Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Депутат Ормонов шайлоо боюнча жаңы мыйзам "партияларды жок кыларын" билдирди


Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламент депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы саясий партиялар жок болорун билдирди. Бул тууралуу ал 20-мартта парламенттин жалпы жыйынында мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутат 1995-жылдан бери Кыргызстанда парламенттик шайлоолор түрдүү ыкмаларда өтүп келгенин белгилеп, соңку 15 жылдан бери партиялык системага ыктаган саясат өзгөрө турганын айтып, муну сынга алды.

“2021-жылы кирген мыйзам партиялык коррупцияны жойгон эле. Тизмеде 100-катардагы талапкер дагы көп добуш алса, утуп келе бермек. Партияга жана талапкерге добуш берүү эң сонун чечим болгон. Муну эмнеге четке кагып жатканыбыз боюнча жооп ала алган жокмун. Мамлекет өнүгүшү үчүн бир системага түшүүсү керек. Биз ары-бери секире берсек туура эмес болот. Азыр партиялык системага өтүшүбүз керек эле. Кыргызстан боюнча эл шайлап, элдик депутат болмокпуз. Азыр эми шайланган талапкерлер аймактык депутат болот. Өзү шайланып келген аймактын маселесин көтөрөт”.

Депутат Эмил Токтошев дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү партиялык системага өтүп жатканын, Кыргызстан мындай чечими менен “артка кетип жатканын” билдирди. Ал азыркы шайлоо системасын калтырып, бир мандаттуу шайлоо округдарда кайра шайлоону жокко чыгарууну сунуштады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Улан Примов бул шайлоо системасын жакшыртуу үчүн сунушталып жатканын белгилеп, депутаттарды сунуш-пикирлерин берүүгө чакырды.

Парламент 90 депутатты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоорун карап жатат. Ага ылайык, өлкө боюнча көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү катары таанылат.

Талапкерлер бирдей добуш алган учурда документтердин толук топтомун эрте берген талапкер жеңди деп эсептелет. Документке ылайык, аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт.

Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мыйзам боюнча айтылып жаткан пикирлерге байланыштуу комментарий берип, долбоор президент менен макулдашылганын айтып, кезексиз шайлоо өтпөй турганын белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG