Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 17-ноябрда билдирди.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, 10-16-ноябрь аралыгында өлкө боюнча тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 7966 адамга жетти.
Бул ага чейинки аптага салыштырганда 17,4 % көп. Ооруга чалдыккандардын 65,5 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Дарыгерге кайрылгандардын 8,5 пайызы же 679 киши ооруканага жаткырылган.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча көзөмөл уланып жатканы айтылды.
Республиканын бардык аймагында окуучулардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарында ооруга байланыштуу сабакка барбаган окуучулар 3,2% түзгөн.
Адатта аба ырайы өзгөрүп, күн сууктаганы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар күчөйт. (КЕ)
Шерине