Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Мексикада "Z" муунунун миңдеген өкүлү коррупцияга каршы акцияга чыкты


Мексикада нааразылык акциясына чыккан жаштар.
Мексикада нааразылык акциясына чыккан жаштар.

Мексиканын баш калаасы Мехико шаарында түмөндөгөн жаштар көчөгө чыгып, кылмыштуулукка, коррупцияга жана жазасыздыкка каршы нааразычылык билдиришти.

Бул демонстрацияны "Z" муунунун мүчөлөрү уюштурган. Ошентсе да ага оппозициядагы партиялардын улгайган өкүлдөрү да катышты.

Демонстрация негизинен тынчтык маанайда өтсө дагы айрым жаштар полиция менен кагылыша кетишти.

Шаардык полициянын катчысы Пабло Васкес билдиргендей, 120 адам жаракат алган, алардын 100ү полиция кызматкерлери. 20дай адам кармалган.

Быйыл бир нече өлкөдө 1990-жылдардын аягынан 2010-жылдардын башына чейин туулган "Z" муунунун мүчөлөрү теңсиздикке, демократиялык деградацияга жана коррупцияга каршы демонстрацияларга чыгышты.

Эң ири демонстрациялар сентябрда Непалда социалдык тармактарга чектөө киргизилгенден кийин өттү. Анын натыйжасында өлкөнүн премьер-министри кызматтан кетти.

Шерине

XS
SM
MD
LG