Польшанын премьер-министри Дональд Туск Украинага аскердик жүк жана гуманитардык жардам жеткирүүдө колдонулган негизги темир жол тилкесиндеги жардырууну "болуп көрбөгөндөй диверсия актысы" катары мүнөздөдү.
Туск 17-ноябрда социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө жардыруу бир күн мурун Варшавадан чыгыш тарапта жайгшкан Люблин шаарындагы темир жол тилкесинде, Украина чек арасынан болжол менен 100 чакырым алыста болгонун билдирди.
"Варшава–Люблин темир жолундагы жардыруу Польшанын жана анын жарандарынын коопсуздугуна багытталган мурда болуп көрбөгөн диверсия актысы", — деди Туск.
Ал тергөө жүрүп жатканын кошумчалап, жардыруу боюнча же анын артында кимдер турушу мүмкүн экени тууралуу башка маалымат берген жок.
Польша жана башка Европ өлкөлөрүнүн жетекчилери көптөн бери Украинага жардам берип жаткан мамлекеттерге каршы Москва "гибриддик" диверсия жана тыңчылык кампаниясын жүргүзүп жатат деп Орусияны айыптап келишет.
Өткөн айда Польша бийлиги Орусиянны пайдасына тыңчылык кылган же чабуул даярдаган деген шек менен сегиз адамды кармаган.
Москва болсо Батыш өлкөлөрүнүн бардык айыптоолорун үзгүлтүксүз четке кагып келет.
Шерине