Жогорку сот "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун талапкерлердин кыргыз тилин билүүсүн аныктаган тест тапшыруусуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын карап, анын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал мурдараак БШК конституциялык мыйзамда белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин кыргыз тилин билүүсүн аныктоо үчүн тест өткөрбөгөнүн белгилеп, сотко кайрылган.
"Конституциялык мыйзамдын 59-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз тилин билиши керек, ушундай норма бар. Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызтест" аркылуу тесттерди өткөргөн жок. Ошондуктан сотко кайрылганбыз. Жогорку сот бүгүн карап, кыргыз тилин билбесе эч нерсе болбойт деген чечим чыгарып койду. Бирок бул мыйзамга каршы келип жатат. Бизде көп киши мекенчил болуп сүйлөйт. "Кыргызтесттин" жетекчилери бар, Мамлекеттик тил комиссиясы бар. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тургунбек уулу болуп калган. Өзү ушул мыйзамды кабыл алган болчу. Бирок бул мыйзам эмне үчүн иштебей жатат деген маселени көтөрбөй жатышат", - деди Султанбеков.
Жогорку сот маалымат бере элек.
Буга чейин Султанбеков ушундай эле арыз менен Бишкектин Административдик сотуна кайрылган. Сот талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тастыкталгандан кийин гана каттоону БШКга милдеттендирүү талабына байланыштуу сот арызды кароого жатпайт деп белгилеп, аны четке каккан. Жогорку сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып, Султанбековдун арызын канаттандырган жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы "Мамлекеттик тилди колдонуу жөнүндө" конституциялык мыйзамда депутаттар мамлекеттик тилди билүүсү керектиги жазылганы менен кандай деңгээл талап кылынары жазылбай калгандыктан, тест өтпөгөнүн жүйө келтирип жатат.
Быйыл жайында Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров август айында кол койгон.
Ага ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш.
Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирген. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан.
Быйыл сентябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан-Орусия билим берүү форумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлерге мамлекеттик тил боюнча сынак өткөрүлбөй турганын айткан. Ал "өлкө жетекчилиги келечектеги парламентке көп улуттуу элдин өкүлдөрү да келеринен үмүттөнөрүн" белгилеген. (КЕ)
Шерине