Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:46

Депутаттарды кызматтык унаа менен камсыздоо чечими, коомдогу сын


2024-жылы декабрда өткөн Элдик курултай учурунда тартылган сүрөт.
2024-жылы декабрда өткөн Элдик курултай учурунда тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берүү маселеси коомчулукта кызуу талкууга түштү. Депутаттар 3-апрелдеги жыйынында бул маселени жабык карады. Учурда парламенттеги айым депутаттарга жана төрагага, анын орун басарларына гана кызматтык унаа каралган.

Айрым эл өкүлдөрү кызматтык унаага муктаждык бар экенин, алар мамлекеттик жумушту аркалап жатканы үчүн камсыздалышы туура болгонун айтып жатышат.

Депутаттардын кызматтык унаасы

Бир катар басылмалар парламент төрагасына, орун басарларына, комитеттердин жана фракциялардын башчыларына Lixiang L9 ал эми калган депутаттарга ушул эле маркадагы L7 унаасын сатып алуу пландалып жатканын жазып чыгышты. L9дун базардагы баасы орточо эсеп менен 60 миң АКШ доллары болсо, L7 болсо 40 миң доллар деп бааланат.

Бирок Жогорку Кеңештин аппараты азырынча кандай унаа сатып алына турганы аныктала электигин билдирди.

“Буга чейин Жогорку Кеңештин 20 айым депутаты кызматтык унаа менен камсыздалган. Бирок алардын айдоочуларынын айлык акысы мамлекеттин эсебинен эмес, депутаттын жеке фондунан төлөнүп келет. Ал эми калган 70 депутатты унаа менен камсыздоо иши да так эле ушундай шартта жүргүзүлөрү мерчемделүүдө. Бирок кайсы үлгүдөгү унаа алынып келинери азырынча толук чечиле элек”, - деп жазылган маалыматта.

KG номурун берүү сунушу

Мыйзамга ылайык, депутаттарга кызматтык унаа берүүнүн тартибин өкмөт, ал эми пайдалануунун жол-жобосун парламент өзү аныктай турганы белгиленген. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мындай чечимди кубаттап, эл өкүлдөрү да өлкө үчүн кызмат кылып жатканын, мындан улам унаа менен камсыздалышы туура экенин айтууда.

“Учактарды алып жаткандан кийин транспорт Жогорку Кеңештин депутаттарына да керек. Кандай болсо да бул мамлекеттин мүлкү болуп кала берет. Айыл өкмөттөргө, молдолорго чейин унаалар берилип жатпайбы. Мисал үчүн, муфтийге, казыга караганда Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик деңгээлде бийик турат да. Бюджет өсүп жатат, ошого жараша баарыбызга шарт түзүлүп жатат да”.

Масалиев мындан тышкары депутаттардын кызматтык унаасына мурдагыдай кылып KG номурун берүүнү сунуштап жатат. Ал эл өкүлдөрү өзгөчө номурлуу унаада жүргөндө коомдук көзөмөл болуп, шайлоочулар алардын каякка барганын билип турат деген пикирде.

Депутаттарды кызматтык унаа жана башка артыкчылыктардан ажыраткан чечим 2016-жылы кабыл алынган. Бул парламентке 2015-жылы келген “Республика-Ата Журт” фракциясынын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болуп, анын арты менен депутаттар 120 кызматтык унаадан жана айдоочуларынан, жардамчыларынан жана парламенттин батиринен баш тартышкан. Бул мамлекеттик чыгымды азайтуу жана депутаттардын элге аралашып жүрүшүн шарттоо үчүн кабыл алынганын ошол кезде “Республика – Ата Журттун” тизмесинен депутат болгон Кенжебек Бокоев айтып берди.

“Кызматтык унаа мугалимде, дарыгерде же башка кызматкерде барбы? Жок. Ошондуктан депутаттарда да жок болсун дегенбиз. Артыкчылык деп коюшат го. Депутаттар өзгөчөлөнбөй, дарыгер, мугалим сыяктуу эле болуп жүрсүн деп жок кылганбыз”.

Кийин депутаттардын кызматтык унаа маселеси парламентте кайра көтөрүлүп, айым депутаттарга кайтаруу сунушу айтыла баштаган. Ошентип 20 айым депутатка жана парламенттин төрагасына, орун басарларына унаа берилген.

Ал эми эл өкүлдөрүнүн баарына унаа берүү боюнча жобонун кабыл алынышы коомчулукта парламентке сын-пикирлер көп айтылып жаткан учурга туш келди.

Буга чейин парламент кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди талкуусуз кабыл алып берген, маселе каралып жатканда сын айткан депутат Султанбай Айжигитов алгач “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылып, кийин мандатынан ажыраган.

"Депутаттар өз милдетине так болушу керек"

Саясатчы Азимбек Бекназаров депутаттар кандайдыр бир шарт түзүү талабын коюудан мурда өз милдеттерине так болушу керек деген пикирин айтты.

“Милдетин аткарсын, татыктуу болсун да унаасын да айдасын, айлыгы да көп болсун. Жакшы иштеген кызматкерге компаниялар деле көп маяна берет го. Иштебеген кишиге неге төлөш керек? Банкрот, парламент бүгүн банкротто”.

Парламенттин кызматтык унаа боюнча жобосу социалдык тармактарда кызуу талкууланып, муну сынга алгандар басымдуу болууда. Ал арада бийликтин башка бутактарынын, Президенттин администрациясынын чыгымы менен салыштыргандар да бар.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков парламент депутаттарынын чыгымдары президенттин администрациясына караганда кыйла аз экенин белгилеп, бирок бул жагдайда чыгымдан да принципиалдуу маселе бар экенин айтты.

“Мисалы, АКШда депутаттарга унаа берилбейт, анын ордуна акча каралган. Депутат ал каражатты таксиге коротот же өз унаасы менен келет, мамлекеттик гараждагы унааларды да пайдаланса болот. Авторитардык мамлекеттерде депутаттарга унаа берилет. Бирок бул принципиалдуу эмес. Негизгиси, депутаттар бийликке, биздин шартыбызда президентке көз карандыбы же көз каранды эмеспи? Тилекке каршы, биздин депутаттардын баары көз каранды. Парламент дээрлик жокко эсе. Алар президентке, өкмөткө баш ийет. Ошондуктан алардын чыгымы азбы же көппү, мамлекет, саясат, адилетүүлүк, мыйзамдуулук үчүн ысык-суугу жокко эсе десек болот”.

Учурда Жогорку Кеңеште жалпы 90 депутат бар. Алардын 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келсе, 54ү партиялык тизме менен мандат алган.

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын 29-декабрында ант берип, ишке киришкен. Учурда Жогорку Кеңеште «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Ыйман Нуру», «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциялары жана «Мекенчил», «Элдик» депутаттык топтору бар.


Шерине

XS
SM
MD
LG