Орусияда "Росфинмониторинг" мурдагы премьер-министр Михаил Касьяновду "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине киргизди. Андан тышкары ушул эле тизмеге экономист Сергей Гуриев жана "Новая газета Европа" басылмасынын башкы редактору Кирилл Мартынов да кошулду.
Бир ай мурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Согушка каршы комитеттин" мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Анда бул үч адам тең бар эле.
Касьянов 2000–2004-жылдары орус өкмөтүн жетектеп, кийин оппозицияга өткөн. 2022-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кеткен.
Эки жыл мурда Мыйзам чыгаруу органдары аны "чет элдик агент" катары каттаган.
Экономист Гуриев 2023-жылдын мартында "чет элдик агент" катары таанылган. Ошол эле жылы күзүндө сот Гуриевди бир нече жолу "чет элдик агент" мыйзамын бузган деп айыптап, айып пул салган.
Журналист Мартыновго издөө жарыяланган. Ал “ыңгайсыз уюмдун” ишмердүүлүгүн уюштурду деген берененин негизинде сыртынан камакка алынган.
"Согушка каршы комитетти" Орусиянын коомдук, жарандык активисттери Москва Украинага каршы согуш ачкандан кийин негиздешкен.
Шерине