Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Рубио Украина менен Орусия тынчтыкка жетүү үчүн "мунасага келиши керектигин" айтты


Марко Рубио.
Марко Рубио.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина менен Орусияга "татаал, бирок зарыл болгон мунасага" келгенде гана тынчтыкка жетүү мүмкүн болорун билдирди.

"Украинадагыдай татаал жана кандуу согушту токтотуу үчүн олуттуу жана реалдуу идеялар менен алмашуу талап кылынат. Туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн эки тарап тең оор, бирок зарыл мунасага барууга тийиш. Ошондуктан биз бул согушту токтотуу боюнча тараптар сунуш кылган идеяларга негизделген мүмкүн болгон чечимдердин тизмесин иштеп чыгып жатабыз ", — деп жазды Рубио X социалдык тармагында.

"Настоящее Время" медиасы өздүк булактарына таянып жазгандай, АКШ Украинага "Зеленский белгилүү бир шарттарга макул болушу керектигин" баса белгилеген сигнал жөнөткөн.

NBC News өз булактарына таянып АКШ президенти Дональд Трамп бул жумада согушту аяктоо боюнча 28 пункттан турган планды жактырганын жазды. Маалыматка караганда, план украиналык аткаминерлер жана Кремлдин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев менен кеңешүүдөн кийин кабыл алынган. Документ кайсы украиналык аткаминерлер менен талкууланганы так айтылган эмес. Ошондой эле планды иштеп чыгууга Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф, вице-президент Жей Ди Вэнс, мамкатчы Марко Рубио жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышканы кабарланды.

Мунун алдында Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча АКШ сунуш кылган планда Киев айрым аймактардан жана куралдын айрым түрлөрүнөн баш тартуусу камтылганын Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирген. Сунуштардын арасында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын кыскартуу да бар. Reuters агенттигинин булактарынын айтымында, Вашингтон Киев пландын негизги жоболорун кабыл алышын каалайт.

ЖМКлар жазганына караганда, АКШ армиясынын министри Дэниел Дрисколл, армиянын штаб башчысы Дэнди Жорж Украинанын президенти баш болгон жетекчилер менен жолугушат деп күтүлүүдө. Басылма Дрисколл мындан сырткары орусиялык өкүлдөр менен дагы жолугарын маалымдады, жолугушуу кайда жана качан болору айтылган эмес.

Ак үй жана Пентагон сапар тууралуу расмий кабарлай элек. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG