Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Бахадыр Коңуров БШКга мүчө болуп шайланды


Бахадыр Коңуров.
Бахадыр Коңуров.

Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутаттар Бахадыр Коңуровду Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү кылып шайлады. Анын талапкерлигин “Ишеним” фракциясы сунуштаганын фракция лидери Улукбек Ормонов билдирди.

Добуш берүү жашыруун электрондук түрдө жүрүп, Коңуровдун талапкерлигин 72 депутат колдоду.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин 17-марттагы жыйынында Коңуровдун талапкерлиги каралып, жактырылган.

Жогорку Кеңеш 12-марттагы жыйында БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкулов өз арызынын негизинде кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алган.

Анын ордуна жаңы шайланган Коңуров буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп турган.

Борбордук шайлоо комиссиясы төрагасын кошкондо 12 мүчөдөн турат. Алардын жарымын парламент президенттин сунуштамасынын негизинде, калган алтоо өз демилгеси менен шайлайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG