Казакстандын Атырау шаардык соту 24 жаштагы Яна Легкодимованы өлтүргөн деп айыпталган Ризуан Хайржанов менен Алтынбек Катимовду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазышты.
Мындан тышкары, сот айыпталуучулардан 1 млн 950 миң теңге (болжол менен $3 700) материалдык чыгым, ошондой эле ар биринен 15 млн теңгеден (болжол менен $28 600) моралдык чыгым өндүрүп берүүнү чечти.
Соттун маалыматына караганда, айыпталуучулар кылмышка алдын ала даярданышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча Хайржанов менен Катимов кызды жок кылуунун бир нече вариантын талкуулашкан.
Иш материалдарында 2024-жылдын 18-октябрында Легкодимова Хайржанов менен жолугууга барып, экөө уруша кеткени көрсөтүлгөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча дал ошол учурда Ризуан Хайржанов кызды муунтуп өлтүргөн, ал эми анын шериги Алтынбек Катимов кызды качырбаш үчүн машиненин эшигин бекем кармап турган.
Маркумдун сөөгүн Талдыкөл айылындагы Урал дарыясына ыргытып жиберишкен.
Тергөөнүн версиясына ылайык, Хайржанов Легкодимова алардын мамилеси тууралуу анын сүйлөшкөн кызына айтып коюшу мүмкүн деген кооптонуудан улам бул кылмышка барган.
Легкодимованын апасы кызынын жоголгонун айтып, полицияга кайрылгандан кийин эки шектүү тең кармалган. Кыздын сөөгүн издөө сегиз айга созулуп, 2025-жылдын июнь айында аяктаган. Табылган сөөк соттук экспертиза аркылуу аныкталган.
Шерине