Медиа эксперт, "Говори ТВ" телеканалынын негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин чектөөгө аракеттенген мыйзам долбоорлору үстү-үстүнө кабыл алынып жатканын айтты.
Ал бул тууралуу 14-апрелде Жогорку Кеңеште “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу учурунда сүйлөп жатып билдирди.
"Мыйзам долбоорун биз президент Садыр Жапаровдун сунушу менен чогуу, кайра отуруп иштеп, орток вариантын жаздык. Бирок биз бир эле мыйзам долбоорунун үстүндө иштедик. Бул аралыкта жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин чектөөгө аракет кылган бир нече мыйзам кабыл алынып кетти. Мисалы, "Жалган жалаа тууралуу биринчи", "Жалган жалаа тууралуу экинчи" мыйзамдар десек болот. Ошондой эле чет элдик өкүл тууралуу мыйзам да биздин ишибизге кыйла тоскоолдук кылып жатат. Чектөөлөр аябай көп болууда, - деди Кайыргүл Урумканова.
Жогорку Кеңеш сөз болгон мыйзам долбоорун 9-апрелде биринчи окууда карап, жактырган.
10-апрелдеги отурумда парламент кыргыз өкмөтүнүн интернеттеги жоопкерчиликти күчөтүп, фейк аккаунттар аркылуу жалган, анык эмес маалыматтарды таратууну жана мамлекеттин, адамдын, уюмдардын кызыкчылыктарына каршы аракеттерин чектөө үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алган.
Буга чейин да интернеттеги билдирүүлөргө тиешелүү бир катар мыйзам кабыл алынган. 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам ишке кирип, анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлары жазылган. Айрымдар бул норма фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.
Быйыл жыл башында да интернеттеги билдирүүлөр боюнча жоопкерчиликти күчөткөн дагы бир мыйзам ишке кирген. Анда кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, ага айыппул каралган.
Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. (ZKo)
Шерине