округу болот? Бир же эки? Облуска эки округду калтырууну суранам. Бир округду калтырса, облустан үч эле депутат болуп калат да. Анда Токтогулду кошосуңарбы, Жайыл районун кошосуңарбы, же Чаткалдыбы? Бирок Чаткалда 17 миң эле шайлоочу жашайт экен”.
БШК төрагасы бул сунушту жүйөлүү деп таап, карап чыгууга убада берди.
Жаңы мыйзамда күрөөнүн суммасы 100 миң сомдон 300 миң сомго көбөйгөн. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 млн сомдон 9 миллионго чейин көтөрүлөт.
Жаран өзү же партия Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күрөөнү төккөндөн кийин гана шайлоого катталат. Күрөөдөгү каражат саясий партияларга да, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге да кайтарылбайт. Шайлоодон уткан учурда да күрөөгө берилген акча кайра берилбейт.
Өзүн өзү көрсөткөн талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлөт. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрүн 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүү сунушталууда.
Депутат Илимбек Кылычбеков күрөөнүн жогору болушуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
“Бүгүн мыйзам колубузда турат. Аймактагы жаштар үчүн 300 миң сом да көп. Бир адамдын бир жылдык кирешеси. Аны коюп аттана албай калышы мүмкүн”.
Депутат Элдар Абакиров дагы эл арасынан чыккан жөнөкөй адамдардын парламентке келишине тоскоолдуктар болушу мүмкүн экенин айтты:
"Ушул жерде 90 депутат отурабыз. 54 партия тизмеси менен, 36 бир мандаттуу округдан келдик. Азыркы шайлоо баланстуу мага жагат да. Партиялык тизме менен блогерлер, журналисттер, жөнөкөй адамдар болуп идеяны көтөргөндөр келген да. Мандаттуу шайлоодо аларга келгенге бир аз кыйын болуп калабы деп ойлойм".
"Олигархтарга жол ачылат"
Шайлоо боюнча эксперт Тагир Осмоналиев шайлоо мыйзамына кирген жаңы өзгөртүүлөр капчыктуу адамдар үчүн иштейт деген пикирде.
“Карапайым адамдардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү четке кагылып калды. Мурда деле күрөөгө 100 миң сом койгонго чамасы жоктор жетиштүү эле. Күрөөнүн суммасын, шайлоо фонддорун көтөрүү менен кайра эле олигархтардын келишине жол ачып жатабыз. Конституцияда көрсөтүлгөндөй эле ар бир жаранга шарт түзүп беришибиз керек эле. БШК талапкердин санынан деле коркпошу керек болчу".
Жаңы мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, анын ар биринде үчтөн депутат шайланат. Үч мандаттын бирөө аял кишиге берилүүгө тийиш. Ошондо 90 мандаттын 30ун аялдар алат. Эгерде өз округунда көп добуш алып биринчи, экинчи орунга чыкса, анда аял депутаттардын саны дагы көбөйүүгө тийиш. Бир шайлоочу бир эле талапкерге добуш берет.
Мыйзам 15-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинде талкууланып жатканда гендердик квотага байланыштуу суроолор чыккан. Айрым депутаттар "бир добуш алган аял киши квотасы болгону үчүн парламентке келип, андан көп добуш алган эркекке мандат берилбей калабы?" деген маселе көтөрүшкөн.
Анткен менен эксперт Тагир Осмоналиев жаңы мыйзамдагы гендердик квотаны азыркы реалдуулукту эске алган туура чечим деп эсептейт.
“Азыркы жагдайды карай турган болсок, айымдарга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Буга чейин жалаң эркектерден турган, бир да айым жок Жогорку Кеңештин чакырылыштарын көргөнбүз. Бир кезде квотадан да арылабыз. Бирок азыркы шартта ал керек. Бир округдан бир мандат аялга берилсе, чындап эле жакшы болмок. Бирок акчалуулар өтсө анын иштеши да күмөн. Мыйзам мүмкүнчүлүк түзүп жаткандан кийин шайлоочулар терең ойлонуп, тандап мыкты аялдарга добуш бериш керек. Акчага азгырылбаса, татыктуу адамдарды парламентке алып келсек болот”.
БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев мыйзамдагы өзгөртүүлөргө мындай баа берди:
“2020-жылы күрөөнү партиялар үчүн көп экен деп ылдыйлатышкан. Азыр кайра көтөрүп жатышат. Акчасы барлар канча болбосун таап төлөйт. Мугалим, дарыгерлер күрөө 100 миң сом болсо деле келбейт. Азыр баарын акча чечип калган. Конституцияда эркек-аял тең укуктуу экени жазылып турат. Бирок аял киши ошол жакка баргысы келеби деген суроо турат. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, бир аялды кааласа-каалабаса да кошууга туура келет. Акыркы жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөндө бул кандай нааразылык жаратканын билесиз да. Талапкерлер соттошконго чейин барышкан. Республикалык деңгээлде мунун таасири кандай болорун билбейм”.
Сариев Боршайкомду жетектеп турган 2010-жылы азыркыдай мүмкүнчүлүк жок болбогону үчүн аралыктан шайлоо өткөрүүгө жол бербегенин айтты:
"Бул жакшы нерсе. 2010-жылы ошондой сунуштар болгон. Бирок мен ага жол берген эмесмин. Азыр "Түндүктөн" алынган документтер юридикалык күчкө ээ болуп жатпайбы. Ушунун алкагында иш жүрүшү мүмкүн. Бирок башка даректен добуш бергендин бир жагы бар. Бир жерге каттоого туруп, башка жактан кирип атсаң, көзөмөлдөөчү органга онлайн маалымат кетиши керек. Ал адам дагы башка жерден добуш бербеши керек. Бизде азырынча андай шарт жок да".
Буга чейин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде шайлоо жөнүндө мыйзам кыргыз элине туура келерин айткан.
"Азыр ушул саясий коррупцияны жок кылганы жатабыз. Балким 40-50 жылдан кийин биздин элибиз менен саясатчыларыбыз даяр болуп калса, андан кийин партиялык башкаруу системасына өтүшүбүз толук мүмкүн. Бирок азырынча депутаттар сунуштап жаткан система биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келет. Парламент шайлоочулар алдында жооптуу болот",- деген ал.
Мыйзам экинчи окууда каралып жатканда депутаттар берген сунуштардын айрымдары четке кагылганы белгилүү болду.
Алсак, депутат Дастан Жумабековдун аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө ат салышсын, эки бюллетень болсун деген сунушу өткөн жок. Депутат Надира Нарматованын талапкердин жашы 25тен өйдө, жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек деген сунушу да кирбей калган.
Жогорку Кеңешти шайлоо мыйзамына жаңы өзгөртүүлөрдү төрага Нурланбек Тургунбек уулу, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов киргизген.
Мыйзамга 16-апрелде 83 депутат “макул”, бир эл өкүлү “каршы” деп добуш берип, экинчи окуудан өттү.
2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум аркылуу президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кыйла азайган.
Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизмеде пропорционалдык тутум менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланган.
Шерине