Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Парламент төрагасы депутаттарды соцтармактагы сын-пикирге көңүл бурбоого чакырды


Нурланбек Тургунбек уулу.
Нурланбек Тургунбек уулу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды интернеттеги социалдык тармактардагы колдонуучулардын сын-пикирине жооп бербөөгө, көңүл бурбоого чакырды. Бул тууралуу ал 9-апрелдеги парламент жыйынында депутат Бактыбек Сыдыковдун билдирүүсүнөн соң айтып чыкты.

Депутат Сыдыков кош бойлуу аялдардын саламаттыгы боюнча айткандары коомчулукта талкууга түшкөнүн белгилеп, ага түшүндүрмө берген. Мындан соң төрага депутаттарга соцтармактагы сын-пикирлерге жооп берүүгө кажет жок деп эсептерин билдирди:

“Соцтармактарда, интернетте ар ким өзүнүн оюн айта берет. Ошонун ар бирине жооп берүүнүн кажети жок. Мен эч качан андайларга жооп бербейм, айта беришет, дей беришет. Кудайдын алдында, өз абийиримдин алдында туура иш кылып жаткан болсом, эч качан жооп бербейм. Соцтармакка жаза беришсин, алардын кадырын көтөрүп жооп берип, 150 “лайк” менен 150 комментарийдин кулу болуштун кереги жок”, - деди спикер.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков майыптыгы бар балдардын көбөйүп жатканы тууралуу айтканына 9-апрелде жалпы жыйында түшүндүрмө берген.

Ал бир күн мурунку сөзү соцтармактарда катуу талкууланып, аны "фашист" деп атап, Гитлер менен катар коюшканын белгилеп, бирок андай пикир ээлери маселенин маанисин түшүнбөй калышканын айтты. Бактыбек Сыдыков өнүккөн өлкөлөрдө перинаталдык скрининг жана ата-энелерин генетикалык тестирлөөдөн өткөрүү милдеттүү түрдө, массалык жүргүзүлөрүн белгиледи. Ал аутизм, Даун синдромун, ДЦП жана башка тубаса майыптыкка алып келген оорулардан тышкары дагы көптөгөн илдеттерди алдын алуу мүмкүн болмок деп эсептерин айтып чыкты.

Шерине

XS
SM
MD
LG