Бул тууралуу Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо уюму ишенимдүү булактарына таянып билдирди.
Советтер союзунун тушунан бери атайын кызматта жетекчилик орундарда иштеген, соңку он жылдан бери абакта отурган Режепов мурунку президент Сапармурад Ниязовдун оң колу, эң таасирлүү адамдардын бири болгон. Азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийликке келишине чоң салым кошкону да айтылган.
Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, генерал-лейтенант Акмурад Режепов 10-августта каза таап, сөөгү ошол эле күнү туугандарына берилди. Анын зыйнаты 16-августта өттү. Айрым маалыматтарга караганда, Режепов тромбоз оорусунан ажал тапты.
Акмурад Режепов өлкө жетекчилерин күзөтүү кызматын Советтер союзу тарай электе, 1985-жылдан тарта эле башкарган. Түркмөнстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы түзүлгөн Президенттин күзөт кызматын 2007-жылга чейин жетектеген.
2006-жылдын этегинде Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Сапармурад Ниязов каза тапкан. 2007-жылы февраль айында президенттик шайлоодо Гурбангулы Бердымухамедов жеңген жана анын бийликке келишине салым кошкондордун бири Режепов болгону айтылган.
Бердымухамедов такка отургандан көп өтпөй эле Режеповду башка кызматка дайындалганына байланыштуу деген негиз менен кызматтан алган. Бирок ал ошол замат камакка алынып кылмыш иши козголгон.
Режеповго Кылмыш-жаза кодексинин алты беренеси боюнча айып тагылганы жана 17 жылга кесилгени тууралуу маалымат чыккан. Ал жашыруун түрмөгө камалган жана абактын сыртындагылар менен байланышууга такыр уруксат берилген эмес.
2007-жылкы президенттик шайлоодо Бердымухамедовго атаандаш, салмактуу талапкерлер арасында Акмурад Режеповдун да аты аталган эле. Бирок ал шайлоого барган эмес, мындан улам Бердымухамедов менен Режепов жана алардын артында турган кландар өз ара келишти, бирикти деген сөздөр тараган.
Режепов камалганда Бердымухамедов саясаттагы атаандаштарын тазалап жатат деген сөздөр чыккан.
Акмурад Режепов камалгандын эртеси эле анын ошол кезде Түркмөнстандын Дубайдагы элчилигинде кеңешчилик кызматты ээлеген уулу Нурмурат Режепов да камалган. Кийин ал соттолуп, 13 жылга эркинен ажыратылганы кабарланган. Оппозициялык маалымат булактары Режеповдор убагында маркум презиент Ниязовдун миллиондогон акчаларды чет жактардагы банктарга алып чыгуу операцияларын башкарган деп боолгошот.
Соңку кездери Режеповдун аты "Аларды тирүү көрсөткүлө" деп аталган эл аралык өнөктүктө аталып келген. Бул жараянда укук коргоочулар, жарандык активисттер расмий Ашхабаддан кеминде он, он беш жылдан бери түркмөн абактарында отурган, ошондон бери тууган-уругу менен байланышпай дайыны билинбей калган 100дөн ашык өзгөчө туткундар тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан.
Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо борборунун Борбор Азия программасынын директору Виталий Пономарев "Азаттыкка" курган маегинде Түркмөнстандагы адам укугу боюнча абалга да токтолгон. Ал түркмөн абактарында дайыны билинбей жаткан адамдар эң башкы маселе деп белгилеген:
- Борбор Азиядагы ар бир мамлекетте өзүнө гана мүнөздүү айрым проблемалар бар. Мисалы,Түркмөнстанда биздин башкы ишибиз түркмөн түрмөлөрүндө ың-жыңсыз жоголуп кеткендер менен байланыштуу. Бул Түркмөнстанга гана мүнөздүү маселе. Сот өкүмү менен абакка кесилген адамдар 10-15 жылдап үй-бүлөсү, туугандары, жакындары менен жолукпай, алардын берип жиберген нерселерин ала албай, кат жазышып, байланыша албай калган фактылар көп. Алтургай алардын жакындары кайсы түрмөдө экени тууралуу да кабары жок. Эгер түрмөдө каза тапса сөөгү жакындарына берилбейт. Мындай учурлар КМШнын башка өлкөлөрүндө жок. Сөз өтө кеңири тараган, парламенттин мурунку спикери, мурунку тышкы иштер министри өңдүү өтө белгилүү адамдар туш болгон тажрыйба тууралуу жүрүп жатат. Түркмөнстанда алар ушундай жагдайга туш болушкан. Мурунку президент Сапармурад Ниязовдун учурунда башталган көрүнүш азыркы президенттин тушунда деле уланып жатат.
Түркмөнстанда көп жылдан бери абактарда отурган, эч кабары жок кеткен, убагында мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген адамдардын ажал тапкан учурлары буга чейин да болгон. Алардын арасында Чек ара аскерлеринин кол башчысы, генарал Тиркиш Тырмыев, коопсуздук кызматынын офицери Векиль Дурдыев, полковник Аннадурды Аннасахедов жана "Түрмөнстандарттары" мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Байрам Хасановдун да сөөгү түрмөдөн чыккан.