Казакстандагы биринчи атом электр станциясына аталышы боюнча eGov Mobile платформасында 25-сентябрдан 10-октябрга чейин өткөн жалпы элдик сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу маалымат 17-ноябрда Казакстандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин сайтында жарыяланды.
5-сентябрда жарандык коом өкүлдөрүнөн, креативдүү индустрия адистеринен, атом энергетикасы, филология жана тарых боюнча эксперттерден турган комиссия түзүлгөн.
Жалпы сынакка 16 жаштан жогору 27 миңден ашуун жаран катышкан. Ар бир адам бир гана аталыш сунуштай алган. Натыйжада өлкөнүн алгачкы АЭСине байланыштуу 10 460 сунуш түшкөн.
Комиссия эң көп сунушталган 100 аталышты карап чыгып, алардын арасынан эң популярдуусу "Балхаш" атом электр станциясы деп тапты.
Агенттик бул аталыш эл аралык тажрыйбага толук шайкеш келерин белгиледи.
Быйыл февралда өкмөт алгачкы АЭС Алматы облусунун Жамбыл районунда, Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкен айылынын жанында курула турган жерди расмий бекиткен. 14-июнда өкмөт алгачкы атомдук электр станцияны Орусия куруп берерин маалымдаган.
Бир катар экологдор Казакстанда АЭС курууга каршы. Алардын айтымында, атом станциясы Балхаш көлүнүн экологиясына зыян келтириши мүмкүн. Ал эми коомдук активисттер жана саясат талдоочулар Орусиянын катышуусу Казакстанды энергетикалык жана саясий көз карандуулукка алып келиши мүмкүн деп тынчсызданышат.
Расмий Астана болсо АЭС боюнча чечимде эч кайсы бир мамлекеттин саясий кызыкчылыгы жок экенин коомго түшүндүрүп келет.
Казакстан бийлиги АЭС куруу боюнча чечимди былтыр кабыл алган. Мунун алдында өлкөдө референдум өткөн.
Байкоочулар референдум учурунда мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.
Борбордук референдум комиссиясынын расмий жыйынтыгында добуш берген жарандардын 71 пайызы Казакстанда АЭС курууну колдогон.
Шерине