Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:30

Конгресс Орусиядан мунай сатып алган өлкөлөргө катаал санкцияларды караштырууда


АКШда республикачыл мыйзам чыгаруучулар Орусия бизнес жүргүзгөн ар кандай өлкөлөргө санкция киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу 16-ноябрда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди.

"Бул тизмеге Иранды да кошсо болот. Мен муну сунуштаган элем. Ошентип, Орусия менен бизнес жүргүзгөн ар бир өлкө өтө катуу санкцияларга дуушар болот", — деди Трамп.

Reuters маалымдагандай, айрым сенаторлор учурда эки партиянын колдоосу менен санкция мыйзамын өткөрүү аракеттерин башташты. Долбоор Орусиянын мунай жана газын сатып алуучу өлкөлөргө чектөөлөрдү киргизүүнү жана энергетика тармагында иштеген эл аралык компанияларга санкцияларды карайт.

Октябрдын аягында Вашингтон Орусиянын "Роснефть" жана "Лукойл" сыяктуу ири мунай компанияларына каршы санкцияларды киргизген.

Эки партиянын мыйзам долбоорун республикачылар Линдси Грэм менен демократ Ричард Блюментал 2025-жылдын жазында сунушталган. Документ Орусиядан мунай, табигый газ же уран сатып алган өлкөлөрдөн импортко 500% бажы төлөмүн киргизүүнү карайт. Долбоорду 100 сенатордун 80ден ашыгы колдогон.

Грэм Трамп мыйзам долбоорун колдоого даяр экенин билдирген жана долбоор жайында Сенатта каралмак. Бирок Орусия жана АКШ президенттеринин Аляскадагы саммитинен кийин документти карап чыгуу токтотулган.

Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, Сенат Будапешттеги жаңы жолугушууга чейин күтүүгө мажбур болгон, бирок ал жолугушуу акыры ишке ашпай калган.


Шерине

XS
SM
MD
LG